Атамбаев Орусиянын Муфтийлер кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 22-июнда, Москвадагы Собордук мечитке барып, Орусиянын Муфтийлер Кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдин менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы Равиль Гайнутдиндин жана Орусия мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда намаз залын, мечиттин жыйын залын, ошондой эле собордук мечиттин ичиндеги ислам музейинин экспонаттарын көрүп чыкты.

Андан кийин президент Алмазбек Атамбаев  Равиль Гайнутдин менен жолугушуу өткөрдү. Анда Равиль Гайнутдин Алмазбек Атамбаевдин мечитке келишин чоң сыймык жана колдоо экендигин баса белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн  мусулмандар дин башкармалыктарынын ортосунда азыркы замандын коркунучтарына, биринчи кезекте радикализмге жана экстремизмге каршы туруусу талкууланды.