Өмүргө өмүр кошкон медайым

Медицина кызматкерлерин өмүр сакчылары деп бекеринен  айтышпаган чыгар. Алар өз өмүрүн тобокелге салып өзгөнү куткарганга аракет кылышат. Жаның сыздап, чыдатпай ооруп турган кезде өздөрүнүн шыпаа толгон колу менен аяр кармап дарылашат. Бул кесип ээлеринин моюнунда чоң жоопкерчилик жана адам өмүрүнө жооп берүүчү ыйык милдет жүктөлгөн.

Сүрөт интернеттен алдынды

«Тарс эткен үн чыгып, кулагым укпай, көзүм караңгылап кетти»

5-октябрдын түнүндө ыргытылган таш жарадар митингчилерге жардамга бара жаткан медайым Гүлзарида Кубатбекованын башына тийген. Ал күнү бул окуяга кантип туш болуп калганын бизге айтып берди: «Тез жардам» кызматына киргениме 4 ай гана болгон. Митинг болгон түнү мен нөөмөттө болчумун. Бизди жарадар болгондор чакырып эки жарадарды алып келип ооруканага жаткырдык. Күч кызматкерлеринин бири жаракат алып «Тез жардам» машинесименен аянтка шашып бара жаттык. Саат 20:00дөн өтүп калган. Аскер кызматкерлери менен митингдеги эл топтолуп урушуп жаткандыктан биз өтчү жол жабык экен. Ал жерде 40 мүнөттөй туруп калдык. Машиненин терезе жагында чемоданыбыз бар эле. Жарадардын акыбалы оор болуп калса деп алдын-ала бинтти кесип, даярдап коеюн деп терезенин жанына отурганымда тарс эткен үн чыкты. Үн чыгаруучу граната жарылды окшойт деп ойлодум. Кулагым укпай, көзүм караңгылап кетти. Мени күтүп жаткан жарадарга жете албай, өзүм жарат алып кайра станцияга кеттик».

«Аскерлер элдин адамы аларды урбагыла»

Медайым митинг учурундагы урушту өз көзүм менен көрүп, жарадарларга жардам берип жүрүп, аскер кызматкерлерин ушунчалык аяп кеттим дейт. «Аскер кызматкерлери деле карапайым үй-бүлөнүн, элдин балдары. Алар тынчтык үчүн өз кызматтарын аткарып жатышты. Эң аянычтуусу, элдин баары аскер кызматкерлерин жек көрүү менен сабап жатышты. Аны көрүү мага ушунчалык оор болду. Аскерлер элдин адамы, алар дагы карапайым үй-бүлөдөнчыккан балдар, аларды урбагыла дегим келди»

«Кесибим оор, опурталдуу болсо дагы өзүмө жагат»

Элибиздин башына күтүүсүз келген пандемия апаатында медицина кызматкерлеринин кадырын, баркын, асыл кесиптин ээси ушул адамдар экенин аңдап түшүндүк окшойт. Гүлзарида Кубатбекова да пандемия күчөп турган убакта жанын аябай иштеген. «Пандемия учурунда аябай ызы-чуу, тынымы жок, апааттуу күндөрдү башыбыздан өткөрдүк. Коронавирус менен ооругандар ушунчалык көп болгондуктан орундар жетпей жатты. Ооруканага жаткырып койгулачы деп келгендер көп болду. Мүмкүнчүлүк болсо баарын алып дарылагым келди, бирок орундар, дем алдыруучу аппараттар жетпей жатты. Бизге сактануучу кийимдерди кийүү аябай кыйынчылык жаратты. Себеби ал аба өткөрбөгөндүктөн тердеп, аба жетпей кыйналдык. Аны чечкенден кийин муздак уруп кабырганын арасындагы нервдерге суук тийгизип алдык. Айлык акыбыз чынын айтсам аз. Мен азыр 6-7 миң сом айлык алам. Кесибим ушунчалык оор, опурталдуу болсо дагы ушул акчага кайыл болуп иштеп жатам. Анткени бул кесипти сүйөм, өзүмө жагат. Жумушума бир айдан кийин кайра чыгам. Азыр жакшылап дарыланышым керек.

Асель РАМАНКУЛ кызы, «Кыргыз Туусу»