Нурзат АБДРАШИТОВА: «Элмирбектин муңдуу обондору, ырлары бирөөгө эмес өзүнө арналгандай эле туюлат»

Өзүнүн дайыма оргуштап турган төкмөлүк, обончулук, акындык, актерлук, манасчылык, аткаруучулук таланты, чечендиги, сөзмөрдүгү менен, адамгерчилиги, кичипейилдиги, жөнөкөйлүгү, жаркып тийген күндөй маанайы жана кыргыз элине жан дили менен берилгендиги менен элибиздин сүймөнчүктүү эл уулуна, азыркы замандын Токтогулуна айланган Кыргыз эл артисти Элмирбек ИМАНАЛИЕВдин арабыздан кеткенине билинбей эле жарым жыл болуптур. Залкардын күтүүсүздөн өтүп кетиши жалпы кыргыз элинин, кыргыз маданиятынын чоң жоготуусу болсо, анын артында калган үч уул, үч кызына, жубайы Нурзат АБДРАШИТОВАга оор сокку, кайгы болду. Бирок, бул инсан аз өмүрүндө кыргыз маданияты үчүн опол тоодой эмгек жасап, “Булбулум”, “Аруузатым”, “Коштошуу вальсы”, «Жалгыздыктан тажап бүттүм», «Мунарым», «Балкыма», “Жамгырдагы кусалык” сыяктуу обондорду жаратып, артында кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал төкмө акындарды, төкмөлүк өнөрдүн улуу мектебин калтырып кетти. Демек, ал түбөлүк өлбөс инсанга айланды. Жакында залкар төкмө акындын “Аманат” поэтикалык китеби жана “Ак таңдагы ак бата” аталышындагы маркумдун көзү тирүүсүндө жазган баталары кирген эки китеби жарык көрдү. Түгөйүнөн ажырап, муң жутуп турганына карабай белин бекем байлап, кыргыз эли суусап турган китепти чыгарган кайталангыс акындын жубайы Нурзат АБДРАШИТОВА менен баарлаштык.

– Нурзат айым, мага алгач сиздин Элмирбек Иманалиев менен кандайча таанышып, табышып калганыңыз кызык болуп турат?

– Биз 2008-жылы ноябрда ооруканадан капысынан таанышып калганбыз. Мен анда Президент менен Өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу клиникалык ооруканада иштечү элем. Ошол күнү реанимация бөлүмүнөн астыңкы кабатка шашып түшүп келе жаткам. Элмирбек жогору чыгып бара жатыптыр. Экөөбүз кайчылаш өтө бергенде ал мени эски таанышындай аябай карады. Мен да таң кала аны карап “бул мени бирөөгө окшоштуруп жатат го” деп ойлоп койдум. Анчейин маани берген эмесминби же жаштыгыманбы, айтор ошол күнү анын Элмирбек Иманалиев экенин билген эмесмин. Эртеси ишке келип бир палатага кирсем ал колун кежигесине алып, керебетте чалкасынан жатыптыр. Мени көрө сала тура калды да “кечээги ак куртка кийип, шашып чуркап бараткан сиз белеңиз?”,-деди. “Ооба” дедим. Ошентип сөздөн сөз уланып, экөөбүз таанышып калдык. Кийин анын сунушу менен 2009-жылы 24-январда экөөбүз баш коштук.

– Чыгармачыл адамдын, кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал төкмө акындын, эл уулунун түгөйү болуу жоопкерчилиги сиз үчүн бир топ эле кыйын болсо керек?

– Башында анын мүнөзүнө бир топ таң калып, таарынып да жүрдүм. Бул тууралуу анын жазган ырлары да бар. Качан эки балалуу болгондо гана мен ал кишини толук түшүндүм. Чыгармачыл адам кадимки адамдардан таптакыр башка болорун сездим. Бирок, ал мага дайыма жылуу сөздөрүн айтып, мени капа кылбаганга аракет кылчу. Ошентсе да бул кишидей адамдын жары болуу бир чети чоң сыймык болсо, бир жагынан кыйын болду.

– Дайыма эл арасында болгон жолдошуңузду кызганган чыгарсыз?

– Тирүү жан болгондон кийин андай учурлар болот экен. Бирок, мен аша чаап кызганып, иш убагында кайра-кайра чалчу эмесмин. Кыскасы, экөөбүз кызганычтын айынан урушкан деле жокпуз. Мен аны түшүнүп, ага толук эркиндик бердим. Ал бул жашоосунда эркин, дайыма толкуп жашады. Материалдык жактан деле кыйналган жок. Бизди дагы эч нерседен кем кылбай бакты.

– Карапайым адамдар, залкар төкмө акындын замандаш, үзөңгүлөштөрү, шакирттери ал кишинин бир муңайганын көрүшкөн жок. Үйдө да ошондой беле же кээде түнт тартып калган учурлары да болдубу?

– Ал көчөдө кандай болсо үйдө да ошондой шайыр жүрчү. Бирок, балдары негедир андан сестенип, анын кабак-кашынан эле баарын байкап турушчу. Бир нерсени атабызга тартынып жатып араң айтар элек. Биз эле эмес улуу, таанымал адамдар дагы Элмирбек менен сүйлөшкөндөн айбыгышчу дешет жанында көп жүргөндөр. Бирок, Элмирбек теледен өтө олуттуу адам көрүнгөнү менен куудулдук, актерлук жагыкүчтүү болчу. Кээде бизге жаныбарларды, атактуу адамдарды дал өзүндөй туурап берип боорубузду эзип салчу. Бул өнөрүн тар чөйрөдө эле көргөзүп элге чыгарган жок. Чоң итти, күчүктү, кичинекей баланы, кайсы бир атактуу адамды дал өзүндөй туураганда көргөндөр аябай таң калышчу.

– Акыркы маектеринде таңкы төрт жарым, бештерде эле туруп алам дегени бар. Эрте туруп көп нерсе жазса керек?

– Ооба, акыркы убактарда кеч жатып эрте туруп калган. Дем алыш күндөрү бизди таң эрте кыргыз күүлөрү менен ойготуп, “аталуулар алты, энелүүлөр эки тойду” тургула деп тамашалап калчу.

– Шаардан кысылып кеткен учурларында айылга биротоло кетип калсак деген ойлорду айтчу беле?

– Ар жылы үч-төрт жолудан айылга барып-келип турдук. Байкемдер бээ байлагандыктан кээде он күндөп жүрүп калган учурлар болду. Кымыз ичкенде кан басымы жогорулап кеткендиктен аны көп иче алчу эмес. Айылга көп барганы менен негедир жолдошум шаарга кеткенге шашып турчу. “Бишкекти үч күн көрбөй калсам сагынып ке-тем”, – деп калар эле. Ишинен бошоп калганда экөөбүз балдар менен бир топко басып, сейилдеп келчүбүз. Сыртта жүргөндө тааныгандын баары учурашып, айрымдар “сиз жапжаш турбайсызбы, калпак, чепкен кийип чыксаңыз эле улуу, сүрдүү көрүнөт экенсиз” деп калышчу. Таң калганым негедир ал акыркы эки айда көп жөө басты. Жумушунан үйгө чейин, үйдөн жумушуна чейин (“Айтыш” коомдук фондунан Тунгуч микрорайонуна чейин өтө узак) эки-үч жолу жөө барып келди. Жөө басып жүрүп кээде кечки саат 10-11лерде келчү. Шаардагы тыгындардан улам өзүнүн унаасын да көп айдаган жок. Анын үстүнө ал өзү техникага анча жакын эмес болчу. Аны түшүнгөн шакирти Асылбек Маратов устатын акыркы күндөрүнө чейин ташып жүрдү.

– Жакында эле Элмирбек агабыздын “Ак таңдагы ак бата”, “Аманат” деген китептери чыкты. Бул сиздин жеке демилгеңиз менен болдубу же башкалар дагы сунуш кылыштыбы?

– Элмирдин көзү өткөндөн кийин мен өзүмдү жоготуп дары менен жүрүп калдым. Бул акыбалдан чыгыш үчүн бир нерсе ме-нен алектениш керек болуп калды. Оюма анын китептери түшүп Азамат Болгонбаев, Мирлан Самыйкожо жана шакирти Асылбек Маратов менен кеңешсем алар дагы муну туура көрүштү. Ошентип китеп чыгаруу ишине киришкенде гана өзүмө келгендей болдум. Негизи өзү мурда көлөмдүү бир жакшы китеп чыгарам деп жүрчү. Кийин ал оюнан кайтып, “азыр китепти деле баалагандар аз” деп төш чөнтөккө баткыдай эле кичирээк китепче чыгарам деп калган. Бул китептерди ошол өзүнүн оюндагыдай кылып чыгардык. “Аманат” китебинде поэтикалык чыгармалары, ыр курак делген эки сап, төрт саптары камтылды. Карасам махабат темасындагы ырлары көп экен. Обондорунун көбү да негедир кайгылуу, муңдуу. Шаңдуу ырлары жокко эсе экен. Мындан улам бул инсандын сүйүүнү, махабатты ыйык тутуп, баалаганы сезилди. ªзү да “сүйүү бул Кудайдан келген маселе”, – деп көп айтчу. “Ак таңдагы ак бата” китебиндеги баталарын тааныштарынан, калемдештеринен чогулттум, өзүбүздө барларын коштук. Китебине сүйүндүбү айтор, китеп ана чыгат, мына чыгат болуп калганда жакшы маанайда түшүмө кирип жатты. Жакында эле китептердин бет ачарын кылдык. Миң нускадан чыккан китептерди окурмандар бир күндө эле сатып алып кетишти. Азыр үйгө чейин келишип, чалып “китеп алат элек, качан чыгат?” деп сурап жатышат. Буюрса китептерди жакында кайра чыгарабыз.

– Бул кишинин табыпчылык да касиети бар болчу деп калдыңыз. Ушул касиетин такыр укпаптырбыз?

– Анын мындай касиетин жакындары эле билчүбүз. Башында анын табыпчылык касиетине көп маани берген эмесмин. Бирок мени эки оорудан сакайткандан кийин анын табыпчылык касиетине ишенип калдым. Мен тургай мени көргөн дарыгерлер дагы кандайча айыгып кеттиң деп таң калышты. Кийин “кишилерди көрбөйсүңбү, сенин колуңан далайлар шыпаа тапмак” десем негедир көңүлдөнгөн жок.

– Балдарынан Эрулан комузга шыктуу деп айтышат. Кээде ал жамактап калабы?

– Ооба, Эрулан 4-классынан тарта комуз чертип, ыр жаза баштады. Ал ырын уккан атасы “Булбулумдун” экинчи варианты чыкты” деп күлүп калчу. Таң калычтуусу, Элмирбектин атасы да ал 4-класс кезинде каза болуп, ошол жылы ал атасына арнап алгачкы ырын жазганын айтып калчу. Минтип баласы да 4-классынан жанындай көргөн атасынан айрылып, ыр жазып калат деп ким ойлоптур. Коронавирус чыкканда Эрулан бул оору тууралуу да ыр жазды. Атасы каза болгондон эки күндөн кийин эле Эрулан бурчта бир нерсе тартып, жазып отурган. Көрсө ал атасынын сүрөтүн тартып, ага арнап 3 куплет ыр жазыптыр. Мен аны 10 куплет кылганда окутам деп азыр анысын катып алды. 3 куплет ырын окусам “ата сен мага баарын мурас кылып калтырып кеттиң” деген мааниде экен. Эрулан төрт-беш жашында эле бир аз жамактап, уйкаштырып айтып калчу. Азыр атасын жоктогонгобу, айтор, түнт болуп кетти. Себеби, атасы ага “сен 12 жашка чыкканда мен сенин устатың, мугалимиң да, досуң да болом” дечү. Эруландан көптү үмүт кылып, аны менен көп сүйлөшүп, экөө комуз чертип эле отурушчу. Ага чоң кишидей мамиле кылып, мен аны урушуп койсом “Эруланды урушпа, бул башкача бала, алдап, акырын түшүндүр” деп калчу. Кы-зыгы, бул балабыз комуз черткенди эмес, күүлөгөндү биринчи үйрөндү. Ошонусуна атасы да таң калып жүрдү. Эруландын башынын сол капталы кал болгондуктан чоң апасы айткандай кылып чачын өстүрүп, калын жаап койгонбуз. 3 жашында чачын кыскарттык. Бир топко чейин “чачым кана, эмнеге алып салдыңар?” деп жүрдү. Көрсө, бала кезинде Элмирбекке да каракуш жагына узун чач коюшуп, аны апасы өрүп койчу экен. Азыр балам жашыраак болуп жатат окшойт. Убагы келсе анын да дараметин көрө жатарбыз.

– Элмирбек байке акыркы кезде кант диабетинен жабыркап жүргөнүн билебиз. Диетага бекем болсо керек?

– Оорусуна байланыштуу куурулган тамактарды жебей, диетада отурчу. Ошондуктан дайыма бууга, сууга бышкан тамактарды даярдап берчүмүн. Өзү манту менен сүрсүгөн этти жакшы көрөр эле. Этти дайыма сүрсүтүп, сууга бышырып берчүмүн. Кээде той-ашка барганда диетасы бузулуп калган учурлар да болду. Кант диабети бар адам маал-маалы менен тез-тез тамактанып турбаса калчылдап кетет экен. Ошондон улам эки-үч саатта бир аз-аздан тамактанып турчу. “Айтыш” коомдук фондунан болсо устаттары менен дайыма бир жерден түштөнүп, кээде чай ичип алып турушчу. Мен анын минтип капысынан өтүп кетерин такыр ойлогон эмесмин. Ооруканага кетип жатканда да демейдегидей эле дарыланып кайра кайтуучудай сезилген. Бизди коркпосун дегенби кыйналганын такыр билдирген эмес окшойт. Бирок, акыркы убактарда канындагы канттын нормасы 33кө чейин чыгып кетип жаткан. Ошол себептен ийнеси менен инсулинди дайыма жанына ала жүрчү. Ага дайыма “өзүңдү карачы, бизге, элге керексиң” дечү элем.

– Чыгармачыл адамдын биринчи сынчысы жубайы болот эмеспи. Жаңы жаралган ырларын, обондорун алгач сизге сындатса керек?

– Таң атпай жазылган ырларын кээде окуп берип калчу. Акыркы чыгармасы “Жан” деген ыры болуп калды окшойт. Аны ооруканалап жүргөндө баштаган. Сексен куплетке жеткирем дечү. Тилекке каршы, ал 56 куплетменен токтоп калды. Бул ыры учурда жарык көргөн “Аманат” китебине кирди. Дагы бир жакшы обон жараткан. Аны комузга салып жатканда телефонго тартып алганбыз. Бул обону элге чыкпай калды. Буюрса кийин обондуу ырлары менен прозаларын китеп кылып чыгарсакпы деп ниет кылып жатабыз. Азыр мага Элмирбектин муңдуу обондору, ырлары бирөөгө эмес өзүнө арналгандай эле туюлат. Бул киши бул дүйнөдөн эрте кетүүчүдөй эрте үйлөнүп, эрте балалуу болуп, элдин кадыр, баркына да эрте татыптыр. Негедир сыйлыкнаамдар да ага 17 жашынан баштап эле берилип баштаптыр.

– Элмирбек байке өмүрүнүн акыркы күндөрүндө кайсыл чыгармачыл адамдар менен көп байланышта болду?

– Акыркы кездеринде өзү сезгендей болдубу же башка ой мененби айтор, шакирттери менен эле болуп калган. “Айтышка” таңкы жетиде кетип кечки ондордо гана үйгө келчү. Аны издегендер ошол “Айтыш” фондуна барып атайын жолугуп кетишчү экен. Эли менен коштошкондой болуп 2018-2019-жылдары да шакирттери менен Кыргызстандын бир топ жерин да кыдырып келишкен. Быйыл дагы башка алыскы айылдарга чыгабыз деген максаттары бар эле.

– Залкар акындын көзү өткөнү шакирттери атасыз калгандай болушту. Азыр алар сиз менен байланышып, кеңешип турушабы?

– Буюрса алдыда жакшы иш чаралар бар. “Төкмөлөр келсе төр бошоттун” жаңы чыгарылышы азыр тартылып жатат. Элмирбектин шакирттери мындан ары кандай иш-чара болбосун сиз менен кеңешип турабыз дешет. Айрымдары мени мурдатан эле апа дешчү. Азыр да алар биз менен байланышып, кабар алып турушат.

– Элмирбек агабыздын өзүнө жаккан, өтө баалаган буюму кайсыл эле?

– Менимче анын баалаганы эле комуз болсо керек. Маркум Дооронбек Садырбаев ага Токтогулдун комузун белек кылган экен. Ошону баалуу мурас катары сактады. Бул эки комузу менен домбурасын да жакшы көрчү. Кээде домбура менен бизге казак элинин “Балхадишасын” кемелине келтире ырдап берчү. Анан шакирттеринин белектерин абдан баалачу. Шакирттери да ар жылы устатына өзгөчө белек кылууга аракет кылышты. Бир жылы мобул Кыргызстандын желегин, дагы бир жылы ушул териден жасалган чоң көөкөрдү белек кылышыптыр. Көзү өткөндөн кийин буларды үйгө алып келип койдум. Азыр анын ар бир кийими, кармаган буюмдары, мынабул сумкалары, сүрөттөрү биз үчүн баалуу. Албетте, элдин сүймөнчүктүү уулу болгон соң көп жашаса болмок. Бирок айла жок, өмүрү кыска экен. Анын артында туяктары калды деп ошого шүгүрчүлүк кылып отурам.

– Бул киши “Манасты” да укмуш айтчу эле. Буулукканда балдарына, жакындарына “Манас” айтып берчү беле?

– Ооба, үйдөн да айтып калчу. Көбүнесе узак сапарга чыкканда “Манас” айтчу. Бир жолу жакын досу Таалай Кермалиев менен Таласка бара жатып бир топко чейин токтоно албай “Манас” айтыптыр. Ошондо кадимки улуу манасчылардай эле буркан-шаркан түшүп, көл-шал тердеп, токтоно албай аябай айткан дешет. Үйдө болгондо балдарына комуз менен ырдап, күү чертип берип турчу. Ошол учурларын видеого тартып албаганыма азыр абдан өкүнүп отурам.

– Элмирбек байкенин акыл көрөңгөсү чексиз океан экенин билебиз. Бул киши чет тилдерге да кайдыгер эмес болсо керек?

– Акыркы жылдары Элмирбек чет тилдерге кызыгып англис тилин өз алдынча окуп жүрүп 200дөй сөздү үйрөнүп алган. Үйрөнгөн сөздөрүнүн баарын компьютерине жазып койчу. Эруландын мектеби кытай тилине багытталган мектеп болгондуктан эринбей баласы менен кытай сөздөрүн кошо жаттаар эле. Мага караганда атасы балдарын бат ийитип, бал тилге салып сабактарын абдан жеткиликтүү кылып окутуп койчу.

– Акын үчүн эң баалуу буюм комуздан кийин эле китеп болду го?

– Ооба, өтө көп китеп окуптур. Бирөөлөр китебин берсе “бул дагы чоң эмгек” деп аны үтүр, чекитине чейин анализдеп окуп чыкчу. Бир китепти үч-төрт саатта эле окуп коёр эле. Китепти тез-тез барактап окуп жатканын көрүп “ой, сен окуп жатасыңбы?” десем күлүп калчу. Башкаларчылап кийин бошогондо окурмун деп текчеге коюп койгонун көргөн жокмун.

– Коронавируска байланыштуу жарыяланган карантинде үйдө эле болдубу же бир жактарга да анда-санда барып-келип турдубу?

– Үйдө эле болду. Дайыма ишке барып келип көнгөндүктөнбү эртең менен, кечинде бир-эки сааттан сыртка балдар менен чыгып турду. Шакирттери да келип жолугуп, сүйлөшүп кетип жатышты. Бирок, карантин убагында ал кысылып кетти окшойт. Ошол кезде негедир үйгө батпай кыйналганын сезип турдум. Акыркы убактарда Кыргызстандын күндөн-күнгө карызга батканын, келечегин, кийинки муунду ойлоп аябай күйүп-быша берди. Эл карантинге туш келип калганда да аябай ойлонду. “Эми эл кантет?”, – деп кейиди. Анын кейигенин көрүп “кантың жогорулап кетет, өзүңдү да ойло” десем, “мен жашаарымды жашадым, балдарымдын келечеги эмне болот?”, – дечү. Кыргызда күйүтү ичине түшүп кетти деген сөз бар эмеспи. Менимче ал Кыргызстанды ойлой берип күйүтү ичине түшүп кетти окшойт. Азыр биз сагынычтын, кусанын күндөрүндө жашап жатабыз. Кээде буулугуп, аны сагынып ыйласам балдарым мени сооротушат. Туруп туруп эле кээде балдарым өздөрүнчө ыйлап калышат. Алар атасын сагынып ыйлап жатышканын сезип эле турам. Тирүүлүк деген ушул экен, бирибизди бирибиз алаксытып жашап жатабыз.

– Бирок, өзүңүз айткандай залкардын артында туяктары калганы кыргыз элинин ырысы болду окшойт?

– Азыр элди түйшөлткөн маселе дагы ушул. Мындай адамдын тукумун алып калуу, залкар акындын жары болуп калуу мен үчүн эбегейсиз чоң бакыт. Бактылуумун. Бирок, мындай кишинин аманаттарын, уул-кыздарын Элмирбексиз өстүрүү өтө чоң жоопкерчиликти, өзгөчө тарбияны талап кылат экен. Балдарым атасынын атын булгабаган, элдин үмүт-ишеничин актаган жакшы инсандардан болушун, атасындай кыргыз деп күйгөн, кыргыз маданиятына, тарыхына зор салым кошкон инсан болушун Кудайдан тилейм. Эң башкысы оорубай, ден-соолукта болушсунчу. Элибизде азыр Элмирбек Иманалиевдей океан талант качан, кайдан чыгат деген ой турат. “Аккан арыктан суу агат”, – дейт эмеспи кыргыз элим. Буюрса балдарымдан үмүтүм чоң. Атасынын жолун улап, балдарымдан атасындай мыкты төкмө акын чыкса менин бул дүйнөдө арманым жок. Азыр атабыздын өзүнө тургай калдайган караанына, күлкүсүнө, үнүнө, көчөдө баскан ар бир изинин чаңына зар болуп отурабыз.

Маектешкен Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”