«Мурункулардын бири-бирине ич тардыгы, азыркылардын поэзияны шоуга айландырганы жакпайт…»  

– Алло, Элмира, саламатсыңбы? “Кыргыз Туусунун” “Күтүүсүз коңгуроосу” тынчыңды алып жатат. Эмне иш менен алектенип жаттың эле, жолтоо болгон жокпузбу?

– Саламатсыздарбы? Эфирден чыгып, эми үйгө кайтайын деп камынып жаткам.

 – Эфир демекчи, кесибиңе байланыштуу акын-жазуучулар менен менен маектешип, адабияттын кечекиси менен бүгүнкүсүн анализдеп турат эмессиңби. Көркөм өнөрдүн бул тармагы азыр кандай акыбалда?

– Мен адабиятчы эмесмин го. Бирок акын- жазуучу, адабияттын ишмерлери менен баарлашып, уктурууларды уюштуруп, адабий процесске такай көз салып келем. Баамымда, улуу муундагылардын көпчүлүгү кийинкилерди окубайт, окуса да жактырбайт, кабыл алгысы келбейт. Дагы бай-каганым – мурункуларда тымызын бири-бирине болгон ич тардык бар. Бирин-бири окушпайт. Бул эми пендечиликтир. Бирок жакшы менен жаманды мезгил өзү иргейт экен. Чынын айтканда, канчалаган “кирпич” романдар окулбай калды. Саясат жыттанган кайран гана китептер. Ошолорду кантип гана эрки жетип жазышкан деп ойлой берем. А болбосо, алакандай аңгеме жазыш кандай азап? Мезгилдердин элегинен өткөн чыныгы чыгармалар гана адабияттын байлыгы болуп кала берет экен.

 – Ал эми жаш муундар кандай келе жатат?

– Азыр таланттуу жаштар көп. Поэзияда да, прозада да жайнап чыгып атат. Арасында өзгөчө стили бар, башкача ой жүгүрткөн калемгерлер кубантат. Бирок бирин-экин жыйнактары чыгып калган жаштардын бир тобу башка адабияттарды айтпай эле коелу, өзүбүздүн улуттук адабиятты окушпайт десең. “Узак жолду”, “Күүнүн сырын”, “Мунабияны”, “Кыштакчаны”, “Түштү кызын”, “Айгашканы” окуп чыгышса көздөрү ачыла түшмөк. Башкача жазгысы келип калмак. Антпесе, азыркылардын дымагы күчтүү экенин байкадым. Бир-эки жыйнагы чыккандан кийин эле: “Биз, акындар,” — деп тартынбай айтышат экен. Анан да азыркылардын поэзияны шоуга айландырганы жакпайт. Жер чийген кооз көйнөк кийип, сахнада ары-бери кериле басып ыр окуу поэзиябы, же искусствобу, же мода көрсөтүүбү? Билбейм, балким мен эскиче ой жүгүртүп жаткандырмын. Ошентсе да менин байкашымда адабият өз алдынча табигый жол менен ээн-жайкын өнүгүп жатат. Бир кезде адабият өлдү деп чыгышкан. Өлбөйт экен. Бир азга дымып калып, кайра эле нугун таап агып жөнөдү. Замандын оош-кыйышына карабай таланттар чыга берет экен. Болгону бизде азыр адабиятка анализ жасаган жан жок. (Сынчы дебей эле коеюн) Эч кандай статистика жок.

 – Учурда кайсы жанр активдүү иштеп жатат?

– Мага ар дайыма поэзия алдыда жүргөндөй сезилет. Поэзия ыкчам жазылып, ыкчам чыга калат эмеспи. Ырлары мыкты болсо, акындын атагы да тез чыгат. А прозаныкы кадалып олтурчу кызылдай мээнет. Ошентсе да азыр прозага келип жаткан жаштар көп экен. Учурда аңгеме жазуу модага айлана баштагандай. Балким учурдун талабы. Азыр окурмандын убактысы тартыш. Көлөмдүү чыгарма окулбай барат. Кийинки акындар поэма деле жазбай калышпадыбы. Поэмада айта турган ойду мыкты акын бир ырга эле батырып кое алат.

 – Ошондо кайсы жанр ташыркап турат?

– Албетте, драма. “Пьеса – сахнага коюлбаса өлүү чыгарма” . Жазганы кагазда кала бербес үчүн азыркы шартта драматург бардык түйшүктөрдү өз моюнуна алышы керек. Костюм, декорация, артисттердин акысы, аягында чай-пайы. Б.а. драматургга калем акы төлөнмөк тургай өзү бардык процесстерге төлөп олтурат. Анан кимдин драма жазгысы келет? Автордон сатып алайын десе театрдын өзүндө каражат жок.

 – Өзүңдүн чыгармачылыгың кандай? Эмне жазып жатасың?

– Мен ыр, анда-санда аңгеме жазам. Жазуучулукка баш-отум менен кирбедим. Сөзсүз жазыш керек деп эле башымды ташка койгулай бергим келбейт. Балким, чамам чектелүүдүр. Негизги ишим радио- журналистика эмеспи. Болгон күч-кубатым ошол жакка жумшалууда.

 – Деги эле азыркы доордо, айрыкча, биздин коомдо адабияттын кереги барбы?

– Адабиятсыз, көркөм өнөрсүз кандай коом болушу мүмкүн?! Көркөм чыгарма окубаган адам жөн эле робот болуп калат го дейм. Мамлекеттин колунан келсе адабият менен искусствону өнүктүрүп-өстүрүп, жайылтуу керек. Жаш муундарды милдеттүү түрдө көркөм чыгарма окутуш керек. Антпесе жан дүйнө кантип сулуу болот? Адамкерчиликке кайдан үйрөнөт? Адам бол деп айтып койгондон эч нерсе чыкпайт. Көркөм адабият өтө керек. Байкасаңыз, социалдык сетте бир жакшы ыр же аңгеме жарыяланып калса, баса калып окушат. Адам баласы качан да болсо сулуулукка, көркөмдүккө тартылганы –тартылган.

 – Көңүлүңдү ооруткан маселе?

– Менин жүрөгүмдү ооруткан нерсе – кээ бир калемгерлердин таптакыр кароосуз, көңүл сыртында калганы. Ооба, адам деген ар кандай. Таланттуу адамдардын көпчүлүгү жулунуп-жулкунбаган, куулук-шумдуктан алыс, ишенчээк, оокат-мүлк жыйнай албаган сапатка ээ. Айрымдары ичип кетишет, ооруп калышат, депрессияга түшүп, корунуп, тартынып элге кошула албай калышат. Ошолорду эч ким ойлобойт да, эстебейт.т Маданият министрлигиби, жазуучулар уюмубу же бир атайын фонд түзүлүшү керекпи, билбейм, айтор ушул маселе көңүлүмдү өйүйт. Жакында эле эфирге унутулуп кеткен бир жазуучуну чакырдым. Сураштырып олтуруп эптеп таптым. Эфирден кийин да бир топко сүйлөштүк. Инсульт болуп айыктым дейт. Акчам дарыдан артпайт дейт. Өзү абдан таланттуу. Бирок жашоо-шарты начар, жазгандары он жылдап жарык көрбөй, чаң басып жатыптыр. Бирөөдөн акча сурай албайм дейт. Мени да эстегендер бар экен ээ деп көзүнө жаш алды. Бирок жакшы чыгармалар жерде калбайт.

 – Бош убактыларыңда кантип эс аласың?

– Азыр убакыт ушунчалык учкул болуп кетти. Жаш кезде “Жердин жылып баратканын сеземин” деп ыр жаздым эле. Жок, ал кезде эмес, Жер азыр зуулдап жылып баратат. Эч нерсеге үлгүрбөйсүң. Таң атат да, күн батат. Башмалдак атып эле кетип баратабыз. Тыным алганга убакыт жок. Кызымды күйөөгө берип, уулумду үйлөнтүп койсом менден бош киши жок болот деп ойлогом. Китеп окуп, кино көрүп эле олтуруп калам дегем. Андай болбойт экен. Кээ бир курбуларым: “Сен эркин адамсың да, каалаганыңды кылсаң болот”, – деп калышат. Ойдон, түйшүктөн эркин боло албайт экенсиң. Ошо… Кеч болуп кетти окшойт, үйгө кетейин эми…

Чарчадым мен…

Ичиме жутуп келдим канчаны мен,

Ит турмуш өйдө-төмөн калчадың сен.

Теңселип жыгылчудай араң турам

Темир аял болгондон чарчадым мен.

Кайратым чыйрамынан жанып барат,

Канатым ооруксунуп талып барат.

Мезгилдин Ай чапчыган агымында

Өмүрүм аласалып агып барат.

Максаттар кичирейип майдаланат,

Кылган иш күнүмдүк бир майда-барат.

Буюгуп бороон учкан жолду карайм

Бул заман куюн болуп кайда барат?!

Жарым түн. Турам сыртка кулак салып,

Дүкүлдөп поезд өтөт түндү жарып,

Жүк баскан жүрөгүмдү кайда алпарам

Жарылып ыйлап алам кайда барып?

 Күн агат жолумда

Мен анда жер кезген айдарым жел элем,

Мейкиндер, Асман-Жер – баарысы мен элем.

Деңиздин үстүндө от болуп жүгүрдүм,

Жылдарга чачылып, шурудай күбүлдүм.

Өтүптүр агылып жаш өмүр билинбей,

Өрүктүн шамалга күбүлгөн гүлүндөй.

Жашапмын үн катпай, билгизбей бар-жогум,

Жол ушул дептирмин турмуштун тар жолун.

Уга албай жылаажын добушун башаттын,

Ачкычы жоголгон кулпудай жашапмын.

Чыктым мен акыры көк жайык аралга,

Сапырып жибердим өткөндү шамалга.

Жүктөрдөн бошондум жеңилдеп ийиним,

Буулган көңүлдүн жандырдым түйүнүн.

Алды жак кең мейкин Күн агат жолумда

Ак жарык дүйнөнүн ачкычы колумда.

***

Караңгы түн. Сыртта шамал,

Боздоп ыйлайт теректер.

Уйгу-туйгу көңүлүмө,

Ушул шамал себепкер.

Жүрөгүмдү солк эттирди,

Көктү жарган чагылган.

Көз жашка окшоп акты жамгыр,

Тереземе чабылган.

Айылыңа кеткен бойдон,

Сенден али кабар жок.

Санаам тынбай жатам ойгоо,

Башка менде амал жок.

Түн жамынып жолго чыгып,

Балким келе жатасың.

Көөдөй түндү жиреп айдап,

Көп ойлорго батасың.

Сен бекемсиң, мен ишенем,

Сабырыңа жолдогу.

Удургуган ушул шамал,

Басылса эле болгону.

 

Жыпар ИСАБАЕВ, «Кыргыз Туусу