Статмаалыматтардын ырайы жаман…

Кыргызстанды алдыдагы бир жыл, бир жарым жылда кыйын күндөр күтүп турганы эч кимге жашырын деле болбой калды. Ак төөнүн карды жарылган берекелүү күз айларынан баштап кымбаттай баштаган азык-түлүк баасы азырынча токточудай түрү жок. Күн сайын болбосо да, айрым азыктардын баасы жума сайын кымбаттоонун үстүндө. Мал киндиктүү өлкөбүздө эттин баасы 450 сомго чыкты. Кол карабай, тоо-ташта жүргөн топоздун эти 400 сом болот деп ким ойлоптур.

Статмаалыматтардын ырайы жаман. Үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында өлкөнүн тышкы жана ички соодасынын көлөмү 4,2 млрд. долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17,6% азайды. Улуттук статком ошондой эле Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) мамлекеттер менен өз ара соодасынын көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айында 1,8 млрд. долларды түзүп, өткөн жылдын январь-сентябрына салыштырмалуу 12% азайганын билдирди. Маалыматка караганда, экспорт 12%, импорт 11,9% азайган. 16-ноябрда, Бишкек мэриясында өткөн жергиликтүү бюджеттин кирешеси боюнча штабдын жыйынында өткөн он айда борбор калаанын бюджетине 700 миллион сомдой киреше кирбей калганы айтылды. Январь-октябрь айларында Бишкек шаарынын бюджетине 7,6 млрд. сом түшөрү пландалса, иш жүзүндө 6,9 млрд. сом гана түшкөн.

Мамлекеттик бажы кызматынын статмаалыматтарында да сүйүнтө турган эч нерсе жок. Аталган кызмат үстүбүздөгү жылдын он айында 30,9 млрд. сом топтойм деп план кылса, 2020-жылдын январь-октябрь айларында 21,7 млрд. сом гана бажы төлөмүн жыйнады. Айырма 9,2 млрд. сомду түзөт. Соңку бир жылда эмне болсо эле, баарын коронавирус пандемиясына түртө салган шылтоо табылбадыбы, Мамлекеттик бажы кызматы да бажы төлөмү чогулбай калганын коронавирус пандемиясына байланыштуу кыргыз-кытай чек арасы жабык болгону менен түшүндүрүүдө. Дагы бир кейиштүү факт. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы “товардын акчасы” деген шылтоо менен Кыргызстандан чет өлкөлөргө 23 миллион доллардан ашуун каражатты (1,6 миллиард сом) мыйзамсыз чыгарып кеткен кылмыштуу топ аныкталганын, бюджетке жалпы суммасы 347 миллион сомдон ашуун өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгенин, бул багытта тергөө иштери башталганын билдирди. Финполдун ишкердиктин кылмыштуу ишмердигинин бетин ачканы го жакшы, бирок мамлекеттин казынасы аңгырап бош турганда, бажы төлөмдөрү чогулбай жатканда, мамлекетти ачыктан ачык эле карактап жаткандардын саны азайбай жатканы эмнени каңкуу-лайт?!!

Минтип, мамлекеттин казынасы какшып, шаар салык чогулта албай кыйналып жаткан тапта, “пир во время чумы” демекчи, коррупция мурдагысындай эле гүлдөп жатат. Ага жадагалса Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердигине тоскоолдук жараткан коронавирус пандемиясы да терс таасирин тийгизип, тоскоолдук жарата алган жок. Алыс барбай эле, Бишкек шаарынын колтугундагы Аламүдүн районун алсак, аталган райондун прокурору жанаанын орун басары туруктуу түрдө пара алып жүргөнү аныкталып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалып, тергөө абагына отургузулган. Жазык кодексинин «Пара алуу» деген 325-беренесинин негизинде сотко чейинки териштирүү башталган. Анан эле туруктуу түрдө пара алып жүргөнү үчүн кармалган эки прокурор Башкы прокуратуранын өкүлүнүн өтүнүчү боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 13-ноябрындагы токтомуна ылайык, үй камагына чыгарылганы тууралуу жарыя кыштын күнкү чагылгандай эле таасир калтырды. Сот болбосоң, Башкы прокуратура болбосоң кое кал. Өлкөнүн тышкы карыздары кокодон алып, 5-6-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин өлкөнүн эл аралык имиджине доо кетип, жакынкы жана алыскы кошуналар Кыргызстандын укуктук талаага кайтып келгенине инешип-ишенбей жатканда, соттордун жана прокуратуранын мындай “гумандуу” кадамын эл аралык коомчулук кандай кабыл алаар болду экен??!

Тышкы карыз демекчи, соңку статмаалыматтар боюнча, өлкөнүн жалпы мамлекеттик карызы 4,827 млрд. долларды түзсө, анын 646 млн. доллары ички карыз, 4,180 млрд. Доллары тышкы карыз. Кытайдын Эксимбанкына эле 1,778 млрд. доллар карызыбыз бар.

Кыскасы, абал өтө оор. Бул кырдаалдан Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Р.Матраимов төгүп берүүнү убада кылган 2 млрд. сом менен эле чыгып кете албайбыз. Финансы министрлигинин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда, ушу убакка чейин атайын эсепке Р.Матраимов убада кылган 2 млрд. сомдун 493,8 млн. сому гана келип түшүптүр. Айдын аягына чейин убакыт бар, калган сумма да түшүп калаар.

Маселе анда деле эмес, Улуттук банк 16-ноябрда кезектеги валюталык интервенция жүргүзүп, сатыкка 23,4 миллион доллар чыгарса, 18-ноябрда 500 миң доллар сатты. Жыл башынан бери эле 16-18 жолу интервенция жүргүзүп, сатыкка Улуттук банк тарабынан жалпысынан 400 миллион доллардан ашуун акча коюлду. Арийне, доллардын сомго карата курсу акыркы бир айда 84,80 сомдон ылдыйлабай жатат. Ал арада Улуттук энергохолдинг компаниясы сомдун наркы төмөндөп кеткендиктен, жыл башынан бери энергосектордун карызы 103 млрд. Сомдон 126 млрд. сомго чыгып кетти деп чыркыроодо.

Мына ушундай. Кыргызстан башынан кыйчалыш күндөрдү кечирүүдө. Ар бирибиз коога менен жашап жатабыз. Эксперттердин айтымында, Кыргызстандын учурдагы экономикалык-финансылык абалы өткөн кылымдын 90-жылдарындагы оор экономикалык кризисти эске салат экен. Ушундан улам, мамлекет башына кыйынчылык түшкөндө бириге албасак, бир муштумдай түйүлө албасак, анда качан бириге алмакпыз деп айткыбыз келет. Андыктан, салык төлөөдөн качкандарды, бажы төлөмүнөн качкандарды гана эмес, ошол ыйлапсыктап чогулган, жарыбаган салык, бажы төлөмдөрүн улуп-жулгандарды да, улунуп-жулунгандарды да ыйманга чакырабыз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *