Кайрат ИМАНАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, драматург: «Адабияттан, кинодон, театрдан алыс коом – ачка коом»

“Ааламга аттанган жол…”

– 1991-жылы Кара-колдо Токтогул атындагы лицей ачылып, облустан тандалган таланттуу балдар менен кошо мен да ошол лицейде окуп калдым. Мектепте бизди Касымаалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма те- атрына бат-бат алып барышчу. Жергиликтүү артисттер менен кошо эле, гастролго келген башка театрларды көрчүбүз. Бообек Ибраев агай менен ошол окуучу кезде таанышкам. Бир жолу Бексултан Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” деген драмасы коюлуп, соңунда талкуу болуп калды. Режиссеру Акылбек Абдыкалыков болчу. Ошол талкууга мен да катышып, пикиримди айтсам, Бексултан агай: “Мен азыркы күндө балдардын баары эле араба түртүп, көркөм дүйнөнү билбей калды го десем, адабиятты талдаган балдар да бар турбайбы”, – деп аябай толкунданып сүйлөгөн. Айтмакчы, менин биринчи ырым, андан беш жыл мурун, 5-классымда “Кыргызстан пионери” гезитине чыгып, тушоом кесилген. Ошентип, 11-класста окуп жүргөндө “Тагдырдын тайгак жолунда” аттуу турмуш тууралуу, экинчиси “Армандуу ак куу баяны” аттуу Таттыбүбү эже жөнүндө пьеса жаздым. Ошонун премьерасы Караколдо болуп, академик Кусеин Карасаев агай, байбичеси Айша апа, эл жазуучусу Зуура Сооронбаева, акындар Аман Саспаев, Эргешпай Узакбаев агайлар, төкмө акын Майра Керим кызы келип, баталарын беришкен. Ошондо Карасаев агайдын: “Талант деген ушул куракта башталышы керек, биз да ушул куракта чыгармачылыкка аттанганбыз”, – дегени эсимде.

“Кыргыз искусствосунун, кыргыз адабиятынын залкарлары менен ата-баладай болдум…”

– Мектептен кыргыз тили, адабияты боюнча республикалык олимпиадага катышып, биринчи орунду алгам. Ал кезде биринчи орун алган окуучу каалаган окуу жайына экзаменсиз кабыл алынып, абитуриенттер бир эле аттестат менен үч окуу жайга тапшырууга да мүмкүнчүлүк бар болчу. Ошентип, мектептен кийин улуттук университеттин журналистика факультетине тапшырдым. Бул багытты мага Казат Акматов берди. Экөөбүз бир тууган таяке-жээнбиз. Айтмакчы, менин чыгармачылыгыма ушул кишинин да салымы бар. Анткени, биздин үй көлдө болгондуктан, Казат авам биздикине Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев, Олжас Сулейманов сыяктуу залкарлар менен көп келчү. Улуу адамдардын сөзүн уксун деп, атам мени алардын жанына отургузуп коер эле. Апам башталгыч класстын мугалими. Ал киши да теледе акын-жазуучулардын кечеси болуп жатса, уктап жаткан жеримден ойготуп: “Тур, баланча деген акындын кечеси болуп жатат, ук”, – деп ойготчу. Ошондо Төлөгөн Касымбековду, Түгөлбай Сыдыкбековду угуп отурар элем. Атамдын агасынын кызы, Ленин орденинин ээси, Жогорку Советке депутат Мария эжем да ыр жаза калчу экен. Ал да Раззаковдун учурунда Москвага кантип барганын, опера-балетке киргенин, ошондо көргөн спектаклдер кандай коюлганын айтып берчү. Калем кармап, университеттин журналистика факультетине тапшыруума мына ушулардын баары шык берди го.

Бардык эле жаштар сыяктуу мен да тилге кызыкчумун. Ошондуктан Арабаевдин чет тилдер, БГУнун чыгыш таануу факультетине да өттүм. Бирок Казат авам: ”Тилди жөн деле үйрөнүп алсаң болот, анын үстүнө башка тилге кызыгып кетсең, кыргыз тилиң басаңдаса, жакшы жазуучу болбой каласың”, – деп кеңеш берди. Туура айткан экен. Университетте Жаныш Кулмамбетов, Ана-тай Өмүрканов, Бектурсун Алымов, Киреше Иманалиев, Качкынбай Артыкбаев, Сапарбек Закиров сыяктуу күчтүү адабиятчылардан сабак алдым.

Окуп жүргөнүмдө, ыраматылык Зуура эже: “Ушул баланын таланты бар эле, таштап салбасын”, – деп окуу жайга издеп келиптир. Жалил Садыков агайдын үйүнө: “Жаке, ушул баланы мектептен бери билем. Ушундан бир жакшы драматург чыгат. Өзүң бир устат болуп, тарбиялабайсыңбы”, – деп, эрчитип барып табыштаган. Ошондон кийин Жалил агай да көз кырын салып, кеп-кеңешин айтып жүрдү.

Биз университетте окуп жүргөн 90-жылдар абдан оор жыл болчу. Студенттер да кыйналып, иштегенге муктаждык пайда болду. Ошентип, 1-курста окуп жүрүп кыргыз радиосуна штаттан тышкаркы кабарчы болуп, андан кийин адабий бөлүмдүн редактору Тенти Орокчиев агай ардактуу эс алууга кетип жаткан экен, ордунда иштеп калдым.

Эң биринчи уктуруум 1994-жылдын октябрь айында, белгилүү актер, жазуучу, режиссер Касымаалы Бектеновдун мааракесине карата болуп, биринчи маектешим Эрнис Турсунов болгон. Агай өзүнчө эле бир адабий энциклопедия эле да. Абдан таасирленгем. Ошондон тарта кыргыз искусствосунун, кыргыз ада-биятынын канча бир залкарлары менен маектеш болуп, көпчүлүгү менен ата-баладай болуп калдым. Көпчүлүгү өзүнүн баласындай мамиле кылып: “Сени келип калабы деп коюп койдум эле”, – деп жакшы тамагын коюп, кеп-кеңештерин айтышар эле. Сооронбай Жусуев агай биринчи маектеринде: “Сенин радиодо иштегениң ырас болду. Жолон Мамытов агайың дагы чыгармачылыгын радиодон баштаган. Радио чыгармачылыкка жакын. Биякта жүрүп алып драмажазсаң болот”, – деп багыт берген. Радиодо иштегенимдин аркасы менен дагы канчалаган Сүйүнбай Эралиев, Жалил Садыков, Эсенгул Ибраев, Жунай Мавлянов, Шүкүрбек Бейшеналиев, Сабира Күмүшалиева, Советбек Жумадылов, Бообек Ибраев, Эстебес агай, Тууганбай агай сыяктуу залкарлардын сөзүн угуп, жаздырып калдым. Кээ бирлери: “Кокус мен өлүп калсам мындай кылгын, тигиндей кылгын…” – деп керээздерин айтчу. Сабира эженин: “Кыргызда эстээриң барбы?” – деген сөз бар. Мени эстей турган кишинин бири – сенсиң”, – дечү. Мунун баары мойнуңа карыз болуп калат экен. Буюрса, “Мен маектешкен залкар инсандар” деп бир китеп кылып чыгарып коеюн деп, даярдап жатам.

Жыйырма үч жаш. Драматург катары тушоомду кескен Нарын театры

– Мектеп жашымдагыны эске албаганда, драматургияга эрте келдим деп ойлойм. Анткени, чыныгы профессионал сахнага спектаклим коюлганда 23 жашка да толо элек болчумун. Пьеса он сегиз, он тогуз жашымда жазылган. Буга да себепчи болгон Сооронбай агайболду. Курманжан датка тууралуу өзүнүн топтогон материалдарынын баарын бир пакет кылып туруп: “Курманжан сахнага чыгыш керек”, – деп мага аманат кылган. Пьесаны жазып, Замир Сооронбаев агайга берсем, ал Бообек Ибраевге бериптир. Бир күнү радиого кирүү үчүн Бообек агай пропуск сурап жүрүптүр. “Агай, кимге келдиңиз эле?” – десем: “Сага келгем, сага келгем!” – деп сүйүнүп кетти. “Сен Курманжан датканы жазып жүргөнүңдү эмне мага айткан жок элең? Даяр драматург турбайсыңбы. Мен окудум, мага абдан жакты. Мен “Курманжан датканы” үч жыл мурун Төлөгөн агайың менен Көчкөн Сактанов агайыңа заказ кылып жаздырып, мына эми сахнага коюп жатам.

…Сен эми театр издебей, Курманжандын ролун ойной турган актриса изде. Мен ал актрисаны таптым. Ал – Тамара Жумакаева. Пьесаны Нарын драма театрына бер”, – деди. Кийинчерээк ал пьесаны койгондон кийин да: “Мына, мен спектаклди бүтүрүп коюп, Жалал-Абадга кетип жатам. Ал жактагы квартиранын номерин Гүлсүн эжеңе (Гүлсүн Мамашева –ред.) берип кетем. Он күндөн кийин чал”, – деди. Бирок Жалал-Абадга кетейин деп жатканда жүрөгү ооруп, каза болуп калды. Агай айтты эле деп, Нарынга бардым. “Курманжанды” Замир Сооронбаевагай коюп, Нарындын жылдыздары – Сейитказы Андабеков, Дамира Баратбаева, Табылды Актанов, айтор мен деген актерлорунун баары катышкан. Айткандай эле, Тамара эже Курманжанды кайталангыс ойногон. Ошентип, профессионал сахнада биринчи тушоомду Нарын театры кескен. Ошондо Сабира Күмүшалиева эже куттуктап, Нарынга телеграмма уруптур. Ыраматылык Жалил агай да ошондо: “Менин биринчи спектаклим да Нарында коюлган. Көптөгөн драматургдардын, мисалы, Султан Раевдин да драматург катары тушоосу Нарында кесилген. Нарын театры биз үчүн чоң мектеп”, – деп бир топторун санаган.

“Курманжан» коюлганда Мар Байжиев: “Драматургияда балалуу болдум” деп театрга жентек той берген…”

– “Курманжан” Бишкекке коюлганда Мар Байжиев агай келиптир. Чынымды айтсам, агай менен жолугушууга жол түшө элек кез эле. Агай мени таанычу эмес. Спектаклдин аягында агай талкууга чыкканда: “Агай чыгаан драматург болсо, эми мени талкалайт турбайбы”, – деп аябай корктум. Бирок агай: “Мен бүгүн драматургияда балалуу болгондой сүйүнүп жатам. Себеби, акыркы кезде драматургияга эч ким кайрылбай, жаштар келбей калды деп ойлоп жүргөнүмдө, ушундай кичинекей баламдын чоң пьеса жазганына жетине албай сахнага чыктым”, – деп мага батасын берген. Ошондо, эсимде, Мар Байжиев бүтүн театрдын жамаатына жентек берген. “Мен балалуу болгондой сүйүнүп жатам”, – деп. Бексултан агай да: “Сен , мамлекет театрга көңүл бөлбөй калган, өтө оор учурда келип жатасың. Эгерде мурунку, менин учурумда келгениңде: “23төгү бала драма жазыптыр”, – деп сени көтөрмөлөшөр эле. Бирок сен ага капа болбо. Ушул нук менен кет”, – деп батасын берген. Драматургияга ушинтип келгем.

(Уландысы бар)

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”