Гиннес китебине кирген тагдыры кайгылуу каскадер  

Манасчы Дөөлөт Сыдыковго чейин Гиннестин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылган же тизмеге кирген мекендештерибиз болгонбу?

Биз бул саныбызда каскадер Үсөн Кудайбергенов тууралуу сөз кылабыз.

Кудайбергенов 1980-жылдардын башында «Генийдин өспүрүм кези» фильминде Сыр-Дарыяга 27 метр бийиктен аты менен секирип дүйнөлүк деңгээлде таанылган. Мына ушул трюк менен ал Кыргызстандан биринчилерден болуп Гиннес китебине кирген.

Маалында СССРди эле эмес, дүйнөнү таң калтырып, кайталангыс трюктарды жасоо менен таанымал болгон Үсөн Кудайбергенов 1949-жылы 27-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сары-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Окуучу кезинде эле борбор калаада жаңы ачылган цирктеги чабандестердин катарына кошулуп, кийин Москвадагы Кинематография институтунда ВГИКтен билим алып, тасмаларга тартыла баштаган. Жаш талант 19 жашында «Жамийла» көркөм тасмасына кооптуу эпизодду аткарып тартылган. Андан соң Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан, Италия, Франция, Германия, Россия, АКШ жана Индия өлкөлөрүнүн тасмаларына актер, каскадер катары катышкан. Үсөн Кудайбергенов менен чогуу иштешкен кесиптештери каскадер айтканынан кайтпаган, баштаган ишин таштабай бекем тартипти туу туткан инсан болгонун эскерет. Ү.Кудайбергенов кайра куруу жылдарында Борбор Азияда биринчи жолу Каскадерлор ассоциациясын негиздеген. Ал чет элдик киночулар менен киностудияларды Кыргызстанга алып келип, түрдүү долбоорлорду ишке ашырган. Мындан сырткары, кыргыз каскадерлорун тарбиялап, башын бириктирген. «Актер чыгармачылык дегенде ичкен ашын жерге коюп, эч кимден жардамын аябаган адам болгон», – деп эскеришет аны замандаштары. Үсөн Кудайбергенов менен чогуу иштешкен кесиптештери каскадер айтканынан кайтпаган, баштаган ишин таштабай, бекем тартипти туу туткан инсан болгонун эскерет. 1995-жылы өлкөдө «Манас» эпосунун 1000 жылдыгы белгиленип, ал чоң иш-чаралар менен коштолгон. Анда Үсөн Кудайбергеновго чабандестерди даярдоо милдети жүктөлгөн. Каскадер эки миллион сомго ат алып, атайын команда чогултуп даярдык көргөн. Бир нече жыл өткөндөн кийин ага “2000-жылы каражатты сарамжалдуу колдонгон эмес” деген кине коюлуп, эки жылга соттолуп кеткен. 1999-жылдагы Баткен окуясында өзүнүн чогуу иштеген балдары менен чек арачыларга жардам берип, 2005-жылдын март айындагы Бишкектеги башаламандык маалында элдик кошуун түзүп талап-тоноолорго каршы туруп, стратегиялык объектилерди коргоо ишинин башында турган. Голливуд, Россиянын Каскадерлор ассоциациясынын мүчөсү, Кыргызстандын Панкратион федерациясынын президенти болгонго жетишкен. Ал кесибин 30 жылдан ашык аркалап, дүйнөгтаанымал Ричард Тайсон, Марк Дакаскос жана Эрик Норрис менен иштешип, бир катар белгилүү киностудиялар менен кызматташып, 300дөн ашык тасмага катышкан. Жеке жашоосунда Кудайбергенов эки жолу үй-бүлө курган. Алгачкы жубайы менен жашоосу келишпей, экинчи жолу өзбекстандык актриса Альмира Исмаиловага үйлөнүп, эки уулдуу болгон. Үсөн Кудайбергенов 2005-жылы 55 жашында белгисиз адамдар тарабынан өз үйүндө атып өлтүрүлгөн. Артында калган эки уулу менен келинчеги чет өлкөгө чыгып кеткен. Укук коргоо кызматкерлери кылмыштын бетин ача алган эмес. Айрым маалыматтар боюнча, ал ишкерлерден мыйзамсыз акча доолаган кылмыштуу топко каршы чыгып, алардын курмандыгына айланганы айтылат.

Жыпар Исабаева «Кыргыз Туусу»