Вера БЕДЕЛБЕК кызы: “Себелеген жамгыр дагы негедир, Сагынганың мага айткандай шыбырап…”

Вера БЕДЕЛБЕК кызы кыргыз журтчулугуна мыкты журналист катары таанымал. Ошол эле убакта жүрөк кылын дирилдеткен поэзия менен курдаш, муңдаш болуп,  сезимтал жан дүйнөсү ырларга ыктап, ырлар менен уктап, ырлар менен жашаган кыз. “Мындан жыйырма жыл мурда алгачкы ырымды жазыпмын, ошол жылдары алар жаш калемгерлердин “Саамалык” ыр жыйнагына чыккан”, – дейт.

Ал жан дүйнөсүндөгү сезимдерин ырларына төгүп-чачып, агын ак, карасын кара, болгонун болгондой жазган, “сыр жашырбаган” акын кыздарыбыздын бири. Анын ырларын окуп отуруп, сөздүн керемет күчүн сезесиң. Ал жөнөкөй жана жасалмасыз жазат. Өзүнүн ички уйгу-туйгу ойлорун жашырбайт, бирок ошол эле учурда токтоо, жүрөгүн акыл-эсине баш ийдирип, азоо сезимин ашыкча деле билдирип ийбейт. Балким, бул анын поэзияга болгон сүйүүсү менен бирге эле, окурмандар алдындагы жоопкерчилигидир…

Анын ырындагы каарман жан дүйнөсү таза, жашоого оптимизм менен караган, жашоону сүйгөн адам экени акын кызыбыздын ырындагы ар бир сап айтып турат. Вера Беделбек кызынын ырлары окурмандарды кайдыгер калтырбайт деген ойдобуз.

Баш сөздү жазган: Болот ТАШТАНАЛИЕВ, Жыпара ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»

 

 

Балким келдиң

 

Баргым келди сен чакырган дүйнөгө,

Сагынчымды бир өзүңө багыштап.

Себелеген жамгыр дагы негедир,

Сагынганың мага айткандай шыбырап.

 

Төкчү жамгыр жан дүйнөлөр тазарсын,

Кусаланткан сагынычтар тарасын.

Тоодон ылдый соккон салкын жел менен,

Сергитип  өт жайдын ысык абасын.

 

Ошол жылдар мен өзүңдү сүйүпмүн,

Сүймөк турсун жалыныңа күйүпмүн.

Сагынганда жанды коер жер таппай,

Кайсалактап  канча кайра күтүпмүн.

 

Караңгыны жарык сүрүп бараткан,

Балким келдиң эшигимдин алдына.

Карааныңды сезсем дагы калдайган,

Жүрөктү да, сени азапка салдым, а…

 

Унчукпадың, жакшы сөзүң айтпадың,

Түшүнбөдүм неге ойготуп, неге анттиң.

Жолдор арбын биз барчу деп далайга,

Дедиң дагы, кайып болуп канеттиң?..

 

Адамсыңбы, ажалсыңбы билбедим,

Уктабадым, көпкө жаттым, карагым.

Таң шооласы куланөөк атканда,

Терезеден сени издей карадым.

 

Тирүүлүктүн бир күнү

 

Таң агарып жалгыз жылдыз калганда,

Чымчык сайрап, короз дагы кыйкырып.

Иттер үрүп, туш тараптан абалап,

Тирүүлүк эх, кереметин ыр кылып…

 

Кимдир бирөө сүйүүлөрүн жашырбай,

Таңга барып үндөрү араң басылып.

Асмандагы үзүк-үзүк булуттар,

Акырындап бир-бирине биригип.

 

Күндө таңда көчөдөгү шам өчөт,

Кеч киргенде кошуна аны күйгүзөт.

Элдер шашат жумушуна эртелеп,

Айдоочу да элди салат энтелеп.

 

Мына ушинтип тирүүлүктүн бир күнү,

Жашоо үчүн күрөш менен башталат.

Таңдан кечке тыным албай ар бир жан,

Тирүүлүктүн да бир күнүн өткөрөт.

 

Балалык

 

Балалык кез анда такыр башка эле,

Торпок тосуп, кулун байлап желеге.

Кашка-Суунун шыралжыны жыттанып,

Жүрчү элек шимүүк шимип кубанып.

 

Каптал ылдый жолдон далай жыгылып,

Мал тосом деп бутум дагы сыйрылып.

Кашка-Суунун суусун кечип укпастан,

Балалык ай, жүрчү элек тил албай.

 

Мактап койсо ал ансайын жарышып,

Иштин баарын жасаганга ашыгып.

Суу ташыйм деп чака менен булактан,

Ат кулакка тайгаланып жыгылып.

 

Аркы өйүздө үйдөй болгон чоң ташка,

Таштан тизип ойночу элек жаш чакта.

Таңдан кечке оюнга эч тойбогон,

Балалык кез ал да калды арт жакта…

 

Ким элең?

Мезгилди да каалагандай жылдырып,

Бирде жамгыр, бирде карды жаадырып.

Кычыраган кыш чилдени жаз кылып,

Алгансыңбы Күндү дагы багынтып?

 

Ойлонбостон бир өзүңдү сүйүпмүн,

Сен айткандай Күнүң болуп жүрүпмүн.

Жараткандын жазмышы деп баш ийип,

Жалгыздыкта күн өткөрүп жүрүпмүн.

 

Бул жашоодо капыс сага жолуккам,

Алоолонгон жалыныңа кабылгам.

Кыялдарым алып учуп өзүңө,

Сезимдердин сересине багынгам.

 

Мезгил кетти ал сезимди сапырып,

Аязына чыйрыктыра калтырып.

Барган сайын алыстады арабыз,

Ал сезимди кайыктыра калтырып.

 

Сен дегенде

 

Сен дегенде селдей агып көз жашым,

Жамгыр болуп сагынычым сага айттым.

Кыш күндөрү аяз болуп мен барып,

Булуттарды шамал болуп айдадым.

 

Чыйрыктыра кээде сени үшүтүп,

Ысытам деп жалыныңа мен күйдүм.

Жаз күндөрү нөшөр болуп төгүлүп,

Шүүдүрүмдө бир өзүңдү мен күттүм.

 

Жай саратан күндүн ысык аптабы,

Өтпөсүн деп булут койдум үстүңө.

Жаз айлары сүйүүм менин келет деп,

Кусаланып көпкө дейре мен күттүм.

 

Саамайларың таңкы желге сылатып,

Эшигиңде басып жүрсөң жандадым.

Капысынан чоочутпайын деп ойлоп,

Байкатпастан бир өзүңдү мен сүйдүм…

 

Жараткандан сурайын

 

Жакшы күндө жолукчу деген сөзүң,

Ойго салып өткөндү эстеткенин.

Сезбестен адатыңча күлө багып,

Жүргөндүрсүң башканын багын ачып.

 

Кыска өмүр ансыз да өтөөр кетер,

Кайрылбастан бир саамга көз ирмемдер.

Кез келгенде капилет учурашып,

Биз жүрөрбүз жөн гана тааныштардай.

 

Күндөр өттү, айлар жылга алмашып,

Далай жолу түшүнгүн деп кайталап.

Сөздөрүңдү укмаксанга мен салып,

Басып кеттим жан дүйнөмдү сыздатып.

 

Башкалар да сенден мени талашып,

Ар амалын улам мага жасашып.

Жан дүйнөдө тынчтык болор деп ойлоп,

Мен да аргасыз алар жакка ык алып.

 

Бул жашоонун ыраатынын кандайын,

Жараткандан мен аныгын сурайын.

Адамдарды сүйүп анан Күн дагы,

Андан кийин жылытабы бүт баарын?

 

Жамгыр дагы сүйүүнүн көз жашындай,

Жааган сайын жан дүйнөнү тазартат.

