Коррупция, тышкы карыз, эл аралык терроризм…

Өлкө бүгүнкүдөй финансылык-экономикалык жактан кыйчалыш абалда турганда өз көмөчүнө гана күл тартып, өзү гана байысам дегендердин бар экени өкүндүрбөй койбойт.

Дегенибиз, анын баары 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин ачыкка чыгып, бийликке келген азаматтарыбыз өлкөнү кыйын кырдаалдан чыгарып кетүүнүн аракетин жасоодо. Салык төлөөдөн баш тартып келаткан жана салыктан жаап-жашырылып келаткан ондогон фактылардын бети ачылууда. Ошолордун эң айкын мисалы – «МИС» ААК. Финполиция “МИС” ачык акционердик коому бир нече жылдардан бери мамлекеттен ири өлчөмдө салык төлөөдөн баш тартып келатканынын бетин ачты. Аталган мамле- кеттик финансылык көзөмөл мекемесинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, Ысык-Ата районунда жайгашкан “өнөр жай, соода жана айыл чарба багытындагы 30га жакын кыймылсыз мүлккө ээ болгон “МИС” ААК камсыздандыруутөгүмдөрү жана башка социалдык төлөмдөр боюнча милдеттүү төлөмдөрдү төлөбөгөндүгү, ошондой эле акыркы бир нече жыл ичинде нөлдүк көрсөткүчү менен салык отчетторун бергендиги аныкталган. Товардын ири жүгүртүлүшүнө карабастан, мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири көлөмдө 90 миллион сом зыян келтирилген”. “Кыңыр иш кырк жылда” дейт, тиешелүү мамлекеттик органдар бул иштин ак-карасын адилет, мыйзам чегинде караштырып, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат деген ойдобуз. Бир эле «МИС» ААКсы эмес, ага окшогон беттери мис табактай, ондогон жылдар мыйзамдан коркпой келген ишканалар мындан ары мыйзам чегинде иш кылып калгысы бардыр. Бул биринчи-ден. Экинчиден, буга чейин деле аталган ишкананы финполициясы болобу, башка текшерүүчү органдар болобу, текшерген чыгар. Мурдагы бийлик деле шымаланып, коррупция менен күрөшүп жатабыз дечү. Анда эмнеге эмгиче бул кыңыр иштин бети эми гана ачылып отурат. Демек, бул да ойлончу маселе. Бүгүн коомчулуктун көңүлүн бура турган оор, мамлекеттин коопсуздугу жана бүтүндүгү жана мамлекеттин тышкы карызы менен байланышкан көп маселелер бар. Оболу тышкы карыздан баштайлы. Кыргызстандын тышкы карызы 4 млрд. доллардан ашып, ага ар бир кыргызстандык күйүп-бышып жатат. Айрыкча социалдык түйүндөрдө талкуу катуу. Бири: «Мен миң сом берем, айткыла, кантип, кимге беребиз» десе, айрымдар: «1 сом да бербейм. Мамлекеттен 1 сом да жардам тийген эмес», «Уурулар жесе, эл төлөйбү?», «Чоңдор жесин, анан эл төлөсүнбү? Байлар акча чогултуп төлөй берсин!!! Кайсы акылдуу ушуну ойлоп таап жатат» деп ачык эле айтышууда. «Эмне, акча уурдап жегендерди кустурса болбойбу? Анда коррупционер чоңдор дагы да “побольше” жей баштайт. С.Исаков менен Атамбаевди кустурса эле жетет. Калгандардын акчасына жол, мектеп, оорукана салса болмок», «Тизгин колуна тийди, бийликке келгендер төлөсүн», «Кытайдын карызынан кутулуу үчүн АШАнын сотунан конфискацияланган жер, ишкана, акчаларды, ТЭЦке байланыштуу соттолгондорго коюлган штрафтарды, эгер Матраимовдор кармалып соттолсо, алардын чыгарган акчаларын, Зилалиевге окшогондордун мыйзамсыз баюусунан конфискациялануучу каражаттардан чогултуп эле кутулуп койсо болот. Болгону муну аткара турган киши барбы? Баары эле оозу менен тоону томкоруп жатышат. Бир-эки ай күтө туралычы, баары белгилүү болот» дегендер да жок эмес. Эми мамлекеттин коопсуздугу маселесине келсек, КРнын УКМКнын басма сөз кызматы “26-октябрда УКМК эл аралык террористтик уюмдардын (ЭТУ) ишмердүүлүгүн каржылоо каналдарын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, 1995-жылы туулган “И.Н.” аттуу КРнын жараны кармалганын, ал ЭТУ жетекчилеринин көрсөтмөсү боюнча акча каражаттарын Сирияда согуш аракеттерине катышкан бандиттик түзүмдөргө жөнөтүү үчүн чогултуп жүргөндүгү аныкталганын” билдирди. Тышкы карыз тигинтип коколоп турганда, эл ичинде эл аралык терроризмге күйүп-бышкандар жаштар экени жана алар кылмыштуу иш-аракеттери менен Сириядагы бандиттик топторго акча топтоп жатканы жалпы эле коомчулукту, мамлекеттик күч түзүмдөрүн катуу ойлонтууга тийиш деп ойлойбуз. Буга Кыргызстандын ар бир жараны да кайдыгер карабай, күч түзүмдөрүнө маалымат аркылуу да жардам кылса сонун болмок. Кыргызстандын коопсуздугуна жана бүтүндүгүнө каршы багытталган ар кандай кылмыштуу иш-аракеттер жалпы коомчулук тарабынан айыпталууга тийиш.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *