«Сармерден» деген ыр китепти уурдап келип, ичиндеги болгон ырды жаттагам…»  

Үмүтай Абдышева жакында эле Украинада өткөн эл аралык ыр фестивалда гран-прини жеңип алган. Үмүтайдын комузда кол ойнотуп, ага кошул-ташыл добушунун канчалык жагымдуу экени калыстар тобун таң калтырган.

 Ааламга аттанган жол – айылдан башталат

– Апам азыркы Таштан Эшматов атындагы музыкалык-педагогикалык окуу жайында окуп жүрүп, турмушка чыгып, Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келипмин,– дейт ал. – Кийин шартка байланыштуу Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Кара-Кор айылында таене-таятамдын колунда өстүм. Айылда чоңойгонума ыраазымын. Терең ой жүгүртүп көрсөм, бактылуу балалыкты кечириптирмин. Мал тейлеп, отун жарып, багбанчылык кылып, алма-өрүк, карагат-бүлдүркөн терип, картошка, жашылча-жемиштерди өз колуң менен эгип, түшүмүн алып, шырдак шырып, өрмөк согуп, жүн кыркып, сабап, боёп, кийиз тээп, курак курап… Шаардык болсом ушунун баарын көрбөй-билбей, азыркыларга окшоп, көчөгө чыгып ак-терек көк-терек, жоолук салмай, жашынмак өңдүү кыргыз оюндарын ойнобой телефон тиктеп калмакмын да. Атамдын китеп текчесинде бүтүндөй кыргыз каймактарынын китептери тизилип турчу. Таңкы саалган сүт кошулган чай ичип, колго жабылган нандан жеп алып, кошуна классташтарымды түрө кыдырып, улам бириникинен сүт-айран ичип олтуруп сабакка барып (жолдун алыстыгы деле билинбейт), келген соң, кол арабаны сүйрөп булактан суу ташып, мезгил-мезгили менен ошол эле кол арабаны сүйрөп алып атам экөөбүз айылдын бер- тегирменге барчубуз. Жетип кайра келгиче сонун баяндарды айтып берер эле… Ошентип, 7-классымда Балыкчы шаарына келип, музыкалык мектепке кирдим. 5 жыл комуз күүлөрүн Жунушакунов Максүт агайдан, ырдаганды №4 гимназия мектебинин музыка мугалими Жакебаев Асанбек агайдан үйрөндүм.

 Тамчы суу өмүр сактаса, татыктуу бир сөз көңүл сактайт

Мектепти бүтүп шаарга келип, Кыргыз-Түрк Манас университетинин гуманитардык факультетинин тилмечтик бөлүмүн бүтүрдүм. Ал жактан да «Дастан» фольклордук ансамблинин ырчысы, күүчүсү болуп, ар түрдүү маданий иш-чараларга катышып жүрдүм. Түркияга барып стажировка өтүп келдим. 2012-жылы «Жаңы кадам» республикалык ырчы-аткаруучулардын конкурсуна катышып 1-орунду алдым. Ошол убакта турмушка чыктым да, кумурскадай күжүрмөн жаным, жөргөмүштөй сабырдуулукка айланды. Канчалык татыктуу келин болоюн дегениме карабай, кийин эки жолго түштүк. Баламдын буту жаңыдан тай-тай басканда таенеси жоопкерчилигин мойнуна алып, мени шаарга узатты. Келип Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетине тапшырып, быйыл дипломумду дирижёрлук кесиби боюнча алдым. Учурда Бишкек шаардык мэриясынын эл аспаптар оркестринин солисти болуп эмгектенем. Өмүрүм ыр жаттоо менен өтөт. Кулагыма уккулуктуу добуш угулса эле дароо өзүмө сиңирип алам. Ыр менен оорушум өтө кыйын. Учурда жаңы таланттарым ачылууда. Мурда өзүмдүн ырларымды ырдаган эмесмин. Бирин-экин ырчыларга текст жазып берип калсам, неге өзүңдүн ырларыңды ырдабайсың деп калышты. Андан сырткары, мага чын, элге калп болушу мүмкүн. Түшүмдө обон аян катары келчү болду. Кээ бирин эстеп калсам, кээ бирин унутуп калып жатам.

 Өңүмө караганда түшүмдөгү жашоом жакшыдай сезилет

Ар бир күнүмдү текке кетирүүдөн корком. Кетирсем – кейийм. Кээде түшүм аркылуу адамдарды билип алчу болдум. Бул бир керемет күч. Өңүмө караганда түшүмдөгү жашоом жакшыдай сезиле берет, бардык кайгымуң, санааларың түнү бою унутта калгандай… “Ашык дөөлөт баш жарбайт” дегендей, комуз менен ырдачу жерде комузум менен, даңка-дүңктү уккусу келгендерге ошондой ырларды ырдап коём. Ар кимдин табити, уга билүү, түшүнүү, кабыл алуу деңгээли ар башкача. Ошондуктан, ыгына жараша ырдай берем. Бирок, албетте аспап менен ырдоодо гана ырахат алып, каалагандай эргий алам. Ал эми алдын ала жаздырылган ыр эмоциясыз. Ырга болгон ышкымды апам ойготкон. Бала бакчага ыр жаттатчу. Алигиче ошол кез, ошол үй, ошол кыймыл-аракеттер эсимде. Гүлнар таежемдикинен «Сармерден» деген ыр китепти уурдап келип, ичиндеги болгон ырды жаттагам. Эмдигиче ошол ырлар ырдалат

Жыпар Исабаева «Кыргыз Туусу»