«Айыл-чарбасы ирилешкенде гана ийгилик болот»

1992-жылдан бери айыл-чарба, анын ичинде айыл-чарба продукциясын өстүрүүдө химиялык азыктарды колдонуу тармагында ийгиликтүү иштеп келе жаткан адис, юрист Артыкбай АБДИВАЛИЕВ айыл-чарбабыздын азыркы абалы, келечеги тууралуу ойлорун ортого салды.

– 90-жылдарга чейин Кыргызстан союздук республикаларды эт, сүт азыктары жана жүн менен байма-бай, жемиштүү камсыз кылып турган. Мунун бирден- бир себеби, колхоз-совхоз болуп, ирилешип, жамаатташып иштөө механизми болгон. Ошол ирилешип иштөө механизми бүгүнкү күндө да өз жемишин бермек. Ири чарбалар жок болуп, колхоз менен совхоздор жоюлуп, баары жеке менчикке өткөндөн баштап, айыл-чарбабыз бытыранды чарбага айланды. Ошонун негизинде, али күнгө чейин бир багытка түшө албай, чаржайыт абалда турабыз. Болбосо, биздин өлкө мал киндиктүү мамлекет. Айыл чарбасы жана дыйканчылык менен эле экономикабызды көтөрүп алмакпыз. Эгерде биз мындан ары да ушул эле абалда, ушул система менен иштей берсек, алыска барбайбыз.

Ошондуктан дыйканчылык, малчылык тармактарынын башын кошуп, жамаатташсак гана өлкөбүздө өнүгүү болуп, дүйнөлүк рынокко да кошула алабыз. Бытыранды жерлерди бириктирип, жамаатташууну чакан болсо да ишке ашырсак, биринчиден иш орундары болот, экинчиден киреше көбөйөт. Азыр жекече иштеп, жекече ийгиликке жетип, продукцияларын өлкөнүн сыртына байма-бай чыгарган фермерлер жокко эсе. Анткени, ага биздин шаанибиз аз. Мисалы, учурдун талабына шайкеш, заманбап техникалардын баасы асман чапчыйт. Аны керектөөгө жараша сатып алуу бир киши үчүн кыйынга турат. Тейлөө ишин жалдоо дагы оңой каражат сурабайт. Ошол бир эле кишинин ошончо жерди айдап, сээп, багып, кайра эле алган продукцияны сатуу – оор. “Көп түкүрсө – көл болот” демекчи, жүз башы бириксе, аянттын чыгымы да азаймак. Арыктарды, жолдорду иштетүү, техника са- тып алуу, салык төлөө, айтор, бардык күч, чыгым кыскарып отуруп, иш жеңилдемек. Бирөө экономисттин, бирөө бухгалтердин, үчүнчүсү агрономдун ишин кылып, дагылары жерди айдап, сээп, сугарууну колго алса процесс жеңил болот. Банктан акча алса, төлөө да жеңилдемек. Мындай сунуштарымды бул тармактагы көп жылдык тажрыйбама таянып жана иликтеп, байкоолорумду анализдеп анан айтып жатам.

Болбосо, отуз жылдан бери мамлекет кредиттик жана башка негизде жардам берип эле келе жатат, жеке ишкерлер деле колунан келишинче маңдай тер төгүү менен алек, бирок айыл-чарбасында өсүш болбой жатпайбы. Кандай иш болбосун, бир орунда туруп калууга же артка кетүүгө жол бербешибиз керек. Менимче, жер-жерлерде ирилешип иштөө жеке ишкерлер үчүн да, мамлекет үчүн да пайда болмок.

Сынамык аймак катары Сокулук районунан баштасак туура болчудай. Анткени, ал аймак, биринчиден аэропортко жакын, сугаруу системасы, климаттык шарты да жакшы.

Ушундай эле биргелешүү ыкмасы менен сүт азыктарын иштетүү багытында да көрүүгө болот. Ал үчүн атайын сүт багытындагы уйларды кармоо керек. Бир уйдан 30, багуусу жарашса 40 литрден сүт алууга болот. Мындай, үй шартына ылайыкташкан уйлар үчүн жайыт да издөөнүн кереги жок. Азыр сүт азыктарын иштеткен заводдорубуз иштеп жатат. Керек болсо чөп өспөгөн мамлекеттерге сүт, айран, май өндүрүп сатсак, мээнетибиз кайтат эле. Уй ээси тоют камдоо, жер айдоо, оруу-жыюу иштерине алаксыбай, алынган сүт азыктарын иштетүү менен гана алектенгенди билмек, ал эми тоют маселесин ошол эле ирилешкен жамаатка кирген дыйкан чечмек.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”