Көктө каалгып, түрмөктөлгөн булуттар,

Кээде асманга адам атын жазышат.

 

Ким бар дейсиң түркүк болор дүйнөгө,

Билинбестен мен да бир күн өтөрмүн.

Бирде ысытып, бирде үшүтүп ызгаарга,

Аябасаң анан кантип түтөм мен…

 

Кечирчи Кудай!

 

Кечирчи Кудай, адамзатты кечирчи,

Жер бетинен бул илдетти кетирчи.

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салбастан,

Кайрып берчи жай турмушту, өмүрдү.

 

Адамзатка таажыңды сен кийгизип,

Канчалаган өмүрлөрдү өчүрдүң.

Балдарын да, алган жарын томсортуп,

Жакындарын жоготушуп боздошуп.

 

Кечирчи Кудай, адамзатты кечирчи,

Теңдеши жок экениңди билгиздиң.

Чөгөлөттүң адамзатты заматта,

Сездик, билдик, өктөмүңдү, күчүңдү.

 

Кечирчи Кудай, жаза басып тайганды,

Жер бетинде каарыңа калганды.

Пенделиктен сөздөрүнөн жаңылып,

Өзүлөрүн Кудай сезип алганды.

 

Көчөлөргө жаштар болбой чыгаттыр,

Жаратканым өзүң жалгап сактай жүр.

Уулдары меникиндей тентектир,

Бир укса, бирде укпастан кететтир.

 

Башкача

 

Азыр жашоо мурдагыдай болбостон,

Адамдар да, заман дагы башкача.

Ачууланып таңдан кечке шамал да,

Айдаймын деп булуттарды убара.

 

Оо, мезгил сен нени гана кылбадың,

Жашоону да, адамды да өзгөрттүң.

Жүрчү элек го биз кубанып кайгырбай,

Жашаш үчүн беткап деле тагынбай.

 

Жанга өткөн ызгаар шамал уулубай,

Жакшы айтып көңүлүм да буулукпай.

Жашачу элем эч нерседен бейкапар,

Жакындардан бөлүнбөстөн жаркылдай.

 

Алдуулары алсызарын басынтып,

Адамзаты чектен чыгып бараткан.

Аруулукту, табигатты тепселеп,

Акыл-эстүү адамдыгын унуткан.

 

Кыяматтын келери чын бир күнү,

Кыйнап улам адамзатты эскертип.

Канча өмүр калгандыгын ким билсин,

Кыйгап өтпөй кары-жашты ылгабай.

 

Жашайын

 

Жактырбасың миң кайталап айтсаң да,

Жаркылдап мен кейибестен жашайын.

Жок кылам деп канча аракет кылсаң да,

Жок болбостон ого бетер жашайын.

 

Сүйөрүңдү башкаларды билсем да,

Сыр алдырбай билмексенге салайын.

Жакындарым экендигин эске албай,

Жактырсаң да эч кайгырбай жашайын.

 

Мейли сүйбө, жакшы ырлар арнайын,

Сөздөрүңдөн маанайыңды байкайын.

Тагдырың деп тайгак жолго салсаң да,

Тайгаланбай бул турмушта жашайын.

 

Бир өзүңө ыр багыштап жазайын,

Көөдөндөгү сырды ырга салайын.

Көңүлүмдү чөгөрбөстөн көтөрүп,

Бу өмүрдө өкүнбөстөн жашайын.

 

Жолугууну самабасаң барбайын,

Жолтоо болуп убактыңды албайын.

Бир кездеги сезимимди аздектеп,

Коштошсом да жүрөккө бек сактайын.

 

Уулума

Жашоомдогу жан уулум,

Жандай көргөн кулунум.

Таянарым, жөлөгүм,

Бар байлыгым бир өзүң.

 

Өйдөлөсөм өбөгүм,

Ылдыйласам жөлөгүм.

Тайгалансам жашоодо,

Таянарым бир өзүң.

