АКШ Орусия менен өзөктүк келишимди узартууга даяр экенин билдирди

Эгер Орусия өзөктүк арсеналын «тоңдурууга» макул болсо, Кошмо Штаттар стратегиялык чабуул коюучу СНВ-3 куралдарын чектөө жөнүндөгү келишимди «кайсы бир мөөнөткө» узартууга даяр. Бул тууралуу АКШ президентинин куралданууну көзөмөлдөө боюнча атайын өкүлү Маршалл Биллингсли билдирди.

Америкалык дипломаттын айтымында, АКШ менен Орусия келишимди узартуу жөнүндө принципиалдуу макулдашууга жетишти. Азыркы тапта маанилүү деталдарды аягына чыгаруу маселеси турат.

СНВ-3 – өзөктүк куралдануу боюнча эки өлкө ортосундагы акыркы жылдардагы ири келишим болуп эсептелет. Келишимдин мөөнөтү февралда аяктайт. Президент Дональд Трамп бул келишимге Кытай да кошулушу керек экенин билдирип келген. Биллингслинин сөзүнө караганда, президенттик шайлоого үч жума калганда ал бул келишимди кандайдыр бир шартсыз белгилүү мөөнөткө узартууга даяр.

“Биз бул келишимди бекиткенге даярбыз. Чынында муну эртең жасаганга деле макулбуз. Бирок Москва бул үчүн саясий эрктүүлүк көрсөтүшү керек”, – деди Биллингсли.

Келишимди узартуу маселеси өткөн аптада Хельсинкиде өткөн орус-америка сүйлөшүүлөрүндө да талкууланган.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков АКШнын сунушу Москва үчүн ылайыксыз экенин билдирип, принципиалдуу макулдашуу жөнүндөгү сөздү четке какты.

СНВ-3 келишимине 2010-жылы ал кездеги Орусия президенти Дмитрий Медведев менен АКШ президенти Барак Обама Прагада кол коюшкан. Анда өзөктүк куралдарды 1550 даанага чейин кыскартуу каралган.

Служба Новостей Центральной Азии