Текебаевдин сотуна Отунбаева келди

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр Дүйшөн Чотоновдун сотуна экс-президент Роза Отунбаева келип, сүйлөдү. Ага Өмүрбек Текебаев менен кол алышып учурашууга сот залындагы аскерлер мүмкүнчүлүк берген жок.

Экс-президент Роза Отунбаева Текебаевдин иши боюнча күбө катары өтүүдө. Бүгүнкү соттук териштирүүдө экс-президент көрсөтмө берери күтүлүүдө.