Нурлан КАЛЫБЕКОВ, КРнын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы: «Саясат – бийлик, бийлик – акча, акча – жакшы жашоо деген түшүнүк калыптанып калды»

– Отуз жылдан бери не деген замандарды, не деген опурталдуу окуяларды башыбыздан өткөрдүк. Кыргыз адабияты ушунун баарын чагылдырып бере албай жаткансыйт?

– Ооба, коомду чагылдырып жазган мыкты роман болобу, повесть, аңгеме болобу, классикалык үлгүдөгү чыгармалар жокко эсе болуп жатат. Атуулдук ырлар, замандын оош-кыйышына болгон ички протесттер жазылып, поэзияжанры өз жүзүн көрсөтүп келе жатканы менен кара сөз жанры аксап калды. Ал тургай ушул чакчалекей заманды чагылдырчу сатира жанры таптакыр жоголду.

– Бул кризистин себеби эмне?

– Мунун себеби келип эле каражатка такалат. Мисалы, таланттуулардын көбү азыр чыгармачылыкты хобби катары пайдаланып, баш-оту менен кире албай калышты. Себеби, бирөө кызматта, бирөө гезитте, бирөө соодада, бирөө чет өлкөдө жүрөт. Ошентсе да оозду куу чөп менен арчыбаш керек. Жакшы чыгармалар деле жазылып жатат. Бирок китептердин нускасы ашып кетсе 500 же 1000 даана. Илгери бир жазуучунун чыгармасы чыкса дароо рецензиялар, адабий сындар жазылар эле. Жок эле дегенде окурмандын пикири чыкчу. Эми кимдин-ким экени адабий процесстин, адабий сындын жоктугунан көмүскөдө калып жатат. Мисалы, мен адабий сынчы катары сиздин китебиңизге сын жазуу үчүн жок эле дегенде үч жолу окуп чыгышым керек. Анан ой жүгүртүшүм керек, анализ жасашым керек. Анан толгонуп отуруп алып жазышым керек. Бирок аның үчүн калем акы төлөнбөсө, убактым менен көз майымды бекер эле коротуп, башым шишиптирби? Ал аз келгенсип, автордун жаман, жакшы жагын айтып, жаман көрүнүүнүн зарылчылыгы кайсы? Мына ушундай абал болуп жатат. Менин оюмча, адабияттын мамлекеттик камкордуктан ажыратылышы – кыргыз улутун жок кылуунун диверсиясы экен. Ал эми кыргыз улутун – улут кылган, бул – көркөм адабият, көркөм дөөлөттөрүбүз – “Манас” баш болгон эпостордон баштап,азыркы профессионал акын-жазуучулар эмеспи. Улуттун улуттук байлыгы – көркөм сөз дөөлөтү. Муну жоготкон улут деградацияга барат. Кечээ эле пикетте “Манастын” обонуна салып алып бирөө ырдап жатат, ушул эле учурда аянтта туруп алып куран окуп жатышат. “Манас”, Куран деген ыйык түшүнүктөр, алардын айтыла турган, окула турган жери бар. Адабият деген өзү– адеп, ахлак (адеп-уят) деген түшүнүк. Билбейм, ушул жол менен дагы кете берсек 20-30 жыл ичинде эмне болобуз?

– Эмне үчүн интеллигенция өкүлдөрү бул тууралуу бийликке, коомчулук-ка айтып, үн катпай жатат?

– Интеллигенцияны уккан киши жок. Болбосо, биз пикирибизди жазып деле, айтып деле жатабыз. Илгери адабияттан Айтматов, Касымбеков, ж.б. жазуучуларды, опера жана балет искусствосунан Бүбүсайра Бейшеналиева, Чолпонбек Базарбаев, Болот Миңжылкиев, скульптурадан Тургунбай Садыков сыяктуу залкарларды, улуу инсандарды мамлекет өзү менеджер кылып чыгарчу. Алар – улуттун күзгүсү эле. Ошондуктан, коомго алардын азбы, көппү, таасири болор эле. Мындай инсандарды эл өзү ээрчийт эле. Эми бизде кадр дефицити, инсан дефицити өкүм сүрүп жатпайбы. Азыр маалыматтын ушунчалык өнүккөн заманында ар ким эле пост ачып алып, сайт ачып алып, менчик бир уюмдарды түзүп алып, баары эле лидер болуп калды. Алар чыга берсин, каршылык жок. Бирок мамлекет өзү чыгарган улуу личносттор жок. Отуз жыл ичинде кимди-ким көрдү, быржыбайды там басты болуп, биз улуттук фигураларды, улуттук дөөлөттөрдү алып жүрүүчү инсандарды чыгарбай, пикетчилерди чыгардык. Биз саясатчылар менен шоу бизнестин, диндин өкүлдөрүн, тойдун ырчыларын жылдыз кылып, лидер кылып чыгарып койдук. Саясат деген – бийлик. Бийлик деген – акча. Акча деген – жакшы жашоо деген түшүнүк эл арасында калыптанып калды. Шоу бизнесте деле ошол, алар деле акча жасаш үчүн иштеп жатат да. Диний лидерлер деле ошол, китептен шарыяттарды окуп алып эле кайра элге айтып берип, жан багып жатат. Жакшы жашоо – ушул үчөөндө. Арбиринин жеке кызыкчылыгы бар.

Мен таң калам, мамлекет деген түшүнүгү жок эл болуп калыппыз. Коктуколоттун, уруу-уруунун саясатын сүйлөп, улут деген, мамлекет деген түшүнүк артка кетип калыптыр. “Мамлекет – мен, мен – мамлекет” деген түшүнүк жоголуп, жеке адамдын, партиянын, кландардын кызыкчылыгы эң биринчи планга чыкты.

– Бул акыбалга биз кантип келип калдык?

– Буга биз 30 жылдык демократиянын шарты менен келдик. Черчиллдин айтканы бар го: “Демократия – эң оболу тартип жана жоопкерчилик” деген. Биз демократиядесе эле, анын классикалык үлгүсүн албай, кыйкырык-сүрөөн, ызы-чуу болгон көчө демократиясын алыппыз. Натыйжада ушул абалга жеттик. Анын үстүнө бирдиктүү бир идеологиялык машина жок. Жок дегенде илгери “мамлекеттик катчы” деген кызмат бар эле. Ал кызмат жакшыбы, жаманбы илимий, чыгармачыл интеллигенцияны бириктирип, анын үнүн Президентке жеткирип, ортодо көпүрө болчу. “Манастын” жети осуяты деген идеологиясы да бар эле. Азыр ал да жок. Биз кара курсак менен, дене менен гана жашап калдык. А идеология деген – мамлекеттин жаны, анын руху. Экономика менен маданият куштун эки канатындай катар жүрбөсө, коом ушундай деградацияга келет.

Туура, мындай заман менен деле кыргыз болуп жашай беребиз. Калпагыбызды кийебиз, күндө ашка, тойго барабыз. Жашоо жыргал. Кыйындарыбыз Европага, Россияга чыгып кетти. Андан беркилери Россияда жүрөт дегендей. Анча-мынчалар эл ичинде өз жанын багып жатат. Өз жанын бага албагандар канча? Герби, гимни, желеги улам оңдоло берген Конституциясы бар, коррупцияга чыланган формалдуу гана мамлекетке айланып калдык. Кара курсактын мамлекетине айландык. Орустарды Пушкинсиз, Достоевскийсиз элестетип көргүлөчү? Болуптур, алардын ядролук куралы бар супер держава. Экономикасы жакшы. Алар менен бүтүн дүйнө эсептешет. Бирок, ошол эле убакта чыгармачыл интеллигенциясы болбосо, орус ким? Ошол сыяктуу эле да. Биздин деле мыкты саясатчыларыбыз бар, мекенчил жа-рандарыбыз бар экен, бул –жакшы. Бирок биз “Манасы”, Айтматову жок кимбиз? Булар дагы ХХ кылымдын СССР жасап берген продукциясы. А биз ХXI кылымда: “Биз буларды чыгардык”, – деп кимди көрсөтөбүз? Кимди алып чыгабыз? Мамлекет мына ушуну да ойлонушу керек. Расул Гамзатов: “Адамды ким десең– паспортун көрсөтөт, улутту ким десең – адабияты менен искусствосун көрсөтөт”, – деп бекер айтпаса керек. Мамлекет мына ушуну да ойлону- шу керек.

– Мамлекетти жакшы жагына оңдойбуз деп жатпайбызбы, балким маданиятыбызда да жакшылык – өсүп-өнүгүү болор?

– Мына бүгүн бийлик жаңылануу жолунда бараткансыйт. Коррупция менен күрөшүү сөзсүз болуш керек. Жаш саясатчыларга жол ачылып жатканы жакшы. А бирок руханий жагы кандай болор экен? Сөзсүз чыгармачыл, илимий интеллигенцияга басым жасоо керек. Болбосо, басылып, тебеленип калган интеллигенция кайдыгер болуп калып жатпайбы. Атүгүл карапайым эл деле шайлоодо талапкердин акчасын алып: “Булар менин казаныма аш салып берип жатты беле, ак ит, кара ит – баары бир ит. Баары бир жыргатпайт. Андан көрө үйдөгү бешөөбүзгө эки миңден он миң сом алып, ун алып алайын”, – деп, кайдыгер мамиле кылып жатпайбы. Бирок элде эмне күнөө? Аны ошого система, өздөрү алып келди. Мамлекеттик идеологияны колго алуу керек. Азыркы жаңы бийлик мамлекетти өнүктүрүш үчүн жалаң эле экономика дебей, коррупция менен эле күрөшпөй, руханий курсак дегенди унутпашы керек.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”