Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Догоев Дастан Давлетович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.