Кызматташуу кыйынчылыкта билинет

18-ноябрда Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы саясий жана экономикалык кызматташуунун азыркы абалы тууралуу пикир алмашуу болду.

Президенттин милдетин аткаруучу Россия тарапка саясий кризистен чыгууга көрсөткөн колдоосу, ошондой эле коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу өлкөдөгү татаал мезгилде көрсөткөн ар тараптуу көмөгү үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосунда ырааттуу жүрүп жаткан авиа каттамдардын санын көбөйтүү зарылчылыгын белгиледи.

«Каттамга ПЧР-тестинин жыйынтыгы терс чыккан жарандар гана өткөрүлүп жатат, бул эки өлкөнүн аймагына жаңы коронавирус инфекция-сынын өтүп кетүү тобокелдигин азайтат. Ошондой эле бул чаралар эпидемиологиялык коопсуздук режимин колдоого өбөлгө болуп, биз өлкөлөр ортосундагы толук кандуу карым-катышка жана өз ара аракеттенүүгө кайта алабыз», — деди ал.

Мамлекет башчысынын милдетин аткаруучу мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди жөнгө салууда жана бекемдөөдө парламенттер аралык кызматташуу өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи. Н.Удовиченко Россия тарап Кыргызстан менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди баалай турганын — мамлекеттердин ортосундагы интенсивдүү саясий байланыштар жана саясий диалог жүргүзүлүп турарын баса белгиледи.

Ал Россия Кыргызстандагы саясий кырдаалдын толугу менен турукташуусуна жана өз ара пайдалуу кызматташуунун мындан ары улантылышына кызыкдар экенин да кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *