Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Өлөрүндө карылыктан эки бүктөлүп, бүкчүйүп калган  Бүбү эненин элеси андагыдан  таптакыр башка, баягы Алымкан жаңы келин болуп келген кездегидей алдуу-күчтүү,  тыкчыйып боюна тың экен.

А бирок жакын келбей, адатынча өктөм, өткүр тиктеп, обочороокто турат.  Анын көздөрүнөн келини:

– О, шоркелдей! Эмне жатасың?! – дегенди окуду.

– Энеке?!. – деп, эмнеге жатканын өзү  да түшүнбөй жатканын  айта албай алакан жайып,  өзүнүн жерде жаткан денесин карады Алымкан.

Жылан-таягынын учу менен көзгө сайып жиберчүдөй:

– Шордуу! Узун кулактыгың менен ушакчылыгыңдын  айынан  Жараткандын каарына, тиги бечаранын  убалына калдың! – деп Кызмончокту жаңсайт эне.

Ансыз да Кызмончоктун ата-энесинин өлүмүнө, Кызмончоктун ар кимге куу тумшук болуп, жайдакталып жалгыз, мээримсиз калышына өзүн күнөөлүү сезип жүргөн  Алымкан ого бетер кибиреп, кичирейе түшкөнүйт.

– Мени кечириңиз, энекебай? – ыйламсырай карайт. – Айыбымды кечириңиз?

Ошондон кийин гана эне таягын ылдый түшүрөт.

– Мени ала кетиңиз, эне?.. – эреркей карайт келини.

– Уу… шордуум! – баягыдай эле өктөм, бирок бу саам жибигендей жумшак унчугат. – Алып кетүү, алып келүү менин колумда болсо, сени да, мына бу шордууну да мындай азапка  калтырбайт элем го! Андан көрө, али кеч боло электе кетип кал! Бар…

Таягынын учун  дагы сес бере шилтегенде  жалтана түшкөн  Алымкан кетенчиктеп барып, жерде жаткан  өз денесине чалынып жыгылгандай болот. Андан аркысын билбейт… Бир билгени, башы  катуу ооруп, кулагы чуулдап жаткан болчу. Өзүнүн кыңкыстап, онтогон үнү угулат…

Аздан соң кайненеси  ага адатынча дем салып, бети-башка чапкылап, ойготуп жатканын сезет… Оозуна ууртап алып бүрккөн суусу ушунчалык муздак экен…

-Эне?.. Үшүп атам… — көзүн ачканга аракеттенет.

Бирок энеси көрүнбөйт. Анткен менен эми элеки

капкара булуттарды көрдү. Түрмөктөлүп, так үстүндө чакалап төгүп  турган болчу…

Мунун баары өңү же түшү экенин ажыратып биле албай дендароо жатат.

***

Күн күркүрөп жиберди.

Асан  тараптан агылып келип аткан  агыш нур –  мээрим, сүйүү Кызмончоктун акыл-сезимин сергитип баратты. Атүгүл жанараак  эч нерсе сезбей чымырап, таш-муз болуп турган тулку-бою кызыл жалынга  түшүп кеткендей, ысып-күйүп келатты…

Баягы бала кези, ата-энеси элес-булас болуп, туюмуна келе калып жатты…

Анда да, денеси ушинтип от-жалынга түшүп же колу-буту муздап кеткенде апакеси айланып-тегеренип: “Кагылайыным, кагылып кетейиним! Сага берген дартты Кудайым мага берсин! Кудайым пендем десе, баламдын ден соолугун чың, өмүрүн узун кылса экен. Балама келген тумоо суунун  агымы менен кетсин, айдарым  жел менен кетсин! Караңгы түн менен кетсин! Кудай, айланайын, баламды  жаман көздөн сакта, баламды жама сөздөн сакта! Ушуга келген дартыңды мага бер, ” – деп өпкө-жүрөгүн чаап, жалынып-жалбарып жүрүп айыктырып алчу. Кызга апасынын берген ысык сорпосу, чөп-чарды кайната коюп ичирген дарысы бир тең да, бою-башын балкытып, балбаалаган энелик мээрими, сүйүүсү бир тең болор эле. Андан артык дары жоктой, апасы кудум жомоктогу сыйкырчыдай сезилчү. Баарынан да, ата-энеси  ага эч качан, эч кимден, жада калса ажалдан да жеңилбечү, өлбөчү сыяктанып,  алар  баарынан күчтүү,  кудуреттүүдөй ойлочу  тура…

Кызмончоктун акырындап өз калыбына келе баштаганын сезген Жан  сүйүнөрүн да, күйүнөрүн да билбей турду. Бир билгени, ал Асанды ушунчалык жек көрүп, анын  бул жерден көздөн кайым болуп, же  жер менен жексен болуп  кетүүсүн каалап кетти. Жана бу жерге келе жатканында, Кызмончокко билгизбей күм-жам кылып койбогонуна  да өкүнүп алды.  Асан болбогондо, балким Кызмончок  азыр  кудум  кабыгын таштап, сыртка чыгып кеткен жыландар сымак, адамдык келбетинен чубалган сулуу жыланга айланып,  суурулуп  чыга келмектир?!.  Анда Жан экөө бири-бирине кыл аркандай эшиле  оролушуп, эркелешип, кубалаша ойногон боюнча бу жерден алыс, тээ алда кайда, адамдардын кулагы угуп, көзү көрбөгөн жактарды карай кетип баратышмак! Кете беришмек, кете беришмек… Эч качан айрылышпай жүз жыл, балким эки жүз, ким билет, балким андан да көп жылдар  бою бирге жашырынып-жашынбай,  өздөрү да эч кимге жагымсыздык жаратпай жашашмак. Адамдар да,  жыландар да, айтор, башкалардын  баары өз-өз күндөрүн көрүп, өздөрү каалагандай жашай беришмек! Булардын алар менен  иштери да болмок эмес!

(Уландысы бар)

 

One thought on “Жыландын сүйүүсү (3-китеп)

Комментарии закрыты.