Жазуучу Мураталы ТУРДУБАЕВ: «Атак-даңк, аброй үчүн эмес, адам болуу үчүн жашаш керек»

КРнын Улуттук Жазуучулар жана журналисттер союзунун мүчөсү, журналисттер союзунун лауреаты Мураталы Турдубаев окурмандарга детектив жанрында жазган чебер калемгер катары белгилүү. Анын “Адам болгум келбейт”, “Өлүмгө өкүм болгондор”, “Үч күндүк тозок” китептери окурмандар тарабынан жылуу кабыл алынган. “Ыйык тил” төш белгиси жана бир нече Ардак грамоталардын ээси менен болгон дил маегибиз ыйман, жаштар жана чыгармачылыгы жөнүндө болду.

– Муке, 64 жашка келип, өткөнгө сын көз менен карап, кетирген жаңылыштык, каталыктар үчүн кейип, жаштарга ыйман тилеп турган курактасыз. Айтсаңыз, адамга ыйман эмне үчүн керек?

– Бассам-турсам, ойлогонум ошол. Айталы, сизде баары бар дейли: жашсыз, он эки мүчөңүз түгөл, келинчегиңиз сизди өтө жакшы көрөт, сыйлайт. Досторуңуз көп, акча, байлык жетиштүү, мансап бийлик, кыскасын айтканда, төрт тарабыңыз шай, кемчилик та-буу кыйын. Сиз үчүн дүйнөдөгү эң зор бакыт ушул. Аттиң…

Бул жалган дүйнө көз ирмемчилик, дүйнөдөгү утурумдук нерселер. Анын баары келет-кетет. Баары бош калат. Анын соңу ажал…өмүргө, жашоого эмне үчүн жаралдың? Атак-даңк, байлык, мансап үчүнбү? Өкүнүчтүү? Анткени, алар сенин байлыгыңа дос, атагыңа шерик гана болгусу келгендер. Ошон үчүн эң биринчи ар бир адамга ыйман керек.

– Ыйман болсо эле көкүрөктөгү караңгылыктан жарыкка карай жол ачылабы?

– Кыргыз эли сабатсыз кезде да көкүрөгү жарык, ыйманы толук болгон. Анын баары элдик оозеки көркөм чыгармалар, нускалуу сөздөр, турмушубузда сакталып калган салт-санаа, үрп-адаттар аркылуу келген. Демек, ар бир адамга ыйман берилген. Ошол ыйманын сактап, ыйманы менен жүрүү, жүрбөө ар бир адамдын өз эрки. Кудурети күчтүү Теңирим пендеге көрсүн деп көз, сүйлөсүн деп тил, баарын акылың менен таанып бил деп акыл-эс берген.

Демек, сен кайсы жол менен кетесиң, ал сенин эркиң. Ыйман сени зордобойт, бул сенин жеке укугуң. Бирок, ыймандуулукка чакыруу ар бирибиздин парзыбыз. Ыймандуу болууга жаштарды үйрөтүү да мойнубуздагы жүк. Мисалы, МАИни алалы, эгерде алар жолдо жүрүү эре- жесин үйрөтпөсө, же көчөлөрдө светофорлор беш мүнөткө иштебей калса эмне болот? Заматта жолдо машиналар бири-биринен өтө албай баш аламан түшүп, чакчелекей болмок. Туурабы? Ошондуктан мен ойлойм, мектептерде, бала бакчаларда жана жогорку окуу жайларда этикаменен эстетиканы үйрөткөндөй, “Ыйман” же “Адам таануу” сабагын сөзсүз түрдө киргизүү керек.

– Азыркы ХХI кылымдын кыргызы “толук кандуу адам” болуу үчүн кандай касиеттерге ээ болуусу керек?

– Анүчүн Президенттен тартып көчө шыпыргычка чейин ар бир кыргыз өз эне тилинде таза сүйлөп, өз оюн жаза билсе, элибиздин каада-салтын карманып, тарыхын жатка билсе, адам деген атка татыктуу болобуз. Адам болуу жеңил эмес. Эл да андай адамдарга сый-урмат көрсөтүп кадырлайт. Бекеринен элибизде “Умай эне”, “Кеңешчи”, “Акылман ата” деп ошол адам менен ой бөлүшүп, акылын угуп, кеңешин кабыл алганы ошондон уламдыр. Ошондуктан “Жакшы болуу аста-аста, жаман болуу бир паста” деген насаат кеңештерин айтып, дайыма жаштарды жакшы жолго үндөп турган.

– Бүгүн коомдо айыкпас илдетке айланып, жугуштуу оорудай тез тарап бара жаткан коррупция, паракорлук, уюшкан жеп-ичерлер жөнүндө не айтаар элеңиз? Мунун түбү барбы, калың массага сиңип бараткан ооруну токтотууга болобу?

– Ырас, өз элинин ырыскысына суук колун салып, элибиздин байлыктарын чет элге саттырып, уюмдашкан кылмышкерлердин “крышасы” болуп жүргөндөр жок эмес, алар көп санда. Мындай жосунсуз жоруктар кыргыздын көркөм мурастарында да, “Куранда” да, “Библияда” да чоң күнөө болуп эсептелет. Элдин ырыскысын талап-тоноп сатуу, уурдоо кечиримсиз иш. Мисал айтайын, мына ушундай ууру, паракорлорду издеп таап, түп- тамырына балта чабуу үчүн Кытайдын премьер-министри Жуй Роншин 100 табыт жасатып, уурулар менен паракорлорду таап, ушул табытка салдырам, таппасам өзүм түшүп жатам деп калың элге жар салып, убада берет. Ал өзү айткандай паракорлорду таап, тамырына балта чапкан. Ушул күнгө чейин ал элде ууру же паракордун өз эни бар. Ошол эн аркылуу эл анын ким экенин аныктап алат. Эл ошондон кийин өкмөткө ишенип, паракорлук да, уурулук да токтобосо да, кескин азайган. Көрдүңүзбү, ишеним деген кандай болоорун. Ошондуктан, биздин өкмөт эл үчүн күйүп-бышып иштесе, баардык чиновниктер таза болсо эл ишенмек, ээрчимек.

Минтип, чет жерде иштеп кыйналмак эмес. Кыргызстанда эле иштеп жүрмөк.

– Күндөн-күнгө элдин турмушу оордоп, жашоо кыйындап баратат. Сиз кандай дейсиз?

– Жумушсуздук көбөйүп, алдуу-күчтүү, акылдуу жарандарыбыз чет жерде иштеп, жан багуунун айласын кылып жүрөт дейли. Бул кыйынчылык жалаң эле кыргыздардын башына түшүптүрбү? Андай болсо бизде сексенден ашуун улуттардын өкүлдөрү жашайт. Эмне үчүн корейлер, дунгандар, уйгурлар чет элге бакыт издеп кетип калышпады? Биздин мамлекетибизге чет элден келген кытайлар, уйгурлар, корейлер сопсонун эле жашап жатышпайбы? Ошол эле корейлер, дунгандар эгин эгип, кыйналбай эле жашап жатышат. Ошондуктан биз кыргыз улуту жөнүндө, жаштарыбыз жөнүндө кам көрүп, аларды өз мекенин, кыргыз деген атты сүйүүгө үндөшүбүз керек. Кыйынчылыкка шылтоолоп жүрүп, кыргыз улутунун жок болуп кетиши бат эле.

– Ыйман, мекенди сүйүү тууралуу айттык, эми сөз нугун чыгармачылыгыңызга бурсак. Жарык көрөлек кандай чыгармаларыңыз бар?

– Он беш басма табак философиялык романым, аңгеме, ыр-поэмалар жана төрт повесть, кол жазмалар эчен жыл мурда жазылып, жарык көрбөй жатат. Казактын белгилүү акыны, жазуучусу жана обончусу Аким Ысхактын ыр жана прозалык чыгармаларын которгом. Балдар үчүн “Жоголгон балыкчы жөнүндө жомок” деген жомогун даярдап койгонмун.

– Акчасыз эчтеке бүтпөсү белгилүү го. Анан демөөрчү издебедиңизби?

– Мен табиятымдан суранып көргөн эмесмин. Ошондуктан демөөрчү издеп, китебимди чыгарып бергиле деп эч кимге кайрылган эмесмин. Кудайдын буюрган күнү чыгаар.

– Улуу жазуучу агабыз Ч.Айтматов батасын берген дейт…

– Ооба, улуу адам мага бата берет деп күткөн эмесмин. Батасын алдым, азыр чай ичсем да, суу ичсем да, ал кишинин арбагына багыштап куран окуп турам.

– “Солдат да генерал болгусу келет” экен…

– Атак-даңк, аброй үчүн эмес, адам болуу үчүн жашаш керек. Адам эч качан жашоого тойбойт жана ыраазы болбойт. Адам баласы артына из, кийинки муундарга белек калтыруусу керек деп ойлойм.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, «Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *