Инвестор кодуланса казына толбойт

Кыргызстандагы 5-октябрь окуясынан кийин Чаткалдагы “Жамгыр”, “Кичи Чаарат”, “Терексай”, Таластагы “Жерүй”, Ала-Букадагы “Бозумчак”, “Иштамберди” тоо-кен компаниялары ишин токтоткон. Аларга Кеминдеги «Алтын кен» ишканасы кошулду. Быйыл экономиканын абалы начар. Тышкы карыз желкеден басып турат. Мамлекеттик бюджетке олуттуу салым кошуп жатышкан тоо-кен комбинаттарын кандай болбосун ишке киргизүү керек. Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров түштүк аймактарын кыдырганда тоо кен ишканаларынын абалы менен таанышып кайтты. Ушул тармактагы көйгөйлөр тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин директорунун милдетин аткаруучу Аскар Сыдыков менен маек курдук.

– Аскар Куттубекович, быйыл өлкө казынасы 35 млрд. сомго тартыш. Ушундай кыйын абалда эң ири тоо кен компаниялары бир айдан ашык убактан бери иштебей турушунун себеби эмнеде?

– Тоо-кен компанияларына карата жергиликтүү элдин талабы арбыды. Көп жерлерде: “Биз айткан адамды дайындайсыңар, тигини алып саласыңар» деп, кадрдык саясатка кийлигишүүлөр көбөйдү. Мисалы, кароолчулардын жетекчисин компания жайгашкан айылдан дайындоо туура эмес. Анткени, коррупцияга жол берүү тобокелчилиги чоң. Тоо-кен комбинаттары режимдик объект болгондуктан коопсуздук маселеси бар, жардыруучу заттар, уулуу калдыктар сакталат. Адатта, тоо-кен тармагына жүз миллиондогон доллар инвестиция салынат. Кымбат баалуу техникалар колдонулат. Тополоңдуу окуялар болгон сайын ошолорду өрттөп, талкалап кууп отурсак Кыргызстанга инвестор келеби? Ошондуктан инвестордун мүлкүнө, коопсуздугуна 100 пайыз кепилдик болбогон соң алар иш баштоодон заарканышууда. Көбүнчө компаниялар жергиликтүү жаштарды окутуп даярдашат же башка кендерден тажрыйба топтогондорду алышууда. Кадрдык конкурсту адегенде жергиликтүүлөргө жарыялашат. Адис табылбаса районго, андан кийин облустук деңгээлге жарыялайт. Токтоп тургандардын ичинен эң ириси – “Алтын кен”. Жылына бюджетке 15 млн. долларга жакын которуп турат, жергиликтүү бюджетти да колдойт. 1000ден ашык жумушчусу бар. Ал жерде иштегендер маянаны көбөйтүүнү талап кылышууда. Тоо-кен компаниялары жайгашкан аймактардагы жарандарыбыз өлкө оор абалда турганда сабырдуулук кылышса дейм. Кыргызстандын өнүгүүсүн кааласак, саясий туруктуулуктун биротоло орношуна өз салымыбызды кошууга милдеттүүбүз. Чет элдик банктардан кредит алып, көп тобокелчиликке башын сайып, иштеп жаткан компаниялар дагы бар. Ал эми биздин аны менен такыр ишибиз жок. Инвестор өрт чыгып кетпөөсүн, уулуу заттар сууга кошулбашын, комбинат токтобой иштөөсүн ж.б. толуп жаткан жагдайдын баарын камсыздоону өз жоопкерчилигине алып ишмердүүлүк жүргүзөт. Мисалы, кенди казган учурда алтын мурда пландалгандан аз чыгып калса инвестордун капчыгы жукарат. Ошондо да алар фабрикасын кура электе, бир грамм продукция ала электе жергиликтүү элге көптөгөн жардамдарды берип келишет. Компаниялар дайыма жергиликтүүлөр өндүргөн продукцияны сатып алууга макул. Андан тышкары, Ысык-Көлдө кен казууга керектүү спецкийимдер тигилип кайра тоо-кен компанияларына сатылып жатат. Чаткалда тоо-кен компанияларынын жардамы менен шире чыгаруучу ишкана ачылып, кайра өздөрүнө соодаланууда. Инвесторлор колдон келген бардык жардамдарды элден аябайт, бизден саясий туруктуулукту камсыздоодон башканы суранышкан жок.

– Бүгүнкү күндө ири тоо-кен компанияларынын токтоп турушунан бюджет канча чыгым тартып жатат?

– Жалпылап алганда күн сайын 4 млн. 200 миң сом салык түшпөй калууда. Октябрь айындагысын алсак, 128 млн. сомдон казына куржалак калды. Тоо-кен компанияларынан жергиликтүү бюджетке дагы акча бөлүнүп, мектепти, ФАПты, жолду ж.б. курууга жеоңдоого берилип турат. Мисалы, бир эле «Бозумчак» кенинен жылына жергиликтүү бюджетке 148 млн. сом бөлүнүп берилүүдө. Айталы, мындан мурда Ала-Буканын Көк-Таш, Көк-Серек айылдарынын Кыргызстан менен байланышкан жолу дээрлик болгон эмес. Бири-бирине Өзбекстан аркылуу киришчү. Бул мамлекеттин коопсуздугуна туура келбеген көйгөй эмеспи. Бүгүнкү күндө ал жакта «Бозумчак» кен компаниясынын каражатына жол салынган. Электр энергиясы тартылып, үзгүлтүксүз берилип калды. Ошол эки айылдын 500гө жакын тургуну аталган кенге жумушка алынган. Мындан тышкары, ар бир тоо-кен ишканасы өзүнүн кайрымдуулук фондусун түзүп, жергиликтүүлөргө түрдүү жардамдарды берип келүүдө. Статкомитеттин маалыматына таянсак, Кыргызстанда 2020-жылдын 1-жарымында 30 миң жаңы жумуш орду түзүлгөн. Тилекке каршы, пандемиядан улам кайрадан 36 миң жумуш орду жоюлуп кетти. 2019-жылдын аталган мезгилинде 47 миң жумуш орду түзүлгөн. Быйыл ал 30 пайызга аздык кылып жатат. Ошонун ичинен түздөн-түз тоо кен тармагына тиешелүү жаңы түзүлүп келе жаткан жумуш орду 1000ден ашат. Бирок, аталган тармак өзү менен кошо башка тармактарды да тартып келе жатканын унутпайлы. Эң башкысы, Кыргызстанга келип жаткан жалпы тышкы инвестициялардын ичинен 40-50 пайызы тоо-кен тармагына тиешелүү.

– Тоо-кен өндүрүшүнүн экспортко катышы кандай болууда?

– Кыргызстанда чыгарылган товарларды өлкө ичинде сатып, ич ара соода жүргүртүүдөн ары узабай отура берсек андан эл байыбайт. Мамлекетти сырттан акча тартып келүү менен өнүктүрө алабыз. Тоокен тармагынын табиятында алыскы тоолууайылдарды өнүктүрүүчү артыкчылыгы бар. Болбосо, ойлоп көрүңүз, кышы катуу болуп, жолдору дээрлик жазга чейин жабылып калган алыскы Чаткалга, Тогуз-Торого же Бозумчак тоолоруна иштегени кайсы чет элдик инвестор каражат салгысы келсин? 2020-жыл абдан катаал болуп жатат. Коронавирус пандемиясы дүйнө экономикасын алсыратты. Сырттан инвестиция тартпаса болбой баратат. Экономикасы абдан чакан Кыргызстан эле эмес ири мамлекеттердин да баш оорусу ушул. Кыргызстандын экспорту менен импортунун ортосунда дээрлик үч эсе айрыма бар экенин жакшы билебиз. Ошол айрыма эмне менен жабылат? Тоо-кен тармагынын 100 пайызы экспорт болуп эсептелет. Алтынды сыртка чыгарабыз. Андан бизге доллар кирип жатат. Ага кайра башка товарларды сатып алып жатабыз. Тоолуу өлкөлөр табигый кен байлыктарын көйгөйсүз, митингсиз иштетүүнү дээрлик жолго коюп алышкан. Ошол байлыктардан казынага түшкөн каражат башка тармактарды өнүктүрүүгө зор өбөлгө түзүп келе жатат. Кыргызстанга келели, 2016-жылы тоо-кен комбинаттарынан (Кумтөрдү эсепке албаганда) казынага 1,5 млрд. сом түшкөн. Ал эми бул көрсөткүч 2019-жылы 3 млрд. 200 млн. сомго жеткен. Көрүнүп тургандай, 3 жылдан ашуун убакыттын ичинде бул 2 эсеге өстү. «Кумтөрдү» өзүнчө айтсак, орточо алганда жылына 9 млрд. сомдой түшүп турат. Башка жардамдарына сөз узартпай эле коёлу. Казынага түшкөн акчалар пенсия, жөлөк пул, бюджеттиктердин айлык маянасы ж.б. социалдык колдоолорго жана өнүгүүгө жумшалат. Айрым жарандардын: «Тоо-кен байлыктарды азыр иштетпей, көп жылдарга «тоңдуруп» коёлу. Кийинки муундар иштетсин» деген пикирлерин угуп калам. Бирок, беш-он жылдан кийин алтындын дүйнөлүк рыноктогу баасы канча болорун эч ким билбейт. Алтындын наркы абдан түшүп кетиши ыктымал. Айталы, мунайзаттын баасы пандемияга байланыштуу түшүп кетти. Мындай жагдайды эч ким күткөн эмес. Дүйнөлүк окумуштуулардын айтымында жакынкы эле жылдары уюлдук телефон колдонуудан чыгат. Ал буюм түрүндө эмес, электрондук түрдө абада көрсөтүлүп калышы ыктымал. Балким, ал кулакка таккыч же көзайнек түрүндө чыгарыла баштайт. Ошондой болгондо, алтындын наркы биротоло түшүп, тоокен тармагын иштетүү азыркыдай киреше бербей калышы болжолдонууда. Же болбосо алтын банктарда резерв катары сакталып калат. Бирок, алтын канчага сакталары дагы белгисиз. Кыргызстанда алтындан тышкары сейрек кездешүүчү металлдар арбын. Дүйнөдө баалуу металлдардын 17 түрү бар. Бизде ошонун он бири табылган. Бул абдан чоң байлык. Алардын айрымдары космостук ракетанын тетиктерине колдонулат. Аскердик өндүрүшкө керектелет. Ошол байлыктарды өз убагында колдонуу, мамлекетти өнүктүрүү биздин милдет.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *