«Саякбай» тасмасы жабык түрдө көрсөтүлдү

21-июнда «Саякбай» кинотасмасы «Манас» кинотеарында жабык түрдө көрсөтүлдү. Ага маданияттын көрүнүктүү өкүлдөрү, акын-жазуучулар, бир катар саясатчылар жана ММК өкүлдөрү катышты.

Тасмада улуу манасчы Саякбай Каралаевдин өмүрү жана чыгармачылыгы чагылдырылган. Бул Саякбай тууралуу тартылган биринчи көркөм тасма болуп саналат.

Тасманын режиссеру Эрнест Абдыжапаров. Башкы ролду киноактер Марат Жанталиев, манасчынын бала чагын Үмөт Дөөлөтов, орто жашын Бактыбек Нурмат уулу аткарды. Чыңгыз Айтматовдун образын уулу Эльдар Айтматов жаратты.

«Саякбай» фильмди тартуу 2016-жылдын май айында башталып, октябрь айында аяктаган. Аны тартууга «Саякбай манасчы» эл аралык фонду жана анын жетекчиси Саматбек Ибраев жеке каржылык колдоо көрсөткөн.

Кинофильм жалпы элге 31-август — Эгемендүүлүк күнүнө карата тартууланат.