Нарынбек КАЛЫБАЕВ: «Чыгармачылык менен дарыгерчиликти алып жүрүү учур талабы”

 “Булактагы кездешүү”, “Шашпагын”, “Карындашым”, “Туулган жер”, “Бир тууганым” аттуу обондуу ырлардын автору Нарынбек КАЛЫБАЕВ акыркы жылдары сахнадан кєрүнбєй кеткен. Бул аралыкта ал бекер жүрбєй “жигитке жетимиш єнєр аздык кылат” дегендей дагы бир єнєр үйрєнүп, ден-соолукту чыңдоо боюнча жакшы иш жасап жүрүптүр. Бирок, чыгармачылыкты да таптакыр эле таштап койбой ыр куржунун да толтуруп жаткан чагы экен. Күрдєєлдүү күздє аны редакциябызга мейманга чакырып маектештик.

– Нарынбек мырза, көп жылдан бери көрүнбөй кеттиңиз. Эмне менен алексиз?

– Чыгармачылык – бул өзүңүз жакшы билгендей түйшүктүү жол. Бирде аргымак өзү жакшы чуркап берсе, бирде алдыга озуп чыгыш үчүн анын саяпкери жакшы болушу керек. Чоң энемден калган табыпчылык, дарыгерчилик сезим бала кезден көкүрөктө бар эле. Үч-төрт жылдан бери ден-соолукту чыңдоо боюнча кытайлардан, кыргызга таанымал агайлардан окуп, сабак алдым. Алгантажрыйбамды башкалар менен да бөлүшүп, бир топ адамдын ден-соолугун чыңдоого да жетишип, дарыгерлик боюнча тиешелүү дипломго да ээ болдум. Ошол себептен чыгармачылыктан убактылуу алыстап калдым. Бирок, чыгармачыл адам дайыма жаңы нерсени жараткысы келип тургандай эле мен дагы угармандын жан дүйнөсүн аралап кеткен жаңы ырларды жаратуунун аракетинде жүрөм. Элге көрүнбөгөн менен куржунум куру эмес. Элдин психологиясына жараша үч-төрт ырды жаздырып, аранжировкалатып койдум. Жазга жуук буюрса алардын клиптерин радиого, телевидениеге беребиз. Азыр чыгармачыл адамдарга абдан сонун мүмкүнчүлүк түзүлдү. Жаңы ырды интернетке койсоң бир заматта миң, миллиондогон угарман угуп, көрөрман көрөт. Мурда жакшы ырларды да эфирден кетире албай кыйналчубуз. Тааныш-билиш болбосо ыр уккулуктуу болсо да элге тарабай калчу. Азыр ар бир талант өзүнүн жеке каналын ачып, ырларын жүктөп коюп жатышат. Мен дагы өз интернет каналымды ачып койгом. Ушинтип чыгармачыл адамдар бири-бирибизге жөлөк-таяк болуп жатабыз. Андан башка биздей адамдарга жардам берген деле киши жок.

– Учурда туруктуу кызматыңыз барбы?

– Туруктуу ишим жок. Бирок, ашказанды тазалоо, гайморитти операциясыз айыктыруу, укалап айыктыруу боюнча иштеп жатам. Чынында азыр Кыргызстандагы төрт адамдын үчөө оорукчан. Ушундай акыбалда калкка колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз. Жеке клиникаларга да барып гайморит менен ооругандарды, башы, ашказаны, желкеси ооругандарды табийгый чөп дарылар менен, Кытайдын дарылары менен сакайтып жатабыз.

– Ырчылыктан дарыгерчиликке оңой өткөнүңүзгө караганда чоң энеңиздин табыпчылык касиети бар го сизде?

– Ооба чоң энебиз бала кезинен табыпчылык улуу жолдо жүргөн киши болгон. Ошол Токтобүбү чоң энемдин касиети атама өткөн. Бирок, атам киши көрбөй өмүр бою механизатор болуп иштеди. Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, канда болгон соң ал нерсе укумдан тукумга калат экен. Башы ооругандардын башын кармап койсом эм жүрүп айыгып кеткендер болду. Анан ошол касиетти өнүктүрүп, элдин батасын алып жатам.

– Дарыгерчилик менен жүрүп чыгармачылыгыңыз экинчи планда калып калган жокпу?

– Азыркы учурда эки тизгин, бир чылбырды алып кетүү оңой эле. Чыгармачылык менен кетем деп эле башка ишин калтырып койгондор азыр толтура. Менимче, чыгармачылык менен дарыгерчиликти айкалыштыруу абдан жеңил. Себеби, чыгармачылыкка да, медицинага да улам бир жаңылык кирип турса элге өтө пайдалуу болот. Мисалы, ырчылар жети-сегизден биригип жер-жерлерге чыгып жатышат. Концерттин эртеси кечке уктап жаткандан көрө элге атайын ден-соолукту кароо боюнча атайын сааттарды уюштуруп койсок неге болбосун. Түшүнгөн адамга бир учурда элге руханий азык тартуулап, ошол эле кезде карапайым адамдардын саламаттыгын чыңдоо чоң эрдик. Алдыда ушундай жакшы идеяларды жүзөгө ашыруу максаты турат. Кыр-даалга байланыштуу аны азыр ишке ашыра албай турабыз. Азыр ашка, тойго, эмнеге болбосун машине менен барабыз. Жол эрежесин сактабагандыктан Куран түшүрүүгө бара жатып мерт кеткендер арбын болуп жатат. Буга баягы эле шашкандык, баягы эле кополсуздук, баягы эле психологиялык жактан кысылып жүргөндүгүбүз себепкер. Ошондуктан бир эле мезгилде чыгармачылык менен дарыгерчиликти алып жүрүү учур талабы болуп жатат. Башкасын айтпасак деле илгерки өнөр адамдарында табыпчылык, адамдарды айыктыруучу касиет болгон.

– Тилекке каршы, ушу тапта Кыргызстанда турмуштан кыйналып жүргөн, стресс болуп жүрүп өтүп кеткен чыгармачыл адамдар арбын болуп жатат. Ошондой кыйынчылыкта жүргөндөргө кандай кеңеш берет элеңиз?

– Эң биринчи чыгармачыл адам таарынчаак болбош керек. Өнөр адамдары бирөө мындай турчу деп койсо деле, байкабай түртүп кетсе деле таарына беребиз. Экинчиден, бизде көрө албастык тамырлап кеткен. Бирөөнүн жакшы нерсесин көрө албай ичибиз тарыйт. Ошондой жаман сезимдерден арылып, аларды жеңишибиз керек. Адам жакшы ой ойлоп, ага жетүүгө максат кылса Кудай эртеби-кечпи, ошол тилек-максатка жетелеп барат. Жашоо – бул бир күндүк эмес да. Адамдын кандай экени анын өмүрүнүн аягында билинет дейт. Эгер адамдын көзү тирүү кезинде эмгеги бааланбаса, ал адам өтүп кеткенден кийин анын балдары анын аты менен жакшы жашашы мүмкүн. Мен Тургунаалы Нурматов атабызга тирүү кезинде кызмат кылып калдым. Ал кишиге капысынан көчөдөн жолугуп калып, офисиме алып барып он күндөй массаж кылып, жакшы каалоо-тилектеримди, мактоолорумду айттым. Ал киши чыгармачылык сезим менен мамлекетке, элге, жакындарына таарынып өзүнө көрүстөн издеп калган экен. Ага: “Сиз кыргыздын жигиттерин намыска чакырган ырларды жараткан мыкты адамсыз” деген сөздөрдү айтып бир аз болсо да сүйүнтүп, батасын алып калдым. Залкар акын Зайырбек Ажыматовго да массаж жасап анын батасына арзыдым. Ал кишинин жүрөгүндө да эл билген, билбеген толтура сыры, муңу бар эле. Чыккан ырларына караганда чыга элек ырлары арбын болчу. Ошол ыры, муңу кыйнап жүрүп ал ки-ши да өтүп кетти. Мен бул кишилердин аз да болсо жан дүйнөсүн түшүнгөнгө аракет кылганыма кубанам. Бирок алигиче залкар төкмө акын Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүүсүндө жакындан таанышып, ал кишинин желкесин укалап, ден соолугуна аз да болсо салым кошуп, ак батасын ала албай калганыма өкүнөм. Чубак ажынын батасын албай калганыма арман кылам. Дагы өкүнүп калбайын деп кыргызга кызмат кылып, бирок анын эмгегин эч ким баалабай жүргөн инсандарды өзүм издеп барып, жакшы сөздөрүмдү айтып, дарылап, көзү бар кезде сыйлап калууга аракет кылып жатам.

– Менимче, биздеги таланттуу адамдарда таанылып алган соң кандайдыр бир менменсинүү, манчыркоо пайда болот. Муну жоюуга болобу?

– Аны жок кылыш үчүн албетте, Кудайдын улуу жолунда жүрүш керек. Таза жүрүп, намаз окуш керек. Намаз – бул мусулмандын калканы, короосу. Короосу жок үйгө көрүнгөн мал-кел кирип кете берет. Адам баласы өзүнө-өзү мен кечээ ким элем, бүгүн ким болдум, эртең кайда барам деген суроону бериш керек. Адам адашат, унутат. Кечээ эле суу өткөн батинке кийгенибизди байыганда унутуп калабыз. Чыгармачыл адамдардын бат өзгөрүлүп, манчыркап кеткени алардын Кудайды унутуп койгонунда. Чыгармачыл адамдар кээде кайдыгербиз. Бирөөнүн талантын көрүп турсак да жакшы сөз айта албайбыз. Билмексен болуп, өсө турган адамга жардам бере албайбыз. Ушул өңүттөн ойлонуп мен кечээ жаңы Маданият министри болгон Нуржигит Кадырбековго барсам ал киши көлдө экен. Биз азыр эптеп-септеп ырчы болуп алгандарды сыйлай бербей кыргыз элине чыныгы кызмат кылган, атуулдук ырларды, обондорду жараткан таланттарды сыйлашыбыз керек. Мисалы, “Кыргызстан-ыйык Мекен, Кыргызстан койнуң кенен, Коргойбуз сени бек туруп!” деген жакшы ырдын обонунун автору кадимки эле мигранттардын катарындагы Акылбек Айтиев. Ал киши азыр Самарада иштеп жүрөт. Ал кишинин чөпкө да зыяны тийбесе керек. Анын мындан башка да жакшы чыгармалары бар. Ошол киши бааланбай он жылдан бери чет мамлекетте жүрөт. Аны мамлекет чакырып өзү сыйлабаса ал киши мага сыйлык бергиле демек беле. Анын үстүнө чыныгы чыгармачыл адам эч качан наам, сыйлык сурабайт. Ушул ойду ортого салып, министрге айтып жакшы нерсенин жарчысы болоюн деген улуу тилегим бар. Маданият күнүндө Кыргыздын желегинин түбүндө туруп, ал кишинин ырын ырдап, ушул кишиге наам бериш керек деп Фейсбуктагы баракчама да жазып койдум. Кыргызстан качан гана адамдын эмгеги бааланып, акыйкаттуулук орноп, намыскөйлүк болгондо гана оңолот. Азыр саясатта, маданиятта, адабиятта, журналистикада деле эмгеги бааланбай жүргөндөр оголе көп. Мына ушуларды баалаш керек. Чындап келсе наам деген кол коюлган эле бир кагаз. Ошол жөнөкөй кагаздан турган сыйлык, наам татыктуу адамдын көзү тирүүсүндө берилсе ага эң чоң стимул, дем болот. Өз учурунда сыйлык алган адам дагы сонун эмгектерди жаратканга далалат кылат, шыктанат, эргийт, изденет. А көзү өтүп кеткенден кийин берилген сыйлыктын маркумга кандай пайдасы бар. Ошондуктан Акылбек Айтиев сыяктуу таланттуу адамдарыбызды мамлекет баалабаса да эл баалап, демилгелеп, көтөрүп алышыбыз керек.

– Аты жаман оору күчөгөндө кыргызга белгилүү мыкты таланттар өтүп кетти. Аларды кандайдыр бир туура аракеттер менен сактап кала алат белек?

– Албетте. Биздин медицинада биринчи орунда адам өмүрү эмес акча турат. Биздин медициналык система оорулуунун болгон акчасын шыпырып алып, көрүнгөн УЗИге түшүрүп, ооруган адамды ого бетер кыйнайт. Ошондуктан кыргыз медицинасына да жаңылыктар керек. Дарыгерге көрүнөм деп шаардын ар кайсы бурчуна бармайды, дары-дармек бизнесин токтотуучу мезгил келди. Кочуштап антибиотик, дары-дармектерди жазып берип, аларды саттырткан бизнесмендерди жойбосок асыл адамдардан дагы да айрыла беребиз. Ысык, суук деп ата-бабалар ооруну туура аныктаган. Адам катуу ойлонгондо желкеси тырышып, кан жакшы жүгүрбөй, ашказаны иштебей калат. Ошондон улам жеген тамагы аш болбой, каны коюуланып, жүрөгү кысылып, кан басым жогорулап отуруп көп адам оо дүйнөгө узайт. Мунун баары биринчиден ойдон, экинчиден, адамдардын бири-бирине болгон мамилесинен, үчүнчүдөн, үй-бүлөдөгү социалдык жашоотиричиликтен, жокчулуктан улам болот. Оорунун баары жокчулуктан, атың өчкүр кредиттен улам болуп жатат. Ошондуктан мамлекеттик идеология туура болуп, эл үчүн кызмат кылган адамдарга мамлекет ата-энедей камкор болушу керек. Ооруган акын, жазуучуну, өнөр адамдарын мамлекет бекер дарылап, быйылкыдай оор кырдаалдарда азык-түлүгүнө чейин жардам кылып, жакшы сөзүн айтып турушу кажет. А бизде быйылкы пандемияда бир туугандарыбыз менен эле боорукер адамдар гана жардам бербедиби. Сырттан элдин саламаттыгына делинип келген акчалар оң, сол чөнтөктөргө кетпедиби. Элдин кыжыры кайнаган үчүн Ак үйгө чейин кирип баарын талкалап салбадыбы. Бийлик элди ошого жеткирип койду.

– Учурда эл бардык жагынан оорулуу. Жан дүйнөнүн, дененин дарыгери катары айтыңызчы, эл канткенде айыгат?

– Элдин социалдык турмушу оңолгондо айыгат. Адамдар өзүнүн огородунда тердепкургап иштегенде, өз мээнети менен тапкан акчаны жегенде, ªкмөттөн жакшы мамиле күткөндө, бири-биринен алыстаган ата-эне менен баланын кусалыгы жоюлганда айыгат.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”