Жапаров Сооронбай Жээнбековдун экс-президенттик макам кандай учурда алына тургандыгын айтты

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн басма сөз жыйынында Сооронбай Жээнбековдун экс-президенттик макам кандай учурда алына тургандыгын айтты.

Жапаровго «Эгерде коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбековдун тиешеси бар экендиги аныкталса, анда ал экс-президент макамынан ажыратылып, жоопкерчиликке тартылабы?», — деген суроо узатылды.

«Эгерде анын чынында эле оор кылмыштарга катыштыгы болсо, анда бардыгы мыйзам чегинде каралат. Азырынча анын эч кандай кылмышы жок», — деди ал.

«КАБАР МАБ»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *