Кемел АШЫРАЛИЕВ: «Көңдөй саясатчылар элди адаштырып жатат»

Өлкөдөгү портфель талашуу ырксыздыгына азыр да толук чекит коюла элек. Бирок, кыштын камылгасына, пандемия кесепетине чара колдонуу үчүн кресло кызыкчылыгына бөгөт коюлуп, мамлекеттик иштерге (айрыкча, экономика жагына) көңүл буруу керектиги туш-тараптан жаңырууда.

“Элди дүрбөлөңгө түшүрүү туура эмес”

– Көп жылдан бери эл аралап, бир топ кызматтарды аткарган адам катары калыс оюмду ортого салгым келет. Акыркы учурда Кыргызстанда орун алган саясий кырдаал жалпы элдин тынчын кетирип жиберди. Өткөн эки президент качканда да мындай кыйын кырдаал жаралган жок. Анда шайлоого катышкан саясий партиялардын электораттары бүт көтөрүлүп чыккан эмес.

Тилекке каршы, көптөн бери саясий кызматтарда жүргөн, экинин бири болгон адамдар да бир пикирге келе албай жатканы элге түшүнүксүз болууда.

4-октябрда өлкөбүздө өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо өтпөй калган саясий партиялар эки жаатка бөлүнүп, элдин үрөйүн учурбай, бийлик талашпай, орток көз карашка келип тез арада чечкиндүү кадам жасап, мамлекеттин бүтүндүгүн сактоого салым кошууга милдеттүү.

Азыр эми кызуу кандуу жаштарды козутуп, үгүттөп, кайра-кайра аянтка чыгара берүү, элди дүрбөлөңгө түшүрүп, ар кандай провокацияларды уюштуруу туура эмес.

Саясаттын шайтан оюндары үчүн элди түндүк-түштүккө, уруу-урууга бөлүүнүн кажети жок. Бул үчүн тарых бизди кечирбейт!

“Мыйзам талаасында иш алып баруу – күндүн талабы”

– Парламент убактысы өтүп кетсе да азыр бирден-бир легитимдүү бийлик болуп саналат. Эми Манас атабыздын осуятында айтылган “Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган” ынтымактын негизинде алакандай элибизди туш-тушка бөлүп-жарбай, акыл-эстүүлүк менен, билим, тажрыйба менен “жети өлчөп, бир кесип”, ар-намыстуулукта, мыйзам талаасында иш алып баруу – күндүн талабы.

Чимкирик болсо да, мына бул парламент азыркы тапта туура нукта адилеттүү иштөөсү шарт.

Эгерде парламенттик башкаруу системасы менен кете турган болсок, жаңы шайланып келе турган Жогорку Кеңеш бул жоопкерчиликти өз колуна алышы керек.

“Кылдын учунда, кыйын абалда турабыз”

– Биздеги ит тартыш эмнеден келип чыгууда? Баягы эле көнгөн системада портфель талашуу маселеси калкып чыгат.

Кечээ аянтта жаштардын үнү жаңырып турду. Эми бүгүн аларды ойлогон эч ким жок. Кайрадан өз көмөчүнө күл тартып, баягы эле кызматка тойбогон лидерлер алдыга жулунууда. Ачык эле айтайын, алардын катарында билими төмөн көңдөй саясатчылар да жүрөт.

Ушундай көңдөй саясатчылардын бийлик талашуусу, терс иш-аракеттери элге тарап, туура эмес үлгү көрсөтүп жатканына өкүнөм. Алар элди адаштырат.

Биз азыр кылдын учунда, кыйын абалда турабыз. Эгерде чиновниктерди ушундайча каймактатып коё турган болсок, мыйзамга баш ийбесек бара-бара кайрадан жик пайда болуп, ич-ара граждандык келишпестиктер жаралып, элибиздин тынч жашоосуна өзүнүн кедергисин тийгизет.

“Татыктуу кадрлардын билимин пайдалансак”

– Премьер-министрлик кызматтын кадыр-баркын көтөрүү зарыл. Азыр бул орунга Садыр Жапаровдон да тажрыйбалуу, билимдүү улан-кыздар бар. Ушундай оор мезгилде амбициясы жогору, бир гана портфель кызыкчылыгын алдыңкы орунга чыгарган мансапкорлор эмес, чыныгы кесипкөй адистер дайындалганы туура. Биз алардын билимин ушундай кыйын кырдаалда туура нукта пайданала билишибиз керек.

Жаңы парламент, жаңы президент шайланганча биз алардын калыс жетектөөсүнө муктаж болуп турабыз.

Өлкөнүн карызы алкымга келди. Мындан ары карызыбыз көбөйсө дем ала албай калабыз. Биз азыр кескин начарлаган экономикалык абалдан катуу аксап жатабыз. Ансыз да үшүп-шишип, кыйналып жүргөн экономикабыз пандемиядан кийин ого бетер ылдый түштү.

Андыктан, азыр өкмөттүн курамына макро, микро экономиканы эң жакшы билген кадрлар аба-суудай керек болууда. Амбицияны жыйыштырып, биз алардын иштөөсүнө жол ачып берсек дейм.

Экономиканы көтөрүп, тартипти сактоо – башкы эреже-талап болууга тийиш.

Идиректүү жаштарды ар бир министрликтин структураларына жетекчилик кызматтарга алып келүү абзел.

Учур талабы көрсөткөндөй азыр абдан кыраакылык менен мамиле жасап, кесипкөйлөрдү тартсак.

Жер-жерлердеги бийлик талашуулар дагы эле өз күчүндө. Айтаарым, өлкөбүз эми абийирдүү, ар-намыстуу, билимдүү, тажрыйбалуу кадрлар менен толукталышы керек.

Кошумча ирээтинде белгилесем, өлкөнүн күч стуктурасын бекемдөө керек. Баш аламандык орун алганда ушундай жооптуу кызматты аркалаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин дайыны да жок болду. Ошондо алар кайда жүрдү?! Алардын жоопкерчилиги да каралышы шарт!..

“Чыныгы коррупционерлер кармалган жок”

– Сооронбай Жээнбековдун айланасында күчтүү стратегдер жок болуп калды.

Эл арасында: “президент Матраимовду колдоду” деген сөздөр көп тарап кетти. Өлкө башчы Матраимовдордон алыс болушу керек эле. Алардын партиясы тизмеге киргени – өтө чоң катачылык болду. Чоң ката – чыныгы коррупционер ким экендигин президент так аныктай албай койду. Эгерде миллионердин партиясы шайлоого катышпаганда элде да мынчалык толкундоо болмок эмес.

Бул парламенттик шайлоого өтө олуттуу, жоопкерчиликтүү мамиле керек эле.

Ал эми коррупцияга каршы конкреттүү түрдө күрөш болгон жок. Накта уурулар кармалган да жок.

Турсунай АБДИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *