Башкы прокуратуранын имараты боюнча УКМК кылмыш ишин козгоду

Башкы прокуратуранын азыркы имаратынын курулушу боюнча кылмыш иши козголду. 15-июнда Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесине ылайык, коммерциялык жана башка уюмдарда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 308-берене боюнча бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз колдонуу боюнча кылмыш ишин ачкан.

Маалымат боюнча, 2011-жылы Башкы прокуратура “Гарант проект” жоопкерчилиги чектелген коом менен Башкы прокуратуранын кошумча имаратын долбоорлоо боюнча келишим түзгөн. Долбоор боюнча имараттын курулушу 236 млн сомго бааланган. Бирок ал долбоор мамлекеттик экспертизадан өткөрүлбөгөнү аныкталган.

Ал эми Эсептөө палатасы жүргүзгөн аудит долбоордук сметалык документация түзүүд жеке ишкана көрсөткөн суммадан 93 млн 625 миң 300 сом ашыкча көрсөтүлгөнүн аныктаган. Аудит ошондой эле, Башкы прокуратура тарабынан 9 млн сомго ар кандай курулуш иштери үчүн 9 млн сом акча мыйзамсыз жумшалганы белгилүү болгон.

20-июнда бул кылмыш ишин иликтөө УКМКнын Тергөө башкармалыгына тапшырылган. Учурда мамлекетке келтирилген чыгымды тактоо жана бул ишке тиешеси бар кишилерди аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.