Сутка ичинде 482 адам коронавирус жуктурса, 127си айыкты. Статистика

Сутка ичинде 482 адам коронавирус жуктурса, 127си айыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте — 73, Ош шаарында — 54, Чүй облусунда — 14, Ош облусунда — 93, Талас облусунда — 7, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 8, Жалал-Абад облусунда — 125, Баткен облусунда — 107 адам илдетке кабылды.

Ал эми акыркы бир күндө Бишкекте — 40, Ош шаарында — 10, Чүй облусунда — 6, Ош облусунда — 41, Нарын облусунда — 2, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 1, Жалал-Абад облусунда — 14, Баткен облусунда — 11 адам айыкты.

Кыргызстанда коронавирусту жалпы 52 миң 526 адам жуктурса, 45 миң 863ү айыкты.

19-октябрга карата COVID-19 илдетинен каза болгондордун жалпы саны 1 миң 111 адамды түздү.

Өлкө аймагындагы стационарларда 2 миң 550, амбулатордук түрдө 2 миң 518 адам дарыланууда.

Сутка ичинде өлкө боюнча 10 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бишкекте 2, Чүй облусунда 2, Баткен облусунда 6 медик коронавируска кабылды.

Ал эми бир суткада стационардан 2, үй карантининен 7 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 544 учур катталды, алардын ичинен 3 166 медкызматкер айыгып чыкты.

«Кабар» МАБ