Кайрат ИМАНАЛИЕВ, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары, драматург: «Адабияттан, кинодон, театрдан алыс коом – ачка коом»

2-ноябрь – Кыргызстанда маданият кызматкерлеринин күнү

(Башталышы өткөн санда)

“Биздин ар-намысыбыз, улут катары сакталышыбыз Манаска байланыштуу”

– Андан кийин”Атаке баатыр” кыргыз улуттук драма театрына коюлду. Анан турмуш менен сахнанын айкалышы тууралуу “Актриса” деген пьеса жаздым. Алмазбек Сарлыкбеков иштеп чыгып, койду. Жамал Сейдакматова: “Манасчылыктын сыры ачылбай жүрөт, бир пьеса жазчы. Жөн эле адам манасчы болбойт эмеспи”, – дегенинен “Көк Теңирдин белеги” жана “Манасчы. Урпак. Аян” деген эки пьеса жаздым. Муну да Замирбек Сооронбаев койду. Манас – кыргыздын жандүйнөсүн аруулай турган рух дүйнөбүз болуп жатпайбы. Бул бекер жаралган эмес. Бул кыргыз элине Жараткандын белеги катары жаралган деп, биздин ар-намысыбыз, улут катары сакталышыбыз Манаска байланыштуу деген ойду айткан ушул драма көптөгөн сынактарга катышып, жакшы байгелерди алды. 2016-жылы “Коркутту” жаздым. Түрксойдун башкы катчысы Д.Касенов: “Коркутту казактар, өзбектер, түркмөндөр да биздики деп жакшы баалашат. Эмне үчүн кыргыздар билишпейт?” – деди. Изилдеп көрсөм, Арстанбек Буйлаш уулунун керээз ырында: “Мен деле өлүп баратам. Ажалды мен эмес ажал менен ар башкан Коркут атам деле жеңбептир”, – дегени бар экен. Демек, Арстанбек билгенден кийин, Коркутту бүтүн кыргыз билген да. Ошентип изилдеп отуруп, Коркут жөнүндө чыгарма жаздым. Түрксой колдоп, ыраматылык Марат Козукеев койгон. Муну менен көп өлкөлөргө барып, Казакстандан биринчи орун, Түркиядан гран-при алды. Анан 19-кылымдагы кыргыздардын тар заманы тууралуу “Керээз” деген драмамда, ошол кылымда кыргыз уруу-урууга бөлүнүп, бирдиктүү хан шайлай албай турган кезде, сырткы күчтөр ички күчтөрдү тукуруп, буларды бири-бирине каршылаштырган саясат жүргөн. Ошол кездеги уруулар ортосундагы чабышты, Манас атабыздын керээзин чагылдырып, Арстанбектин: “Устаранын мизинде оодарылган дүнүйө” дегениндей, оодарылып турган доордон сабак болсун деп жазылып, сахнада 2017-жылы коюлган.

“Министрликте иштеп, өзүнүн чыгармасын койдуруп жатат дебесин деп…”

– Министрликке келгени, театрлар жаңы чыгарма сурап жүрүштү. Бирок: “Өзүнүн пьесасын койдуруп жатат”, – деген сөз болбосун деп, көңүлдөнбөй жүргөм. Бирок пандемияда, үйдө отуруп калган убакта “Үмүт” деген драма жаздым. Мурдагы министр Азамат Капаровичтин бир айтканы бар: “Дүйнө театрлары бир эле киши ойногон моно-спектаклдерди коюп жатышат. Пандемия учурунда он-он беш кишини сахнага алып чыгуу кыйын экен. Эмне үчүн бизде моно-спектакль жок?” – деп. Ырас эле, Султан Раевдин “Суфлёру” бар, анда да он чакты бийчи бийлеш керек, анан “Илекилекте” эки-үч киши катышат, Гүлайым эже “Саманчынын жолун” ойноп жүрөт. Башка моно-спектакль жок болчу. Бул оюмда жүргөн. Ошол учурда Жеңиштин 75 жылдыгы болуп жаткан учур эле. Бала чагымда согушка кеткен уулдарын, абышкасын күтүп, өмүр бою эле үмүтүн үзбөй көлдү карап отура берген энелерди көрүп калгам. Анткени, согушка пароход менен алып кетчү ал кезде. Ойлосом, кандай гана алаамат, согуш, жоготуу, тумоо болгон кезде, эң оор азапты эне тартат экен. Эң оор трагедияны эне гана көтөрөт экен. Эне, айрыкча, баланын трагедиясын эч качан унутпайт экен. “Өмөттө” мына ошону жаздым. Санкт-Петербургдан окуп келген Улан Карыпбаев деген жаш режиссер койду, эненин ролун Назира Мамбетова эже абдан жогорку деңгээлде ойноду.

“Жашоодо, коомдо роль ойноп жаткан актёрлорду сахна аркылуу кайра өздөрүнө көрсөтсөм деген оюм бар”

– Ооба, бүгүнкү күндү сахналаштыруу – оюмда жүрөт. Жашоонун өзү театр болуп калган сыяктуу. Көчөдө жүрсөң деле, чогулушта отурсаң деле, кече эле бирди айтып жаткан адам бүгүн башканы айтып жаткан болот. Коомдук-саясий турмушта деле ошол. Ушуларды жазып, жашоодо роль ойноп жаткан актерлорду кайра сахнадан өздөрүнө көрсөтсөм деген оюм бар. Коомдук тема өтө көп. Адамдын тагдыры да оорлошуп кетти. Анын баары жүрөгүмдө бар. Адабияттын чоң миссиясын мамлекет алдыга чыгарып, идеология жүргүзүп, коомду тарбияга салмайын, мамлекет өнүкпөйт. Руханий дүйнөсү жок, адабияттан алыс, ки-нодон алыс, театрдан алыс коом – ачка коом. Мындай учурда адамды бир гана акча кызыктырып калат экен да, руханий дүйнө жоголот экен. Руханий дүйнө жоголгон жерде – улууга урмат, кичүүгө ызаат, ата-энеге мамиле, коомго, айлана-чөйрөгө мамиле деген жоголот экен. Карап отурсаң: “Мен эле кыйынмын, мен эле иштеп берем!” – деген, акылдуулардын эмес, айкыргандардын дооруна өтүп баратабыз. Коомдун деле ушул кыйкыргандарды ээрчип кеткени өкүнүчтүү. Ошондуктан адамдарга сабак боло турган адабиятты алып чыкмайын коом оңолбойт. Театр эмнеден келип чыккан? Коом бузулуп, коомду тарбиялоо мүмкүн болбой баратканда коом өзүн-өзү көрсүн деп театр пайда болгон. Адам сахнадан өзүн көрүп, өзүн таанып, кемчилигин түшүнсүн деп чыккан. “Келиндер козголоңун” деле карасаңыз. Балдары спектакль коюп берсе, кемпир: “Булар мени аткарып жатышат”, – деп таанып жатпайбы. Коомду дагы ошол сыяктуу театр менен, адабият менен тарбияламайын, мурунку нарктуу, салттуу элибизди бузуп алабызбы деген коркунуч бар.

“Мамлекет сөзсүз түрдө руханий дүйнөнүн идеологдорун иштетиш керек”

– Мурун эмне үчүн элибиз таза жашаган? Анткени, алар бала кезинен “Манас” уккан, бала кезинен көркөм дастандарды уккан, ошого ыйлаган, ошого берилген. Ошонун руху, духу канына сиңип, намыстуулукка үйрөнгөн. Тилин жоготпой, дилин жоготпой, салтын жоготпой жашаган. Ошону менен биз эл катары улуулугубузду сактап келгенбиз деп ойлойм. Советтер союзунун учурунда идеологияга басым жасадык. Ошон үчүн эл коммунизмди сүйүп, мекенди сүйүп жашады. Согуш убагында да “кың” дебей майданга аттанып, колхоз-совхозго иштеп беришти. Ошондо эмне үчүн адабият, маданият, театр токтогон эмес? Элди руханий жактан тойгузуп туруу керек болгон. Жандүйнөсү байэл ачка болгонуна деле карабайт. Ошондуктан согуш убагында опера-балет театры салынды. Согуш убагында театрлар, филармония иштеп турду. Жазуучуларга брон берип, согуштан алып калышканы эле эмнени айтып турат? Ошондуктан мамлекет сөзсүз түрдө руханий дүйнөнүн идеологдорун иштетиш керек деп ойлойм. Биз эгемендүүлүктүн алгачкы учурунда ар кимибиз эле үй-бүлөнү багуунун айласын издеп калбадыкпы. Ошону менен материалдык кызыкчылык алдыга чыгып, дүнүйөкорлукка үйрөнүп алдык. Бирок элдин жашоосу азыр андагыга караганда Кудайга шүгүр. Маши-не деген көчөгө батпайт. Той деген күндө болуп жатат. Элдин кийинген кийимин карап көргүлө. Бирок баары бир эле, кандайдыр бир нерсе жетишпей жаткандай болуп турат.

Дүнүйөкор өлкөдө эч убакта ынтымак болбойт

– Бул кризистен чыгуу үчүн мамлекет идеологиялык армия түзүшү керек. Чыгармачыл адамдарды иштетиш керек. Жаңы чыгармаларды жаратууга стимул болуш керек. Азыр жазуучулардын коомго, мамлекетке кереги жок болуп калды. Болбосо, союз маалында жазуучулар үйдө отуруп эле китеп жазып, калем акы алышчу. Идеологиянын фронтунда иштеген Сыдыкбеков, Касымбеков, Баялинов, Жантөшов жана башка жазуучулардын чыгармалары менен кыргыз эли калыптанган, өскөн. Ошол эле убакта котормолорго көңүл бурулган. Элибиз дүйнөлүк маданиятты билсин деген аракет бар эле. Азыр котормо, балдар адабияты деген такыр өлдү. Кенедей кезден ыр жаттап чоңойдук эле го. Эми бала бакчадагы балдардын жаттаган ырын угуп ыйлагың келет. Мунун баарын калыбына келтириш бир эле маданият министрлигинин колунан келбейт. Маданиятка болгон мамилени мамлекеттик масштабда оңдомоюн, бул муктаждык жоюлбайт. Акын, жазуучулардын баарына стимул берип, жазууга шарт түзүп бермейин, мыкты чыгарма жаралбайт. Мисалы, мыкты акча коюп, сынак жарыялоо, китептерин чыгаруу керек. Союз маалында композиторлорду, жазуучуларды: “Ошол жактан жазып келгиле”, – деп, акчасын төлөп атактуу санаторийпансионаттарга жиберер эле. Маданият менен руханиятыбыз байымайын, коомдо бир нерсе жетишпей жаткансып, руханий ачкачылык боло берет. А дүнүйөкор өлкөдө эч убакта ынтымак болбойт. Себеби ар ким эле өз көмөчүнө күл тарта берет. Ынтымак болбогон жерде – биригүү болбойт. Намыс-ары, теги бар элбиз. Бирок ошол элди руханият менен тойгузуш керек.

Мамлекеттик саясаттын элге эң жеткиликтүү куралчандары – чыгармачыл интеллигенция

– Бүгүн элдин колдоосу менен Садыр Жапаров бийликке келди. КТРКда иштеп жүргөндө бул киши менен иштешип калдым эле. Мен билгенден бул киши улутту ар-намыстуу жигиттеринин бири. Ушул эле Иса Ахунбаевдин эстелигин койдуруп, тарыхта орду бар Боронбайдын эстелигин Түпкө койдурган. Түгөлбай Сыдыкбековго, Кусейин Карасаевге кызмат кылып жүргөнүн билем. Ошол жагынан алып караганда, Кудай буюрса, Садыр Нургожоевич мамлекеттин башында чоң жоопкерчиликти алып жаткандан кийин, мамлекеттин руханиятына көңүл бөлөт деп ойлойм. Анткени, мамлекет руханий баалуулуктарды бөлбөй, өзүнө тартып алып иштетиши керек. Мамлекеттик саясатты саясатчылар, мисалы, министрлер, депутаттар эле жүргүзбөйт. Мамлекеттик саясаттын элге эң жеткиликтүү куралчандары – бул чыгармачыл интеллигенция болуп эсептелет. Себеби, эмне үчүн эл Ленинди же компартияны мактап чоңойду? Минис-трлер же депутаттар элге жеткирген жок да.

Аны:“Улуу атабыз Ленин, Жаштын берген тилегин”, – деп акындар жазган го. Жазуучулар Телегей, Уркуя, Кычан, Зууракан, Дүйшөн, Толгонай сыяктуу каармандарды жазып, эл ошолорго карата түзөлүп, таасирленип өстү го. Аларды опералар, театрлар көрсөтүп берип жатты. Айылдык колхоз, свхоздорго чейин клуб салынып, акртисттердин баарын малчы, дыйкандарга айдап, элди руханий жактан тойгузуп турбады беле.

“Чыңгыз агайдын эгемендик тууралуу айткан эң акыркы маегиндеги сөзү…”

– Биз дүйнөнү дүңгүрөткөн архитектуралык имарат сала алган жокпуз, бирок дүйнө таң калгандай, “Манас” эпосубуз сыяктуу руханий эстелик курдук. Эмне деген күүлөрүбүз, ырларыбыз бар? Биз ошону менен эл болуп сакталып калдык деп ойлойм. Болбосо, канчалаган дүйнөнү дүңгүрөткөн эл жоголуп кетти. Эмне деген элдер мекенсиз жүрөт? Биз эли-жерди, намысты коргоонун эмне экенин чыгармалар аркылуу билдик да. Тарыхты билишибиз керек. Өткөндөн сабак алышыбыз керек. Өткөн катаны ошондо кайталабайт элек. Мурун айылда бир эле аксакал башкарып койчу. Эл акылга таянып иш кылчу эле. Эми ал да жок болуп баратат. Аксакал эл алдына чыгып сүйлөсө: “Аңкылдабай ары бар, алчуңду алдың. Жечүңдү жедиң!”– деп башка бир коюп жатпайбы. Бул өтө чоң коркунуч. Түгөлбай атанын менде бир маеги бар. Казак Акматовдун 50 жылдыгында айткан: “Бир кезде бизди малчылардын, саанчылардын республикасы”, – деп таанычу эле. Мына азыр Кыргыз мамлекети деген эгемен мамлекет болдук. Миң булак биригип келип бир дарыяга куйгандай биримдиктүү эл болсок, өзүбүздүн маданиятыбыз менен адабиятыбызды өстүрүп, эгемендүүлүгүбүздү сактап калсак!” – дегени бар. Анан Бакайдын: “Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, Бөлүнүп жатат кыргыз деп, Бөтөн элге кеп кетет!” – деген насаатын кыргыз өмүр бою кулагыбызга алтын сырга кылышыбыз керек!” – деген кеби бар. Чыңгыз агайдын эң акыркы маегин мен алып калдым, эгемендүүлүктүн алды болчу: “Эгемендүүлүк – бул силерге буюрган бакыт, силерге буюрган энчи. Канчалаган менин аталарым, замандаштарым бул күндү көрбөй, арманда өтүп кетти. Ушул күнгө согушсуз, кансыз жеттик. Ушуну сактап калыш үчүн ар бир адам мамлекеттин туруктуулугу үчүн салым кошуш керек!” – деген. Анын сыңарындай, бүгүн дагы мамлекеттин бүтүндүгүн жеке кызыкчылыктан жогору коюуга үйрөнүшүбүз керек. Антпесек бизди арбактар да кечирбейт. Кыргыз мамлекети үчүн жан берген Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков деген аталарыбыз: “Өзүбүзчө мамлекет болуп кетсек”, – деген эмне деген идея менен кетишкен. Ошол күнгө Кудай жеткирди. Эми телчигүү мезгилинде ушундай сыноолордун болушу мыйзам ченемдүү болушу мүмкүн. Бирок муну кайра-кайра кайталабашыбыз керек деп ойлойм.

Жыпар ИСАБАЕВА, Кыргыз Туусу