 

Узун болуп өмүрүң,

Ачык жүрсүн көңүлүң.

Ар качан мени кубантып,

Амандыкта сен жүргүн.

 

Ден соолугуң бек болсун,

Бакты-таалай коштосун.

Баар таап жашоодон,

Бактылуу өмүр сүргүнүң.

 

Жан кейитпей жашоодо,

Жакшылыктар жандасын.

Жалгызым бир өзүңдү,

Жаратканым жалгасын.

 

Бирде өйдө, бирде ылдый,

Ызгаары дайым коштогон.

Өөмал-төкмөл жашоодо,

Сен бар үчүн мен бармын…

 

Жамгыр төктү

 

Күн күркүрөп жаркылдап,

Жаады жамгыр шатырап.

Карагай, кайың, арчалар,

Жашара түштү жаркырап.

 

Чагылган да чартылдап,

Тарсылдады туш тарап.

Көргөн жанды таңдантып,

Ал ансайын жаркылдап.

 

Табияттын сыры укмуш,

Теребел желге сеңселип.

Терезеден адамдар,

Тиктеп турду жарданып.

 

Кыялындай жаш баланын,

Кайра ачылды жаркырап.

Ушундай да болобу деп,

Уулум сурайт таңыркап.

 

Кудайга

 

Бирде тилдеп, бирде кайра табышып,

Билинбестен өттү жылдар арадан.

Мени жандай эргүү бердиң жаздырып,

Жалгыз жанга өзүң гана жар болуп.

 

Кээ учурда чалкып жаткан деңизден,

Адамдарга сырдуу аян бересиң.

Канчалаган тагдырларды сен коштой,

Жашоосунда муза болуп келесиң.

 

Бирде ысытып күлүп чыккан Күн болуп,

Бүт баарысын мээримиңе бөлөйсүң.

Бирде үшүтүп ызгаар менен аязга,

Бир заматта Ай Ааламды тескейсиң.

 

Теребелге жамгыр болуп төгүлүп,

Табиятка суктанарлык көрк берип,

Тирүүлүккө үмүт менен дем кошуп,

Өмүрлөрдү алга сүрөй күч берип.

 

Сүйүү болуп бакты бердиң далайга,

Кармай албай кээси калды арманда.

Байлык берип кай бирине дүйнөдө,

Бакдөөлөттүү өмүр бердиң жалганда.

 

Бирде асман, ачуулансаң түнөрүп,

Булуттардай кабак каштар бүркөлүп.

Булуттарды түрө айдап заматта,

Бүт баарысын шамал менен сапырып.

 

Айтканымды аткарбады адам деп,

Адамзатка ааламатты жиберип,

Алып кеттиң канчалаган өмүрдү,

Адамзатын муңга салып кайгыртып.

 

Кумурсканын буту сынбас өзүңсүз,

Өмүр берип, тирүүлүккө жараткан.

Ошондуктан Кудай деген ар адам,

Бир өзүңдү Жараткан деп атаган…

 

Апама

 

Үйдө жашап атамдын бир эжеси,

Апа дешсе мен да аны апа деп.

Бала чакта билбептирмин энөө кез,

Ойлонбостон өз апамды жеңе деп.

 

Апакем ай, пейилиң сенин кеп кенен,

Баарыбызга мээрим бердиң тепе тең.

Айылга барсам атамды айтып эскерип,

Бир саамга тунжурайсың ойлуу сен.

 

Жаш кезиңде жоолук бекем байланып,

Күрөң уйдан чака чака сүт алып.

Бээ да саап, казанга сүт бышырып,

Бардык иште ыкчам элең өзүң сен.

 

Бээ сааганда кийчү аппак халатың,

Кымыз анан сен жыттанып турчу эле.

Мезгил кетти ал күндөрдү сапырып,

Элестерин эс туюмда калтырып.

 

Барган сайын улгайганың көргөндө,

Ал күндөрдү эстей берем эскерип.

Узак жашап бактыбызга аман бол,

Уул-кызыңдын урматына бөлөнүп.

 

Байыр алдым

Шашылба, шаштырбачы, оо Жараткан,

Койнуңа мени кошо сен катканга.

Даамын татып калдым бул жашоонун,

Танбаймын кетким келбейт моюн суна.

 

Күн өтөт, билинбестен өмүр өтөт,

Кубаныч, үмүт, кайгы баары кетет.

Көр тирлик үчүн болгон күрөш,

Ал дагы мени менен кошо бүтөт.

 

Жалгыздык байыр алдым мен өзүңө,

Сен дагы көндүң окшойт көңүлүмө.

Кубаныч сезимдердин бүт баарысын,

Алдыңбы баш ийдирип бир өзүңө.

 

Жалгыздык жанга батат ар секундуң,

Кыйнаба, бул жашоого бир жаралдым.

Бүлүнгөн жан дүйнөмдү эми аяп,

Сыр бербей эл катары жашап калдым.

 

Жалгыздык сени менен кырлар аштым,

Эчендеген мен тайгак жолдор бастым.

Бакты издеп бу жашоодо мен жаңылып,

Далай жолу кайыккан күндө калдым.

 

Ай жалгыздык, жалгыздык жанга баттың,

Кыйын кезең күндөрдө коштоп алдың.

Жүрсөм да дос, туугандын арасында,

Көлөкөдөй сен ээрчип жандап алдың…

 

Балалык

 

Эски коньки бар эле бир

үйдө турган,

Эжем аны алып келген кайдан

билбейм.

Кыш айлары муз тоңсо

Чоң арыкка,

Аны байлап муз тебем деп

ойлоп жүргөм.

 

Чоң арыктын музу анда

көпкөк эле.

Айылга кетип үйдө да эч ким

жок эле.

Жыгылсам жумшак болоор

деген ойдо,

Көрсөтпөстөн жаздык алып

чыккан элем.

 

Ай балалык, балалык кайдан

билгем,

Бекем бууп жаздыкты белге

байлап.

Бутка кийип конькини муз

тебем деп,

Чалкаман бир жыгылганым

эсте калган…

 

Эски там

 

Чоң арыктын үстүндөгү эски там,

Барган сайын көңүлүмдү бурдурган.

Балалыгым, баео кезим өткөн жер,

Азыр көчүп, дубалдары кулаган.

 

Башка үйгө көчүп кетип ата-энем,

Аркы өйүздө калып калган эски там.

Жамгыр менен кар да жааса кулабай,

Дубалдары бышыктыгы ай урабай.

 

Көзгө жылуу учурайт ал дубалдар,

Балалыкты сагындырып эстеткен.

Айылыма барганда көзүмдү албай,

Суу жээкте отурам көпкө карай.

 

Оо, ал үйдө биз жашап турган чакта,

Башкача эле айлана да, адамдар да.

Кийиз жасап кошуналар, кемпирлер,

Сүр кайнатып ал акыбал сурашкан.

 

Кемпир кезек кубаттаса балдарды,

Ал ансайын балдар чуркап жарышкан.

Бири-бирине атаандаша кийиз тээп,

Кечке чейин суй жыгылып кулашкан.

 

Бир өзүңдү сүйдүрүп

 

Башкаларга бир өзүңдү сүйдүрүп,

Жүргөндүрсүң адатыңча күйдүрүп.

Жакындары экендигин эске албай,

Билгизбестен ар бирине гүл сунуп.

 

Адатыңча атын жазып асманга,

Жылдыз тагып жакасына, бактына.

Улам бирин алмаштырып башкага,

Жүргөндүрсүң тагдырың деп таарынба.

 

Сени сүйүп эчен жандар эргиген,

Толкуп ташып сезимдерге берилген.

Айрымдары сенсиз жашоо өтпөстөй,

Кусалыктын зардабына кептелген.

 

Түшүнө албай ким экениң далайлар,

Өрттөнүшкөн махабаттын отуна.

Бир сен үчүн канча жандар кыйналган,

Бир сен үчүн канчалары ыйлаган.

 

Кай бирине эргүү берип сен коштоп,

Кеткендерин куса болуп сен жоктоп.

Ырга салып сүйүү менен өмүрдү,

Жүргөндүрсүң ар бирине ыр курап.

 

Эргүү коштоп далай ырлар жазылып,

Жакшы тилек, жакшы сөздөр айтылып.

Жүрөктөрдү сезим менен жылытып,

Тирүүлүктүн жолун улай дем берип.

 

Бирде сүйүп, бирде сүйбөй сагынтып,

Канчаларды зарыктырып калтырып.

Жүргөнүң чын мени дагы сүйдүрүп,

Келеби деп кээ күндөрү күттүрүп.

 

Агайыма

 

(Сулайман Кайыповго)

 

Айкөл мүнөз калыбынан жазбаган,

Турпатыңыз кан Бакайдай келишкен.

Аттуу-баштуу аткаминер адамдар,

Сүрүңүздөн даап сүйлөй албаган.

 

Салабаттуу, сабырдуу да, акылман,

Агайымды ардактаймын дайым мен.

Билим алган бардык жаштар андагы,

Нарк-насилдүү кебиңизди тыңдаган.

 

Бала кезден агайым деп сыйлагам,

Таасирленип таалим алып жаш чактан.

Айтаар сөздү көздөрүнөн байкаган,

Кеңеш айтып туура жолго баштаган.

 

Сиз айткандай жүз жашка мен чыкканда,

Ошол тойдун төрүндө сиз болуңуз.

Узак жашап элиңиздин багына,

Урмат-сыйга бөлөнүп сиз жүрүңүз.

 

Сиздей адам кыргызда бир жаралат,

Чындык менен калыстыкты туу туткан.

Көралбастар байкамаксан болушуп,

Билип туруп сизден кызмат талашкан.

 

Өрнөк болуп басып өткөн жолуңуз,

Үлгү алып, өзүңүздөн үйрөндүк.

Сиз окуткан ошондогу жаш балдар,

Кадыресе киши болуп калышкан…

 

Негедир

Караңгы түн, отурам жылдыз

карай,

Тагдырдын жазмышын мен

көтөрө албай.

Бейкапар мелжип жаткан көк

Теңир да,

Негедир бери кел деп

чакыргандай…

 

Кылыгынан адамдардын

тажаганда,

Кетким келет ак булутту

аралай.

Кээ күндөрү өзүмө-өзүм

жакпаганда,

Кетким келет каяккадыр

кылчайбай.

 

Негедир сабырым суз,

көңүл да жок,

Көөдөнгө уюп алган

кайдыгерлик.

Көөнөргүс бу өмүрдүн

өкүттөрү,

Көшөрүп ал ансайын коштоп

алган.

 

Жактырбай көпчүлүктү

шаңкылдаган,

Жашоодо жалгыздыкка

көнүп алгам.

Ойлордун тизмегинде

сапырылган,

Жол таппай, кыял менен

жашап калгам…

 

Кел дейсиң

 

Өзүмө эле кел дейсиң,

Өктөм сүйлөп тилдейсиң.

Өзгөлөрдү жолотпой,

Өзүңчө эле жиндейсиң.

 

Алып кетем сени деп,

Ай, айманды чапчыйсың.

Ак булуттун үстүнөн,

Ашыгыңды аңдыйсың.

 

Ачууланып кээ кезде,

Келбейсиң деп тилдейсиң.

Керегиң жок сенин деп,

Келбейм эми мен дейсиң.

 

Күткөнүм менен келбейт деп,

Жердин бетин сапырып.

Бирде жамгыр, бирде кар,

Баарын кошо жаадырып.

 

Бозоруп турган мунарык,

Чексиздикке узарып.

Чимирилген жашоонун,

Убактысы кыскарып…