Жарасул Абдураимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды

Жарасул Абдураимов өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине облустук администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өкүлдү жамаат менен КРнын вице-премьер министри Равшан Сабиров тааныштырды.

Жарасул Абдураимов 1960-жылы 23-февралда туулган.

Белгилей кетсек, буга чейин Байыш Юсупов Оштун губернатору болгон.

«Кабар» МАБ