Экономика сандардын көзү менен

Улуттук статистика комитети алдын ала эсептөөлөр боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-октябрь айларында Кыргызстандын ИДПсы 457 млрд. сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 7,4%га төмөндөгөнүн билдирди. “Кумтөрдү” эсепке албаганда, ички дүў продукт 402 млрд. сомду түзүп, 8,3%га төмөндөгөн.

Ал эми 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында калктын номиналдык акчалай кирешеси 210,5 млрд. сомду түзүп, 2019-жылга салыштырмалуу 2,3%га азайган. Биринчи жарым жылдыктагы калктын реалдуу акчалай кирешелери 198,9 млрд. сомду түзөт, бул былтыркыга салыштырмалуу 7,7%га аз. Каржы министрлигинин маалыматына таянсак, ноябрь айына бекитилген кассалык планга ылайык, республикалык бюджеттин кирешеси 13 млрд. 253 млн. 631,6 миң сомду түзөт. Ал эми ноябрга карата бюджеттин чыгашалары 12 млрд. 112 млн. 298 миң сомду түзөрү болжолдонууда.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *