Элмара ТУРСУНАЛИЕВА, “Кыргыз радиосунун” редактору жана алып баруучусу:«Музыка менен поэзия болгон үчүн эл кыйынчылыктарды жеңип жашап жатышат»

Элмара Турсунаалы кызы КТРде “Кумар шоу” интеллектуалдык ток-шоунун жана “Асса”, “Музыкалык антракт”, “Музыкалык планетарий”, “Серенада, серенада”, “21-кылымдын радиосу” ж.б. долбоорлордун, уктуруулардын, түз эфирлердин редактору, алып баруучусу. “Кыргызстан обондору” радиосунун биринчи жана улук ди-джейи катары иштеген. Ошондой эле “Алмаз” радиосунда, “Европа плюс” радио тутумунун алкагында көптөгөн радио долбоорлорду, коомдук акцияларды, концерттерди уюштурган. 2007-жылдан бери “Кыргыз радиосунун” редактору жана алып баруучусу.

– Элмара, рубриканын салтка айланган биринчи суроосу – ушул азыр, күтүүсүз коңгуроо келген маалда эмне менен алектенип жаттың эле?

– Бүгүн – шаршемби, эфирдеги иштерим өтө көп. Бирок, ара чолодо буга чейинки эфир тууралуу ойлонуп, уктурууга баам салып, таразалап отурган кезим болчу.

– Биз менен бөлүшө аласыңбы?

– Албетте. Түз эфирдеги эң эле жагымсыз, опурталдуу нерсе – эфирге саналуу мүнөттөр калганда чакырган адамыңдын: “Келе албай калдым”, – дегени. Мына ошол убакытта канча деген нерв клеткаларың дароо өлөт. Анткени, орду- на башка адамды чакыра калуу үчүн убакыт керек. Анан да ал адам эфирдин талабына жооп береби, эфирде оюн ачылып айтып бере алабы, анан да угармандарды кызыктырабы деп жүрөкзаада болосуң. Мына ушундай критерийдеги адамды издеп таап, аны менен сүйлөшүп, обого алып чыгуу – бир топ энергияңды алып коет. Азыр дал ошондой окуяны башымдан өткөрдүм. Андыктан, эфир өтүп кетсе да, ага чейинки будуң-чаң болгонумду оюмдан чыгара албай отургам.

– Эфирге келе албай калган коногуң ким эле?

– Эфирге ырчы Адилет Азимовду чакырсам, авто унаасы бузулуп, келе албай жатканын айтса болобу. “Келишиң керек, бул маанилүү эфир, чыкпай калбашы керек. Жол тоссоң дагы жетишип келгиниң!” – деп жатып көндүрдүм. Анан ал жолго чыгып «попутка» кармап шаарга түшүп, шаар ичинен такси кармап студияга жеткиче ар бир 10 мүнөт сайын чалып отурдум. Кудайга шүгүр, эфирге жетишип келди, бирок биз түз эфирдеги маегибиздин мүнөзүн, суроо-жоопторубузду тактап албай, түп-түз эле кирип кеттик. Коногум да чуркап келгенге энтигип, демин жыя албай, оюн топтой албай жатып, программанын жарымына келгенде анан ирээттүү сөздөр чыга баштады.

– Бул – эфир түйшүгүнүн бир эле сүртүмү болсо керек. Кыргыз радиосунун музыкалык редактору катары, жүрөгүңдү өйүгөн дагы кандай маселелер бар?

– Музыка дүйнөсүндөгү менин жүрөгүмдү өйүгөн маселе, эстрада жаатында чыгармалардын көбү өзбектешип, тажиктешип кетти. Тойдо бийлегенге ылайык деп эле кыргызга мүнөздүү эмес ритмди, аспаптарды, кайрыктарды колдонуп алышты. Ушундай манераларды кыртышым кабыл албайт. Илгери-кийин баскынчылар бир элди жоодо басып алганда өз эне тилинде ырдатпай, башка аспаптарда ойнотуп, өзүнүн ырларын жокко чыгарып, биринчи кезекте тилин, көркөм өнөрүн жоготолу дешчү экен. Азыр бизди эч ким басып албай эле, ак чанын айынан башка элдин музыка маданиятына кыргыздын көркөм дүйнөсүнүн бир бутагын – обон кереметин басып берип жатабыз. Ушуга жүрөкзаада болом. Айтмакчы, мени түйшөлткөн дагы бир нерсе – башка өндүрүш ээлери сыяктуу эле, чыгармачылык менен эмгектенген жаратмандардын да эмгеги бааланыш керек. Бирок ошол эле обончуга, акынга, ырчыга калем акы бериш керек деген нерсени биздин коом жакшы түшүнө электиги өкүндүрөт. “Бул менин акыл эмгегимдин баасы, мен муну менен үй-бүлөмдү багам”, – дегенди далилдөө абдан оор. Мына ушул маселени дайыма айтып келем. Албетте, ал үчүн көп учурда ар кандай пикирлер жаралат.

– Ал эми сени кубандырганы?

-Кубанганым биздин аткаручулар классикалык жанрдабы, элдик ырдоодобу, эстрадалык жаатта болобу чет элге барганда, музыкалык сабаттуулугу, таланттуулугу, табитинин мыктылыгы жагынан мыктылыгын көрсөтүп келе жатышат. Бул үчүн биз аларды окуткан мугалимдерге ыраазы болушубуз керек. Ошол эле музыкалык мектептердин, атайын орто окуу жайлардын, жогорку окуу жайлардын мугалимдери айлыктарынын аз экенине карбай, мыкты муунду даярдап жатышат. Педагогдорубузга күч-кубат берсин. Мына ошолорго көңүл буруп, финансылык жагынан колдоо катары айлыктарын көбөйтүп беришсе сонун болмок. Музыка менен поэзия болгон үчүн эл башына түшкөн оор кырдаалды, кыйынчылыктарды көтөрүп, жеңип, жакшы чыгармага ыраазы болуп, чарчаган кезде андагы үмүттү улаган жакшы сөздөргө топук кылып, демек жакшылык болот экен, оңолот экенбиз деп ишенип, үмүттөнүп, алаксып жашап жатышат. Адабият менен маданият, искусство жан дүйнөгө суусундук, дилазык болуп турбаганда, биз эчак эле куурап, караңгылыкта калып деградация болмокпуз. Ошону билип, түшүнүп, биздин өкмөт элдин көңүлүнө гүл өстүрүп, үмүт берип, жараны ырбатпай кармап турган мына ушул чыгармачыл адамдардын баскан кадамына, жасаган иштерине миң ирет ыраазы болуш керек.

– Айтмакчы, өзүңдү алып баруучулуктан башка дагы ким деп тааныйсың?

– Мен, өзүмдүн кыялымда бир аз акынмын, бир аз ырчы, обончумун, актермун, режиссермун, сценаристмин. Анткени, күн сайын ушул кесиптерди алып жүргөн адамдардын арасында жашайм жана ушул көркөм дүйнөнүн баарын билип, баарын тааныгысы келген адаммын.

– Азыркы ди-джейлерге көз карашың?

– Ди-джейлик кесипке келгениме 26 жыл болуптур. Алгач радиого чыкканымда: “Мындай сүйлөгөн болбойт, эмне деген үн, жарабайт, көчөдөн келгендердиэфирге чыгарасыңар!” – деген сөздөрдү укчумун. Азыр Кудайга шүгүр, бардык ди-джейлер мен баштаган манера менен келе жатышат. Азыркы ди-джейлердеги кемчилик – эфирдеги калп, жасалма күлкү. Угармандар үчүн чын дилден чыккан күлкү менен жасалма күлкү билинип калат. Анан да күлкүлүү нерсеге эмес, жай баракат сүйлөп жатып эле, ээн талаада жүргөнсүгөн себепсиз каткырыктар адамды иренжитет. Эркек ди-джейдин «подачасы» менен кыз ди-джейдин сүйлөө манерасы асман менен жердей болуш керек. А бизде эркек балдар деле эфирден кылыктанып, үндүү тыбыштарды обу жок созуп, үндү ойкуштатып сүйлөгөндөрү жигиттик манерага жатпайт.

– Тажрыйбалуу адистин айтканын жаш ди-джейлер эске алат деген ойдомун. Айтмакчы, тажрыйба тууралуу сөз болуп калды, качандыр бир иш учуруңда башыңдан өткөн, эсиңден кетпей калган кызыктуу учурлар болду беле?

– Болгон. Андай учурлар көп. Бир жолу бир чоң концертти алып барып жаткам. Сахнага мына эми чыгайын деп, жаңы эле кадам таштарымда, артымдан бир чоң эле ырчы эже мага карата өтө жагымсыз, жаман сөз айтып салды! Дароо оюм чачырап кетти. Өзүм сахнада, микрофонго басып бара жатам, бирок кулагымдан жанагы сөз жаңырып туруп алды. Мен жарыя кылчу ырчынын да, ырынын да аты мээмден чыгып кетти. Микрофонго жетип, кимди айтаарымды билбей туруп калдым. “Азыр эстейм!” – деген таризде, ар кайсыны сүйлөй баштадым. 8-Марттагы майрамдык концерт эле, айымдарды куттуктадым. 8-Марттын тарыхын айттым. Концерт өтүп жаткан филармония тууралуу айттым. Бирок ырчынын ысымы такыр эсиме келбейт. Бир кадам артка таштап, көшөгөнүн артынан ырчынын даярданып жатканын көрсөм эстеп калармын десем, кашайып бир ырчы көрүнбөйт. Ызамдан, айласыздыктан көзүмдөн жаш кете баштады. Сахнада турганыма кенен беш мүнөттөй болду, аны менин сахнадагы өнөктөшүм Турусбек Жумалиев сезе калды окшойт, сахнага чыкчу ырчыны колунан жетелеп чыга келди. Ошондо артымды карабай сахнадан чуркап чыгып, көпкө чейин өзүмө келе албай, колу-бутум калтырап, демим кыстыгып абдан жаман болгом. Бул окуядан кийин сахнага чыгардын алдында жаныма келген кишилерди карабай, укпай, мелтиреп калмайым бар.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *