Чет элдиктер кыргыз күрөшүнө кызыгууда

Спорт адам баласынын ден соолугунун булагы, ошондой эле аалам элдерин ынтымакка, атаандаштыкка чакырган улуу күч. Ар бир улуттун өзүнө гана тиешелүү болгон үрп-адаты, маданияты сыяктуу эле кыргыз элинин улуттук оюндарынын бири бул кыргыз күрөш. Спорттун түрү тууралуу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу, спорт чебери Азамат Осмоновбеков маек куруп берди.

 – Кыргыз күрөшү менен канча жылдан бери алектенип келе жатасыз?

– Кыргыз күрөшү менен 1993-жылдан бери алектенем. Дене тарбия академиясына тапшырып ошол жактан бул спорт менен алектенип келем. Академиядан Жаманкулов Калимула, Рустамов Эссен Камчыбеков, Нарынбек агайларым машыктыруучу болуп алардын кол алдында машыга баштадым. Эмгегимдин аркасы менен КРнын бир нече жолку чемпиону, спартакиадалардын жеңүүчүсү болдум. Спорттун чебери наамына татыдым. 2011-2013-2017-2019-жылдары жылдын мыкты машыктыруучусу болдум.

 – Эмне үчүн кыргыз күрөшүн тандадыңыз?

– Өзүм Таластан болом. Талас жергесинде кыргыз күрөшүнө той-топурларда көп көңүл бурулат. Ошондон улам кызыгуу пайда болду.

 – Кыргыз күрөшү башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

– Кыргыз күрөшү бел боо, алыш күрөштөргө окшошуп кетет. Бирок башка күрөштөрдөн айырма- сы – кур менен күрөшөт. Кол менен буттан кармаганга болбойт. Курдан бир колуңду коё берип күрөшө берсең болот. Курду кармабай ыкма жасасаң болбойт. Жок дегенде бир колуң курда болуш керек.

 – Спортчуларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор бар?

 – Мамлекет тарабынан жардамдар болуп турат, бирок олимпиадалык спорттун түрүнө кирбегендиктен жардам аз.

 – Окуучуларыңызды тарбиялоодо кандай өзгөчө ыкмаларыңыз бар?

– Машыктыруучу болуп 2009- жылдан бери иштеп келе жатам. Машыгууда жоопкерчиликти көбүрөөк талап кыламын. Жоопкерчиликтүү адам бийиктиктерди багындырат деп ойлойм. Кыргыз күрөшү боюнча окуучуларым Көчмөндөр оюнунун чемпиондору болуп жүрөт. 6 окуучум бел боо жана алыш күрөшүнөн дүйнө чемпиондору. Көптөгөн окуучуларым эл аралык класстагы спорт чебери жана спорт чебери деген наам алышты. Бир окуучум Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери болду.

 – Кыргыз күрөшү дүйнөлүк деңгээлге чыга алабы?

– Дүйнөлүк аренага чыгып жатат. Азия чемпионаты Бишкекте өттү. Эми Кудай буюрса, дүйнө чемпионатын өткөрүүнүн аракетинде. Кыргыз күрөшүнө чоң салым кошуп жаткан «Кыргыз күрөш» федерациясынын президенти Шамиев Ырыскелдинин дүйнөлүк аренага чыгарууда абдан зор эмгеги бар. Бишкекте Азия чемпионатын өткөздү, Кудай буюрса, чет өлкөлөрдө дүйнө чемпионатын өткөрөбүз деген тилеги бар. Көчмөндөр оюндарынан кийин кыргыз күрөшүнө башка көп мамлекеттер кызыга баштады

«Кыргыз Туусу» СҮЙӨРКУЛ кызы

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *