Президенттик шайлоону өткөрүүгө жарым миллиард сом сарпталат – вице-премьер
Президенттик шайлоону өткөрүүгө жарым миллиард сом сарпталат. Бул тууралуу президенттик шайлоону өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси, вице-премьер-министр Максат Мамытканов билдирди.
Ал, 2020-жылы бюджетте тартыштык маселеси бар экенин айтып өттү.
“Шайлоону өткөрүүгө ал каржы кыйынчылыктары таасир этпейт. Каржы министрлиги каражат бөлүп берет”, — деди ал.
Эскерте кетсек, президенттикн шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.