Чыныбай Турсунбеков таланттуу акын, жаратман ишкер, улутман саясатчы

Акын, котормочу, ишкер, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыныбай Турсунбеков менен СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде катар окуп калдым. Биз университеттин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 1-курсуна келгенде, ал акыркы, 5-курсунда экен. Студенттер, асыресе “Жаш толкундар” адабий ийриминин мүчөлөрүнүн арасында акындык таланты узун сабак сөз боло, ар бир жазган ырын тамшануу менен окуп, ырларын жатка айтып, кичүү муундагы калемгерлер ага “Чыныбай байке” деп урмат жана сый менен кайрылар элек.

Чыныбай Турсунбеков акыркы он жылда кыргыз саясатынын чок ортосунда жүрдү. Ага чейин узун элдин учуна, кыска элдин кыйрына иш билги, ийгиликтүү ишкер катары таанылды. Арийне, мен үчүн, менин калемдештерим, досторум үчүн Чыныбай байке таланттуу акын жана чыныгы адам бойдон кала берди.

Ал 2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо мамлекет башчылыкка талапкерлигин коюуга ниетин билди- рип, кыргыз интеллигенциясы, асыресе акын-жазуучулар жана айрым партиялаштары тараптан колдоо болгону менен, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин текеберлиги жана КСДП партиясындагы айрым күчтөрдүн кутумчул иш-аракеттеринен улам, ал өз оюнан кайтканы эсимде. Ал учурда Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болчу. Ошол күндөрдө КСДП ич ара ичинен ирип, аябай эле саясий оюндар болду. Чыныбай байке да эр экен, көшөрүп, акыр-аягына чейин турду. Бирок, Атамбаев тегереги жана КСДПнын саясий кеңеши жеңип кетти.

Ал күндөрдөгү окуяларга тарых далай жолу өз баасын берет. Биз, карапайым эл, кыргыздын коомчулугу билген жалгыз чындык – Чыныбай Турсунбеков саясатка аралашкан он жылда акыйкат үчүн жалтанбай төшүн тосуп, чыркыраган чындыкты коргоп, А.Атамбаевге болобу, башкасынабы, каш кайтарып, эч коркпостон, кара башынын камын ойлобостон калыс жана акыйкат сөзүн айта алган саналуу саясатчылардан болду. Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын үстүнөн кара булут айланып, фракция лидери Ө.Текебаевге кылмыш иши козголгон мезгилде да, ал акый- каттуулугунан, калыс позициясынан тайган жок. Президент А.Атамбаевди саясий оппоненттерин куугунтукка албай, сотторду “Мегаком” айланасындагы ишти мыйзам чегинде кароого чакырды. Ал мына ушул артына кайтпаган көкжалдыгынын айынан А.Атамбаев менен мамилеси сууп, анын кыйыгына калды. Ч.Турсунбековдун чындыкты тарс эттире бетке айтып, калыс позицияны карманганы үчүн каарданган Алмазбек Атамбаев аны кекээр менен “Чыныбай Чиркешович” деп атаганы да саясатчылар арасында айтылып келет. Мүмкүн, ошон үчүн да А.Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасы Ч.Турсунбеков мамлекет башчылыкка талапкерлигин коюуга ниетин билдиргенде, аны колдобой, КСДП аркылуу өзүнүн досун алып чыгып, шайлоодон кийин, аны төрагалык кыз-маттан оодарып түшкөндүгү ошондон чыгар.

Кайтаар дүйнө дейт, кийин А.Атамбаевдин башына каран түн түшкөндө, кайра эле калыстыгынан, акыйкат жолунан тайбаган Ч.Турсунбеков баягысындай эле калыс сөзүн аяган жок. Ага карата ар кандай чагым сөздөр айтылып, ал түптөгөн бизнеске байланыштуу коркутуулар болгондугуна карабастан, өз позициясында акыр аягына чейин турду. Кечээ эле А.Атамбаевдин жанында сагалап, этегинен өөп жүргөндөр аны сатып кеткенде, ал гана сатпады. Коркподу.

Эки достун достугу кандай аяктады, анын акыр аягы Кыргызстанды кандай саясий жана экономикалык кризиске алып келип такады, аны бүтүндөй дүйнө жүзү көрдү. Ушул бүгүн акыркы 3-4 жыл аралыгындагы өлкөбүздүн коомдук-саясий турмушунда болуп өткөн саясий окуяларга сереп сала отуруп, эгер 2017-жылы президенттик шайлоого Чыныбай Турсунбеков катышып, мамлекет башчысы болуп калганда, экономикабыз өнүгүп, А.Атамбаев да түрмөгө түшпөй, быйылкы парламенттик шайлоо да мыйзам чегинде өтүп, Кыргызстан 6-9-октябрдагыдагыдай саясий кризис да болбойт беле деген ойго кетесиң.

Себеби, ал иш билги ишкер, дасыккан саясатчы, мамлекеттик ишмерден мурда чыныгы адам эле. Чыныбай байкенин бийик адамгерчиликтүү, достукка бекем, адамдык баалуулуктарды баарынан жогору койгон, досторуна, тааныш-бейтаанышка колун сунуп, жарыгын чачкан, колу ачык адам болгону аны тааныгандардын эсинде түбөлүк кала берет. Чыныбай Турсунбековдон кара кылды как жарган калыс, чындык үчүн күйүп-жанган, адилеттүүлүктү жана мыйзамдуулукту, адамгерчиликтүүлүктү бийик койгон журт башчысы чыкмак. Анын досу Кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин: “Чыкемдин бизден да жакшы көргөн жанкурбусу бар эле – Чындык деген! Башкадан алыстаса да, Чындыктан эзелим алыстабайт болчу! Башканы кой, бизнесте, башканы кой, саясатта Чындыкты жанынан чыгарбаган-да – таазим кылып, тан бердик! Чыныбай дагы – Чыке болчу, Чындык дагы– Чыке болчу!”

Чындык бар жерде Эмгек, анан Жөн өкөйлүк сөзсүз бирге болот экен. Аны дагы Чыныбай Акуновичтен улам байкадык. Карапайым үй-бүлөдөн чыккан кара тоголок бала Чындык, Эмгек, Жөнөкөйлүк аркылуу калың элдин сыймыгына айланды!” деп айтканында калет жок.

Ал карапайым элге күйүмдүү мамлекет башчысы болмок. Акындар Алик Акималиев, Барчынбек Бугубаев баштаган ондогон чыгармачыл адамдар Чыныбай байкенин жакшылыгын айтып түгөтө алышчу эмес. Акын-жазуучулардын жоон тобу ай сайын каптап алган ак унун айтпаганда, жылына 10-15 миң сом тегерегинде бир же эки жолу жардам алып турушканын билем. Таланттуу акындар Барчын Бугубаев менен Алик Акималиев эч жерде иштебей, жалаң чыгармачылык менен иштеп, ыр жазгандарынын сыры ушунда болчу. Ошол жылдары менин “Кыргыз Туусундагы” алган бир айлык айлыгым миң сом эле. “Барчын, сен, Чыныбай байкеден мен бир жыл иштеп тапканды бир күндө алып жатасың. Ал бул акчаны сенин талантыңды сыйлап берип жатат. Эми ошого татыктуу ырларды жаз” дечүмүн Барчын досума. “Ээ, Боке, мен да ошону ойлогондо, түнү уктабай ыр жазып чыгам” дечү Барчын. Биз, Барчын Бугубаев, Дүйшөн Жапаров болуп СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетте катар окудук. Чыныбай Турсунбеков, Кожогелди Култегин бизден жогорку курста окуп, жылдыздары жанып турганы эсимде. Алар 4-5-курста окуп, чыгармачылыгы, адамгерчилиги менен студенттер арасында кадыр-баркы бийик эле. Чыныбай байке Барчын менен дос болбосо да, анын акындык талантын сыйлап, минтип колунан келген жардамын берип, колдоо көрсөткөнү анын айкөлдүгү, жоомарттыгы гана эмес, улут адабияты үчүн күйгөн мекенчилдиги, эң башкысы бийик адамгерчилиги десем да болот. Акын Алик Акималиев да досу Чыныбай Турсунбеков менен дайыма сыймыктанар эле. “Чыныбайдан ун алышым керек эле. Барсам, отурган экен, “Унду жонума салып көтөрүп кетмек белем” десем, колума миң сом карматты да, айдоочуларына айтып жеткиртип койду” деп жаш баладай барбалактап сүйүнүп: “Чыныбайга айтып, сени да бекер ун алчулардын катарына киргиздирип коеюнбу”, – деп кошумчалап, Чыныбай үчүн айрым маселелерди өзү эле “чече” салчу. “Алик байке, менин да тегирменчи досторум бар. Ун керек болсо, ошолордон алам”, – деп кутулчумун андайда. Чыныбай байке акын Алик Акималиевге ундан эле жардам берген жок. Жыл сайын бир же эки жолу 10-15 миң сом акчалай да жардам берчү. Китептерин басмадан чыгарууга да акчалай колдоо көрсөттү. Чыныбай Турсунбеков тууралуу маалыматтарды чогултуп жатып, ал акын-жазуучуларга, интеллигенция өкүлдөрүнө аябагандай көп материалдык жардамдарды бергени тууралуумаалыматтарды жолуктурдум. Мындан беш жыл мурда жоон топ журналисттер Чыныбай Турсунбековду коштоп, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылына барып калдык. Айылдын чок ортосунда жайгашкан эки кабат үйдө жашагандардын көбү майыптар экен. Ал депутат катары ун, май ж.б. азыктардан ала барган экен. Жардамчылары аларды таратып берди. Аңгыча бири акчалай жардам сурады эле, жардамчысын чакырып, дароо 15 миң сом санап берди. Мына ошондо анын колу ачыктыгына дагы бир жолу өз көзүм менен күбө болдум. Алик Акималиев, Барчын Бугубаев бекеринен мактабаптыр деп ойлодум.

Арийне, ал кайрымдуулук иштерин эч качан эч жерде айтчу эмес. Сыягы, ал ким бирөөгө жардам бергенин кадыр-колко кылганды жактырбаса керек. Кызы Айдай Турсунбекованын: “Атам, «миллионердин миллион карызы болот» деп айтчу эле” дегенинде Чыныбай байкенин адамгерчилигинин, айкөлдүк касиетинин сыры жатат. Эгер Чыныбай Турсунбеков мамлекет башчысы болуп калганда, карапайым адамдарга жакын, карамдуу, кайрымдуу жана боорукер эл башы болмок дегенимдин жүйөсү мына ушунда. Ал башкача жаралган адам болчу. Анын адамдык улуу касиеттери күн өткөн сайын көзүбүзгө даана көрүнүп, анын жоктугуна ичибиз ачышып, көкүрөк эңшерилип турат. Чыныбай байке өлбөй турган адам эле. Эгер ал бүгүн да тирүү болгондо, бүгүнкү кыйын кысталышта элине жол көрсөтүп, саясатчы досторуна калыс сөзүн айтып, акыйкат тарабында турмак.

Чыныбай байке акын жана адам катары менин эсимде көбүрөөк калды. Анын алгачкы ырлар жыйнагы менин китеп текчемдин эң сыйлуу жеринде турат. “Сен мага досуңдун ким экендигин айтсаң, мен сенин ким экениңди айтам” демекчи, кайсы гана акынды окуба, анын ырлары акындын ким экенин айтып турат. Акын Чыныбай Турсунбековдун ырларынан да бийик адамгерчилик, жөнөкөйлүк, аруулук, кеменгерлик, калыстык, мекенчилдик сезилип турчу.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”