Бактыбек ЧЫТЫРБАЕВ, кыл кыякчы: «Кыл кыякты балдарга үйрөтсөм, өөрчүтсөм, өнөрдүн баркына жетсем деген тилек жүрөгүмдү туйлатып турган кези»

– Бактыбек мырза, кыл кыякчылык өнөр комузчулук өнөр сыяктуу эле көөнө, ошол эле учурда улуттун руханий-көркөм, эстетикалык аң-сезиминин бийиктигинин деңгээлин чагылдырып, элдин өлбөстүгүн далил-деген өнөр эмеспи. Кыл кыякчылык өнөрүнүн бүгүнкү абалы кандай?

– Бүгүнкү күндө кыл кыяк өнөрү кыймылсыз абалда десем туура болот. Аспап эстрадада дайыма колдонулат. Бирок, ал жансыз, болгону обондорду коштоо үчүн пайдаланылып келе жатат. Эски күүлөрдү анда-санда аткарымыш болушат. Бирок, мукамын келтирбей тартып жатышкандыктан, уккандарга таасири жок. Жаңы күүлөр жок. Бирок, “кыргыздын кыл кыягы бар, көрүп жүрөбүз” дегенге жарайт. Болгону ушул. Кыл кыяк аспабы бар, кыл кыякчылар бар, күүлөрү бар, кыл кыяк жасаган усталар бар. Бирок, өөрчүү жок, жандуу жашоосу жок. Мени түйшөлткөн ой кыл кыяктын ушундай абалы.

– Кыл кыяктын кечээгиси кандай эле?

– Кечээ бул өнөр эл үчүн абдан зор мааниси бар эле деп ойлойм. Кыл кыяк качан пайда болуп, качан колдонулуп баштап, кандай болуп колдонулганын так билиш кыйын. Болгон фактыларга таянып айта турган нерсе булар. Манаста айтылганына караганда көп эле кылымдар колдонулуп келген. Мааниси зор болгон дегеним, илгерки заманда музыка азыркыдай элди “каптап” турган эмес. Ар бир музыкалык добуш чоң таасир берип, аны башкарган адам да жөн эле кыйкылдата берген эмес. Кыл кыяк Кыргызстандын бардык жеринде болгон. Алайда, Алайкуда, Ноокатта, Чүйдө, Таласта, Кочкордо, Ысык-Көлдө… Кыл кыякчылар болгон ар бир жерде. Тогуз-Торо, Нарында Жолой деген атактуу кыл кыякчы болгон, ал кыл кыякты куудулдукка колдонуп, адамдардын, жан-жаныбарлардын үндөрүн туурап, тамаша кылып элдин көңүлүн ачып колдонгон. Дагы бир тогуз торолук белгилүү семетейчи (атын унутуп атам) эпос айтып атканда өзүн коштоп пайдаланган. Кара Турап деген чоң кыякчы кыяктын добушун ушундай чеберлик менен башкаргандыктан угуп жаткан канаттуунун эсин жоготуп эрип калганга чейин жеткиргендиги элдин эсинде айтылып калган. Айтылуу Муратаалы Күрөңкөй уулу, атасы Күрөңкөй, чоң атасы Белек бул өнөрдү кастарлап абдан бийик деңгээлде алып жүрүшкөн. Ошолордун салтындагы Муратаалы өзү тартып берип патефондун табагында, кийин магнитофондун тасмасында сакталып калган 4 күүсү бизге жетти. Ал күүлөр кыл кыяк күүлөрүнүн көөнө дагы, көркөм дагы үлгүлөрү. Кыл кыяктын күүлөрүнүн ичинде салттуу күүлөр бар. Алардын биринчиси Керезен күүлөр. Ал күүлөр сурнайдын добушун, анын элди жыйынга чакыргандагы сигналдык кайрыктарын не-гиз катары камтып, ар кандай кооздолуп, тартылып отуруп, ар кимдики өзүнчө аткарылып отуруп сакталып, кийин салттык күү болуп калган. Түштүктө кыл кыяк дастан айтууда көп колдонулса керек. Белгилүү дастан обондордун аттары менен күүлөр салтка айланган. Алардын бири “Бекарстан” деген күү. Күрөңкөй атайы жер кыдырып Алайкуга чейин барган экен. Ал жердин кыякчылары анын бир күүсүн эстеп калып, өз репертуарына кошуп алышкан, “Күрөңкөйдүн Сурнай күүсү” деп. Филармонияда иштеп, дайыма жалпы эл алдында кыяк тартып чыгып жүргөн акыркы профессионал кыл кыякчы Саид Бекмурат уулу 1966-жылы каза болду. Ошого чейин Кыргыз радиосунун Алтын Фондуна 5-6 кыякчынын жалпысынан 100дөн ашпаган күүсү жазылып сакталып калган. Ошол биздин кыл кыяктын мурасы. Ошону менен кыл кыяктын эски заманы бүтөт десек болот. Бир топ жылдан кийин Толтой Мураталиев – анын окуучусу, устатын туурап тартып жүрүп, ал киши да кетти бул дүйнөдөн. Кыл кыякта адамдардын, табийгаттын ар кандай добуштары, эл колдонгон ар кандай обондор – ырлар, кошоктор, дастан обондор, башка аспаптардын күүлөрү, кайрыктары тууралып, кооздолуп аткарылып келген, документ сыяктуу сакталган. Өз алдынча күү болуп өөрчүтүлгөндөрү да болгон. Андай өөрчүтүлүүсү аспапчынын дараметине жараша болгон.

– Кыл кыяк жана кыл кыяк күүл өрүнүн эртеңи кандай?

– Элибиздин, мамлекетибиздин абалы сыяктуу эле кыл кыяк өнөрү да жалпы кыргыз музыкасынын ичинде жаңыланууга, өзгөрүүгө, өөрчүүгө мук-таж болуп турат. Замандан артта калбаш керек. Дүйнөлүк музыка өнөрү азыр биз үчүн чоочун нерсе эмес. Биз өзүбүз эгер ал зор маданиятты кабыл албасак, анда өзүбүздүн эле катачылыгыбыз болот. Кыл кыяк азыр мурункудай эле жасалып жатат. Эч өзгөргөн жок. Аткаруу ыкмалары да мурункудай. Жакынкы кошуна боордош элдердикиндей тырмак менен ойноону кабыл алсак дароо мүмкүнчүлүктөрү ачыла түшмөк. Чыгыш элдеринин салттык музыкаларынын ыкмалары менен жакын таанышып өздөштүрүү зарыл. Мамилени өзгөртүү керек. Бул аспапта түркүн музыкаларды аткаруу, жөн эле обон катары аткарбастан, күү катары угуучунун таасирлеп, сыйкырлай тургандай салты менен аткаруу керек. Ушул нерсе негизги өзөгү болушу керек өнөрдүн. Болбосо, пайдаланып кереги жок. Күү деген сөздүн түпкү маанисинде ошол түшүнүк жатат. Бул сыйкырлоо, күүлөө, таасирлөө, арбоо, дарылоо дегендей бакшылык кесиптин түшүнүктөрүнөн музыкага өткөн. Музыканттык кесип негизи, менин оюмча, ошол бакшылык кесиптен келип чыккан да. Күү өнөрүнүн ошол негизги функциясын жоготпошубуз керек. Бакшылыктын жаңы деңгээли болушу керек кыякчылык, комузчулук жана негизи музыка өнөрүндө. Дүйнөдө, негизи, музыканын негизги касиети ушул да. Албетте, айтылып жаткан сөз эстрада сыяктуу көңүл ачууга арналган жеңил музыка жөнүндө болуп жаткан жок. Олуттуу музыка тууралуу болуп жатат. Өзүбүздүн күүчүлүк өнөрүбүздүн терең маанисин, баасын, баркын аныктообуз керек. Карамолдо, Муратаалы, Арстанбек залкарлардын аткарган чеберчилигинин жолунда кетиши-биз керек. Бирок, сөзсүз эле өзгөртпөстөн сактап туруу милдет эмес. Күү деген маңызын сактап, ал эми формалары ар кандай белгисиз багытта өзгөрө бериши мүмкүн болушу керек… Ушул иш маанилүү жана зор. Бул жашоо турмуш менен тең кете турган нерсе. Замандын ыргагы менен, кадамы менен, деми менен.

– Сиз өзүңүз кыл кыякты кимден үйрөндүңүз? Устатыңыз, шакиртиңиз барбы?

– Негизи мен кыякчылыкты өзүм эле өздөштүрдүм десем болот. Сакталып калган күүлөрдүн касиетин түшүнөм деген далалат менен аларды 2-3 жыл нотага түшүрдүм, анан туурап окшоштурдум. Ошентип үйрөнүп кеттим. Саид, Муратаалы, Иманкул кыякчылардын күүлөрүн үйрөндүм. Адегенде жөн эле окшоштуруп жүрдүм. Мукамын көп жылда барып таптым. Бул нерсе тулку жана жан дүйнөмдүн, сезимдеримдин өзгөрүүлөргө дуушар болгондон кийин келди. Даостордун Тайчи деген тажрыйбасы жардам берди деп ойлойм. Албетте, бала кезимдеги окуткан музыка мугалимдеримдин берген таалими да жардам берди. Кээ бир түшүнүктүү адамдардын берген баасынан улам кыяк күүлөрүн жакшы бир деңгээлде тартып калдым десем мактангандык болбойт деп ойлойм. Бирок, ушуну менен мен да токтоп калгам. Балдарды да жакшылап үйрөткөн эмесмин. Азыр убакыттын аздыгын жана өнөрдүн баасын түшүнгөндөн кийин, балдарга үйрөтсөм, өзүм өөрчүтсөм деген, өнөрдүн баркына жетсем деген тилек келип туйлап турган кезим. Азыр кыякты көп тартканга, кээ бир учурда жетишкен жакшы деңгээлимди кайра таап, ошол деңгээлиме бекем отуруп, жаңы келген түшүнүктөрүмө таянып, бул өнөрүмдү өөрчүтүүм керек деп турган кезим. Кыскача айтканда ушундай. Кыякчымын деген балдарды да жаныма келишсе аларга түшүндүрүп, жетилбеген жерлерин жетилтип, кеңештеримди берип, туура жолго салсам деп ниеттенип турган учурум.

– Ортодо көп жыл багбанчы болдуңуз, убактыңыз багбанчылыкка да кетти окшойт?

– Багбанчылык ишим менин болгон убактым менен күчүмдү алып коюптур. Ал ишим калды. Музыка угуп, аткарып, эл алдына чыгайын деп аракет кыла баштаганда убакыт-күчүм жетпей ал иш калып калды.

– Кыл кыяк жасаган усталардан кимди айта аласыз?

– Кыл кыяк жасаган усталардан Марат Берикбаев жана Мирбек деген жигиттер бар. Башка жок. Бул өнөр ушул эле эки кишинин колунда турат. Бул да жакшы эмес. Бул өнөр өөрчүүсү керек. Алардын шакирттери болушу керек. Жаңы ыкмалар, аспаптардын жаңы формалары, түрлөрү изделиши керек. Бул иш кеңири жайылышы керек эле, антпесе конкуренция жок, өөрчүбөйт. Кыяк күү өнөрүнүн өөрчүсүнө аспап жасоодогу жаңылыктарда жакшы таасир тийгизе алат болчу.

Маектешкен Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»