Бишкекте мыкты бүтүрүүчүлөрдүн балы өтөт

Сүрөт: Табылды Кадырбеков
Борбор калаада 2017-жылдагы мыкты бүтүрүүчүлөрдүн балы 24-июнь күнү уюштурулат өтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүтүрүү кечесинде борбор калаадагы билим берүү мекемелеринин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө салтанаттуу түрдө кызыл аттестаттар тапшырылат. Белгилей кетсек, 2017-жылы шаардык мектептерде 9-классты 9 миң 997 окуучу, ал эми 11-классты 5 миң 709 бүтүрүүчү аяктады.

«Алтын» бүтүрүүчүлөрдүн арасында шаардык жана республикалык олимпиаданын, шаардык жана республикалык сынактардын лауреаттары, жеңүүчүлөрү бар.

Салтанаттуу иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов жана шаардык кеңештин депутаттары, мектеп жетекчилери катышмакчы.