1 млрд. 253 млн. сом кредитти колдоого багытталды

Коронавирус пандемиясы учурунда базарлар жабылып, чакан соода менен күнүмдүк тиричилик өткөргөн эл абдан кыйналды. Элет жеринде болсо чакан кредиттер адатта айыл чарбасына алынат. Карантинде отурганда калктын колдоого муктаж ушул бөлүгү кредиттин пайызын токтотуп же жоюп берүүнү соцтармактар аркылуу мамлекеттен суранып кайрылышканы эсибизде. Садыр Жапаров Президенттин милдетин аткаруучу, Премьер-министр болуп бир айдан ашык иштеген учурда мындай өтүнүч менен кайрылгандар көп болду. Ушуга байланыштуу жаңы Өкмөт калктын ушул катмарына жардам берүүнү чечкен.

2020-жылдын 1-октябрына чейин финансы-кредиттик уюмдардан 100 миң сомдон ашпаган кредит алган жарандар ушул жылдын декабры жана 2021-жылдын январь, февраль айлары үчүн кредиттин пайыздарын төлөөдөн бошотулат. Бул жагымдуу кабарды Садыр Жапаров эл менен Нарындагы жолугушуусунда айткан болчу. Жапаров убадасында туруп, президенттик шайлоого талапкер болуп аттанаар алдында – 13-ноябрда тиешелүү токтомго кол койгон. Ушул жеңилдиктен өлкөдөгү 600 миңден ашык жаран пайдалана алышат. Биз ушул токтомдун айрым талаптарын чечмелеп берүүнү туура таптык. Эгерде жаран мурда эки же үч банктан кредит алган болсо, ал аталган токтомдун жеңилдиги менен өзү каалаган бир банктын кредитинин пайызын гана жаба алат. Ал үчүн жаран өзү кредит алган банктардын бирин тандап, арыз жазып кайрылышы керек. Андан тышкары, кредиттик бирликтерден, лизинг компаниялардан жана күрөөканалардан алынган акча каражаттары үчүн бул жеңилдиктер колдонулбашын айтып койгонубуз жөн.

Бүгүнкү күндө Улуттук банк финансы-кредиттик уюмдардагы жардам алуучу жарандардын реестрин түзүп, тактап болуп Финансы министрлигине берүүнүн үстүндө иш жүргүзүп жаткан учуру. Бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн. Алар жарандардын кредиттерин компенсациялоо механизмдерин иштеп чыкмакчы. Анткени, 1-декабрга чейин кредиттик пайыздарды субсидиялоо боюнча Финансы министрлиги менен банктар ортосунда өз ара макулдашуу түзүлүшү керек. Андан кийин, аталган министрлик бул мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин кароосуна алып барып макулдук алышы керек. Мамлекет жарандардын кредиттик пайыздарына жардам берүү максатында салыктык эмес кирешелерден 1 млрд. 253 млн. 216 миң сом акчалай каражат бөлүүгө белсенди.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *