Өкмөт Садыр Жапаров жүргөн унаада жасалма номер тагылган деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди

Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү премьер-министр Садыр Жапаров Mercedes-Benz G-класс («Geländewagen») үлгүсүндөгү унаага жасалма 01 KG 389 AGP мамлекеттик номерин тагып, шаарды кыдырып жүрөт деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

«Учурда Mercedes-Benz G-класс («Geländewagen») автоунаасына тагылган 01 KG 389 AGP мамлекеттик номери Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине документтештирилген», — деп билдирет өкмөттүн басма соз кызматы .

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *