Пандемия инвестицияга да кесепетин тийгизди

Инвестиция тууралуу сөз болгондо, чындыкка түз караганда абалыбыз анча жакшы эмес. Муну учурдагы бийлик башындагылар деле ачык айтып жатат. Айталы, Биринчи вице-премер министр А.Новиков үстүбүздөгү жылдын 6 айын алганда, Кыргызстанга инвестициянын кириши 56 пайызга кыскарганын билдирди.

“Мунун негизги себеби, илимий-техникалык жана кесиптик ишмердүүлүктө жатат. Жөнөкөй тил менен айтканда, пайдалуу кендердеги геологиялык чалгындоолор кыскарып кеткен. Пандемиянын кесепетинен атайын кесиптеги адистердин өлкөбүзгө келе албай, кен иштеткен жайларды калыбына келтирүү, алардын толук кандуу иштетилбей калышы чоң кесепетин тийгизди”, –деди ал.

Ал эми Улуттук банктын маалыматына таянсак, жыл жыйынтыгында өлкөнүн ИДПсы 3-3,5 пайызга төмөндөшү ыктымал. Эгерде “Кумтөрдүн” салымын чыгарып салсак, бул көрсөткүч дагы төмөн болушу мүмкүн. Ошол эле Улуттук банк ИДПнын өсүшү, кийинки жылы 2021-жылы жөнгө салынып, 5-5,6 пайызга жогорулайт деген ишенимде.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *