Байы көп, карызга белчесинен баткан өлкө

Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери тышкы карызды төлөө боюнча телефондон сүйлөшкөнүн бир катар ЖМКлар жазып чыгышты.

Карызды төлөө боюнча бул сүйлөшүүнүн натыйжасы кандай болгонун убакыт көрсөтөр. Анткени Кытайга болгон карызыбызды 2021-жылдан баштап төлөп баштоого туура келет. Буга чейин тышкы карызды төлөө боюнча атайын фонддор ачылганы менен анда топтолгон каражат кытайга болгон карызыбыздын алдында арзыбаган акча болору чындык. Мекендин бүтүндүгүнө доо кетире турган тышкы карыздан кантип кутулуу керек деген суроо ар бир кыргыз жаранын түйшөлтпөй койбойт. Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр Садыр Жапаров маалымат жыйынында Нарындагы “Жетим-Тоодогу” темир кенин казып, аны сатуудан түшкөн каражат аркылуу кутулсак болот деген сунушун айткан. Эл арасында “Жетим-Тоону” кытайлыктар алат экен деген сөз желдей тарап баштаган эле. С.Жапаров өз сөзүндө “Жетим-Тоонун” бир тоголок ташы менен бир чымчым кумун дагы бербейбиз” дегени көптөн үмүттөндүрдү. Ансыз да өлкө пандемиянын айынан экономикалык каатчылыкка батып турган учурда бул карыздын жарга такап турганы өлкө үчүн өтө кооптуу. Эл аралык эксперттер Кытай эч качан карызын кечпей тургандыгы жана төлөө мөөнөтүн жылдырууга оңой менен барбай тургандыгын айтышууда. Эске салсак, Тажикстандын тоолуу Бадахшан облусу Кытайга болгон карызынын эсебинен берилген. Өлкөбүздө мамлекеттик кызматтарда иштеп туруп, коррупциялык жолдор менен байыган олигархтар толтура. Буга чейин алардын баарын тизмелеп, бай- лыктарын эсептөөгө аларын, мыйзамсыздарын “кустурарын” социалдык тармактарга тынбай жарыялап, бийликтин алмашуусу менен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча кызматтын жетекчилигине барган Сыймык Жапыкеев бул кызматка келгени бараандуу иш алып барганы деле байкалбайт. Демек, анын айтканы деле “бакылдаган текени суу кечкенде…” дегендей эле болду окшойт. Мамлекетибизде миллиарддарды чапчыган байлар көп, бирок өлкөбүз ка рызга белчесинен баткан. Өзүлөрүн элита деген, шордуу элдин канын соргон ошол көпөстөр кантип байышты? Алар өзүлөрү айткандай, карапайым эл бар үчүн бизнеси жүрүп, ити чөп жеп, мансапка жеткенин унутпашы керек.

Мамлекеттин бүтүндүгүнө коркунуч жаралса, кыргыздар катуу кагылышууга барары турган иш. Ансыз да Кытайда жашаган кыргыздарга карата жасалган мамилени угуп-билген кыргыздын чыдамы чегине жетип турат. Ал эми кыргыз олигархтары башка өлкөгө каражатын ташып, куйругун түйүп чыгып кетери айтпаса да белгилүү. Аны менен катар тоо-кен тармагындагы кирешени, азыр наркы миллиарддан ашкан “Центерра-Голд” компаниясындагы Кыргызстандын акцияларынын баасын эсептеп, аны сатып, инвестиция катары пайдаланышыбыз керек. Эмнеге бул суммадан тышкы карызга чегерүүгө болбойт? Муну биздин тиешелүү мекемелерибиз ойлонушса болмок. Айрым экономисттер тышкы карыздан кутулууда тобокелчиликке барууну сунушташууда. 2021-жылдын бюджети каралып жатканда билим берүү менен саламаттык сактоо тармагындагы чыгымдарды кескин азайтуу керек. Ошондой эле президенттик шайлоо өтүп, реформа жүрсө аткаминерлерди азайтып, андан үнөмдөлгөн акчаны карызга жумшоо зарыл. Аткаминерлерге бул сабак болушу керек. Карыздын эсебинен бир да ишкана курулбастан, алган насыялардын көбү инфратүзүмдөргө жумшалган. Андыктан бул сунуштарды да эске алуу натыйжа берчүдөй. Кытай карызынын коркунучу тууралуу эл аралык басылмалар мындан эки-үч жыл мурда «Кыргызстан Кытайдын карыз кылтагына илингенин» жазып чыгышкан. Алар Кыргызстан Кытайга карыз болгон өлкөлөрдүн ичинен алдыңкы беш мамлекеттин ичине киргенин айтышкан. Ошондой эле экинчи тарап карыз төлөөдө оңой менен жеңилдик бербей турганын эскертишкен…

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *