Түбөлүк ынтымак, түгөнгүс ырыскы жылоолосун

Куттуктоо

Кыргызстанда ар жыл сайын 26-октябрь жергиликтүү жамааттардын күнү болуп белгиленип келүүдө. “Жергиликтүү жамааттардын күнүнө” карата КРнын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору өлкөдөгү кесиптештерин куттуктады.

 Урматтуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана  жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери! Сиздерди Өкмөткө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин жамаатынын жана өзүмдүн атымдан кесиптик күнүңөр менен куттуктайм!

Баарыбызга белгилүү болгондой, 1991-жылдын 19-апрелинде мамлекетибиздин тарыхында алгачкы жолу “Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Андан кийин 2003-жылдын 6-мартында ошол кездеги Өкмөттүн токтому менен ар жылдын октябрь айынын акыркы жекшенбиси  Кыргызгызстанда “Жергиликтүү жамааттар күнү” болуп белгиленгени маалым. Мындай жагдай жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы өлкөбүздө конституциялык түзүлүштүн бирден бир негизи экенин көрсөтүп, Конституцияда атайын берене менен тастыкталган.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзам аркылуу чоң укуктардын берилгени өлкөбүздө демократиянын өнүгүп жаткандыгынын дагы бир күбөсү. Бүгүнкү күндө элдин көйгөйлүү маселелери жеринде чечилип, өлкөнү өнүктүрүүгө ынгайлуу шарттар түзүлүүдө. Учурда өлкөбүздү каптаган коронавирус илдети менен талыкпай күрөшүүдө, ошондой эле жер-жерлерде коомдук саясий абалды турукташтырууга сиздердин кошкон салымыңыздар баа жеткис десем жаңылышпайм. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жарандык коомдун ажырагыс бир бөлүгү болуп калды. Биздин кесиптик күнүбүз өз шаарын, айылын чындап сүйгөн, ага колунан келген бүт жардамын аябаган ар түрдүү кесиптеги, курактагы, саясий көз караштагы адамдардын биримдигинин майрамына айланды. Ошондуктан бүгүнкү майрамды жалпы элдин майрамы десек туура болот.

Урматтуу жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери жана кадырлуу мекендештер, сиздерди Кыргыз Республикасынын жергиликтүү жамааттар күнү менен чын дилимден куттуктайм. Өлкөбүздүн өсүп-өнүгүүсү үчүн саясий туруктуулукту, тынчтыкты, биримдикти тилейм. Республикабыздагы көп улуттуу ар бир үй-бүлөнү кеткис ынтымак жылоолоп, бөбөктөрдүн шыңгыр күлкүсү рахматка бөлөп турсун. Баарыңыздарга түгөнгүс ырыскы, асманыбыздын ар дайым ачык болушун тилейм.

Бахтияр Салиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин директору