Акындан калган «Аманат»

27-октябрда, “Шанс” китеп дүкөнүндө төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин “Аманат” поэтикалык ырлар жыйнагынын, “Ак таңдагы ак бата” китебинин бет ачары болду. Китептин ачылышы чакан гана чөйрөдө болмок. Бирок акындын чыгармачылыгын баалаган, сыйлаган кыргыздын жашы, карысы дебей эл көп чогулду. Маданият өкүлдөрүнөн айтылуу Садык Шер-Нияз, Түгөлбай Казаков, Сыймык Бейшекеев, Каныбек Иманалиев, Нуржигит Кадырбеков жана башкалар келди. Китепке акындын келечек, тарых, сүйүү ырлары камтылып, ырларына шайкеш сүрөттөрү тартылган. “Аманат” китебинин сыртынан кыргыздын бийик тоолорун көрүүгө болот. Тоолордун тартылганынын себеби, акын көзү тирүүсүндө вотсап баракчасындагы өзү турчу фонго китепте тартылган тоолор коюлуп турчу. Китептердин мукабасындагы сүрөттү Төлгөбек Койчуманов, ичиндеги сүрөттөрдү Самат Асылкеримов тарткан.

“Бул эки китеп акындын чыгармачылыгынын бир үзүмү гана”

Төкмө акын Э.Иманалиевдин алгачкы ырлар жыйнагы жубайы Нурзат Абдрашитованын демилгеси менен жарыкка чыкканын китептин редактору Мирлан Самыйкожо билдирди: “Аманат” деп аталган китепке акындын мурдагы ырларынан сырткары, башталышы бар, бирок бүтпөй калган чыгармалары да камтылды. Башындагы башталган ой чоң философияны, тереңдикти бергендиктен, өзгөртүүсүз, кошумчасыз киргизилди. Ал эми “Ак таңдагы ак бата” китебине жакындарына жөнөткөн баталарын топтоп чыгардык. Китептин негизги демөөрчүсү Нурзат Абдрашитова. Китеп 1000 нуска менен чыкты. Калың элге китеп жетпей калса дагы чыгарабыз деген оюбуз бар. Бул эки китеп Элмирбек Иманалиевдин чыгармачылыгынын бир үзүмү гана. Акындын айтыштарын, терме санаттарын, жоктоолорун, прозалык чыгармаларын кийин китеп кылып чыгаралы деп жатабыз. Андан сырткары жакында акын Зайырбек Ажыматовдун китебин чыгарсак деп ойлонуудабыз.

“Элмирбек абдан улуу, чоң акындар гана тапчу саптарды таба алган”

Акындын китебинин бет ачаарына келген Кыргыз Республикасынын Эл артисти Түгөлбай Казаков акын тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты: “Кыргыз акындарынын тарыхын карасаңар төкмөлүктү, жазмалыкты бирдей алып кеткен эч кимиси жок. Ал эми Э.Иманалиев бул китептерин өз колу менен жазып кетти. Элмирбекти обончу, акын катары дагы экөөнү бирдей караса болот. Демейде ыр жазган, обон чыгарган кишилер көп. Бирок сөзүн, обонун бирдей деңгээлде жазгандар сейрек, дээрлик жок. Элмирбектин ушул таланттары бирдей деңгээлде болчу. Ал төкмө акын катары далай айтышып чыккан бышкан акын эле. Азыркы лирикаларда махабат жөнүндө чалчыгы чыгып жүргөн ойлор абдан көп айтылган. Ал эми Элмирбек башкача, сейрек кездешкен өңүттөгү саптарды жараткан. Поэзиясынан бир-эки мисал келтирип берейин. Мисалы “Аруузатымдагы” саптарды карап көргүлө:

“Карегиңде жүргөн экен катылып,

Качандыр бир мен жоготкон асманым”.

Ким таба алат мындай сапты? “Булбулум” ыры бул — сөзү дагы, обону дагы куюлуп турган бир алтын сыяктуу керемет чыгарма. Өткөндө жазган ырлары боюнча сүйлөшүп отурсам, бул жазма акындардын ичинен алдыга чыгып кете турган мыкты акын экен. Себеби төкмө акындар төгүп ырдап жатканда обону комуз менен кооз угулат. Бирок кагазга түшкөндө анча жакшы угулбай калат. Ал эми Элмирбектики жазма акын катары жазган чыгармалары жазма акындардын арасынан эң мыкты сапатка ээ боло турган.

Кыргыздын тарыхында мен эки эле кошокту билем, бирөө Ысмайыл Борончиевдин бүт дүйнөнү аңтар-теңтер кылган “Кош, Алымкул” деген кошогу. Экинчиси Элмирбектин Ч. Айтматовго кошкон кошогу. Ч. Айтматов дүйнөдөн өткөндө акындардын баары эле жазды, айтты. Бирок Элмирбектей ким айта алды? Эч ким айта алган жок да. Ошол кошоктун ичинен 4 сабын айтып берейин:

“Күйүттө турат кыргыз эл,

Көктөн бир күндү бөлгөндөй,

Арманда турат кыргыз эл,

Асмандан айды бөлгөндөй” дейт.

Анан жаратылышты сүрөттөгөндө айтып жатат:

“Арчасы айды желпиген,

Аркары булут ээрчиген” жайлоону эске түшүрөт. Бул илгерки улуу акындар таба турган саптар, бүгүнкү күндөгү биздин жазма адабиятынын фонунда чоңойгон акындар таба ала турган саптар эмес. Бул абдан улуу, чоң акындар таба турган саптар.

“Устатымдын карааны канча алыстаган сайын өзү ошончо чоңойгон адам экен”

Төкмө акындын шакирти Акматбек Султан уулу: Устатымдын карааны канча алыстаган сайын өзү ошончо чоңойгон адам экен да. Өзү кайсы искусствонун кайсыл тармагы менен алектенбесин, баары бир ошол өнөрдүн эң бийигине, тазасына, жаркынына, кооздугуна, жакшысына умтулган асыл жаратман адам эле. Менин устатымдын оо дүйнөлүк болгонуна мына алты айдан ашты. Бирок күн өткөн сайын жан дүйнөмө дагы да тереңдеп кирип, жүрөктүн түпкүрүндөгү адамдык сапаттарды, өнөрпоз адамдын бул дүйнөдөгү милдеттин, ааламга, өмүргө, улутка болгон кызматтардын улуу сезимдерин ойготуп жатат. Устатымдын китеби чыкканы аябай жакшы саамалык болду. Анткени устатыбыз өзү ойлоп жүргөн кичинекей чөнтөк китеп чыгарсам болот эле, элдердин баары чөнтөктөрүнө салып алып окугудай дечү. Азыркы учурда бардык эле адамдардын үстөлгө чоң китепти коюп алып окуганга шарты жок. Бирөө сапарда, дагы бирөө кичиавтобуста болуп калат. Ошол учурда баштыгынан кичинекей китепти алып чыгып окуп барса ыңгайлуу болот деп устатым айтып калчу. Бирок мына минтип өзү жокто чыгарып калдык. Өзү көрбөсө дагы балдары, кыздары, эл-журту көрүп жатканына каниет кылабыз. Буюрса ушул китеп кыргыздын жан дүйнөсүнө жакшылыктарды, жарыктыктарды, улуулуктарды, айкөлдүктөрдү жана ошондой эле улуу сүйүүлөрдү кошкон жакшы китептерден болсун.

Асель РАМАНКУЛ кызы, “Кыргыз Туусу”