“Бизди чыр-чатакты болтурбоо бириктирди”

ЕККУнун көмөгү 

 Өткөн аптада Ошто Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, ЕККУнун Бишкектеги программалык кеңсеси менен биргеликте “Эртелеп чыр-чатактардын алдын-алуу жана болтурбоо тутумун колдоо” долбоорун ишке ашыруунун алкагында семинар-тренинг өткөрүштү. Семинар-тренинг этностук жана диний чыр-чатактарды  алдын алуу максатын көздөйт. Мониторинг жүргүзүү жана анын негизинде аныкталган көйгөйлөргө анализдерди даярдоодо көп этностуу район-шаарлардагы коомдук кабылдамалардын жооптуу катчыларына усулдук жардам көрсөтүлөт.

Иш-чарага  аталган агенттиктин көп этностуу район-шаарларындагы коомдук кабылдамаларынын жооптуу катчылары, мониторинг борборунун өкүлдөрү, Кыргызстан калкы ассамблеясынын Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл  облустарындагы бөлүмдөрүнүн жетекчилери, УКМКнин, ИИМдин, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын  Ош облусундагы өкүлдөрү катышты.

Семинарда агенттиктин жооптуу катчылары иш-тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Көп этностуу аймактардагы эл биримдигин бекемдөө, жалпы жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү, диний радикализмдин алдын алуудагы иштерин айтып беришти. Жооптуу катчыларга өздөрү даярдаган маалыматтарын контенттик, себептик жана кырдаалдык негизде анализдөө ыкмалары үйрөтүлдү. “Бизди чыр-чатакты болтурбоо бириктирди” дейт семинардын катышуучулары.