Текебаев менен Чотоновдун соту 27-июнда уланат

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр Дүйшөнкул Чотоновдун соту 27-июнда уланат.

Бүгүн жактоочулар тарабынан бир катар өтүнүч келтирилди. Бирок, сот анын бирин дагы канааттандырган жок.

Өмүрбек Текебаев коррупцияга шектелип февралдын этегинде абакка камалган. Анын ишине байланышы бар деп, мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов да кармалган. Эки саясатчы тең коюлган айыптарды четке кагып келишет.