Медеткан ШЕРИМКУЛОВ: «Кыргыз мамлекеттүүлүгү эч убакта жок болбойт!»

«Тартипсиздик, баш аламандык, ишенимсиздик токтошу керек!»

Чет мамлекеттердин кызуусу канып, табасы толуп, бизди шылдыңдап, күлкүгө айлантып жатканына өзүбүз, бийлик башындагылар жол берип жатабыз. Демек, биз мамлекеттин аброюна сөз келтирүүдөбүз. Ушундай кыйынчылыктан дагы бир жолу аман-эсен өтүп кеттик. Мамлекетибизди жана элдин биримдигин сактап калдык. Элди түндүк-түштүк, батыш-чыгыш деп бөлгөн жокпуз.  «Улуттар арасындагы биримдикти, ишенимди мындан ары да бекем сактап калабыз!» деп эртең биздин бийлик башындагылар да айтышы керек. Эл буга ынанып, өзүндө ишеним пайда болуп, «Менин мамлекетим мени колдойт, ишеним арткан мамлекетимди мен да колдойм!» деген ой-пикир орун алууга тийиш.

«Улуулугубузду дүйнө элине көрсөтүшүбүз керек»

Өлкөбүздөгү кайсы гана улуттун жараны болбосун, алар – Кыргызстандын жараны. Биз кыргызстандыктар үчүн жооп беребиз. Биздин улуу рангыбызды дүйнө элине көрсөтүшүбүз керек.

«Жаштар эч качан күнөөлүү эмес!»

– Кыргыз мамлекеттүүлүгү эч убакта жок болбойт! Бул мамлекеттүүлүк урабайт! Бирок, ошол мамлекеттин ичинде момундай баш аламандык, тартипсиздик – саясий-экономикалык өсүшүбүздү канча жылдар артка таштап, анан кайра эле карбаластап, ошол кетирген кемчилигибизди кайрадан өзүбүз жоюуга убактыбызды, финансыбызды кетирип, экономикалык жактан кыйналып жатабыз. Башка мамлекеттердин катарына кошулуп, жакшы, токчулук турмушка жетпей отурабыз. Бүгүнкү болуп жаткан окуяларыбыздын минус жагы ушул. Эртең дагы «Жаштар күнөөлүү» деп ар түрдүү политологдор, аналитиктер, серепчилер, бийлик башындагылар, сөзсүз бийликтен кеткендер айтып чыгат. Туура эмес! Жаштар эч качан күнөөлүү эмес. Айланайын, жаштар! Биз ушул мамлекеттин пайдубалын куруп, көтөрүп силерге бердик. Колубуздан келишинче жашыбызга карабай, ушул убакка чейин мамлекетке кызматыбызды жасоого аракет кылып келе жатабыз. Бирок, мамлекеттин келечеги, элдин биримдиги, мындан аркы өсүшү – эми силердин мойнуңарга, ийниңерге, жонуңарга түшөт. Элдин биримдигин, ушул мамлекеттүүлүктү сактап калгыла! Күчүңөрдү жалаң эле митингге, тартипсиздикке ж.б. жумшабагыла. Өлкөнү стабилдүүлүктө кармап, ушул мамлекетти куруп, бириктирүүгө, элдин маанайын, кадыр-баркын мындан ары көтөрүп, дүйнөдөгү мыкты мамлекетке, бактылуу элге айландыра турган силерсиңер, айланайындар. Баарыңарга жакшылык каалайм! Мамлекетибизде тынчтык, элибизде биримдик болсун!

Турсунай АБДИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *