Өзөктү өрттөгөн өспүрүмдөр суициди

Албетте, ансыз да эл экономикалык каатчылыктан каржалып турганда мындай өңүттөгү материалдарды жарыялабай турсак болмок. Бирок, “ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей бул көйгөйгө көз жумуп коюуга такыр болбойт. Себеби, кайдыгерликтин акыры жакшы болбосун жакшы билебиз. Анын үстүнө бул көйгөй Кыргызстандын келечеги болгон өспүрүмдөр маселеси. Тактап айтканда 2020-жылдын дагы бир орчундуу көйгөйү – бул өспүрүмдөр арасындагы суицид (өзүн-өзү өлтүрүү). Какаганга муштаган болуп бул жылы жыл башынан бери өз жанын кыйган өспүрүмдөр башка жылдарга салыштырмалуу көбөйгөн.

Пандемияга байланыштуу карантин жарыяланганы окуучулар аралыктан окушуп, март айынан тарта үйлөрүндө. Психологдордун, өспүрүмдөр иши боюнча инспекцияларынын адистеринин айтымдарында онлайн окуу ата-эне менен балдарга бир топ кыйынчылыктарды жаратып, түшүнбөстүктөрдөн улам үй-бүлөлүк чыр-чатактар көбөйгөнүн айтышат. Анын кесепетинен улам өспүрүмдөр арасында өзүнө-өзү кол салуу, асынып алуу фактылары көбөйгөн. Алсак, ИИМдин Өспүрүмдөр иши боюнча инспекциясынын жетекчиси Нуржан Адылова “24.kg” маалымат агенттигине 2019-жылга салыштырмалуу 2020-жылы өспүрүмдөр арасындагы суицид 50 пайызга көбөйгөндүгүн билдирди. “Быйыл өлкөдөгү суициддердин 70 пайызы окуучулар болуп жатат. Ар бир факты боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Өлүмгө балдардын ата-энеси менен чатакташа ке- тиши себеп болуп жатат. Суицидге баргандардын көбү ата-энесинин бири мигрант болуп жүргөн үй-бүлөлөрдүн балдары. Ошол себептен биз педагогикалык жамаат менен биргеликте интернет аркылуу ата-энелерге кайрылып, балдарга аралыктан окууда көмөктөшүп, жакшы кинолорду алар менен чогуу көрүп, аларга жумшагыраак мамиле кылууга чакырып жатабыз. Чынында азыр социалдык изоляцияда турган балдарга кыйын болууда. Кээде болбогон нерсе үчүн эле бала өз жанын кыйып коюп жатат. Мисалы, быйыл тамеки чеккенин карындашы көрүп калып атасына айтам деп койсо, атасынан коркуп суицидге барган балдар болду. 19-ноябрда Бишкек шаарынын Октябрь районунда 2009-жылы гана төрөлгөн бала ата-энеси менен уруша кетип асынып алды”, – дейт Н.Адылова.

Эске салсак, март айындагы карантин убагында өспүрүмдөр арасындагы суицид көп катталган. 18-марттан 28-мартка чейин эле 12 жаштан 16 жашка чейинки 7 окуучу суицидге барган. Булардын төртөөнүн атасы же апасы жок болсо, экөөсү туугандарынын колунда болушкан. Өспүрүмдөр өз жандарын күндүз эле кыйышкан. Бирок, ошол мезгилде балдардын жакындары алардын каякта жүрүшкөнү менен иштери болгон эмес. Мындай фактылар март айынан кийин да көп катталган. 2020-жылдын 29-мартында Рот-Фронт жана Тельман айылдарында 2008-жылы жана 2004-жылы туулган эки өспүрүм асынып алган. 19-апрелде болсо Бишкек шаарынын Матросов көчөсүнөн М.Э. аттуу 2006-жылы туулган кыз 7-кабаттан секирип жан берсе, ушул жылдын 7-июнунда 15 жаштагы кыз атасы менен уруша кетип Токмок шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен. 10-июнда ал шаардагы кабаттуу үйлөрдүн биринен боюн таштап жан берген. 26-августта болсо Кант шаарында 2008-жылы туулган П.В. өз жанын кыйган. 21-октябрда Бишкек шаарынын Малдыбаева көчөсүндөгү кабаттуу үйлөрдүн 17-кабатынан 2010-жылы туулган Д.Д аттуу бала кулап түшкөн. Кошуналары өз боюн таштаган бала аралыктан окуудан кыйналып жүргөнүн айтышкан. Бул каргашалуу окуялар ата-эне менен баланын ортосундагы түшүнбөстүктөн улам жана балага жеткиликтүү көңүл бурулбагандыктан келип чыкканы көрүнүп турат. Бул жерде бир жактуу карап, ата-энени же баланы айыптоого да болбойт. Психологдордун билдиришинче, өспүрүмдөрдүн суицидге барышына үй-бүлөлүк чыр-чатактар, үй-бүлөдөгү психологиялык, физикалык, сексуалдык зомбулук жана ата-энелердин ичкиликке берилиши себепкер болот. Ошондой эле өспүрүм менен ата-эненин ортосундагы ишенимдин жоктугу, ата-энелердин балага кайдыгерлиги, ар кандай жазалоолор, баланы айыптоо менен коштолгон нааразычылыктар өспүрүмдүн өзүн-өзү баалоосун төмөндөтүп, өзүнө болгон ишенимсиздикти күчөтөт. Мунун баары баланы психологиялык травмаларга дуушар кылат. Демек, өспүрүмдөр арасындагы суициддин көбөйүшүнө учурдагы социалдык, экономикалык факторлор дагы себепкер. Себеби, үй-бүлөдөгү чыр-чатактардын көбү финансы каражатынын жетишсиздигинен улам болот. Бирок, бул жылы жетиштүү үй-бүлөлөрдүн балдары да суицидге барган учурлар катталган.

Алсак, ушул жылдын 11-февралында №64 мектептин 9-классынын окуучусу А.А. №16 мектептин дааратканасындагы видеокамеранын ток өткөргүчүнө асынып алган. Мугалимдердин айтымында, ал мектепте жакшы окуган, спорт менен машыккан шайыр бала болгон. Бул окуядан кийинки иликтөөлөрдө А.А.нын ата-энеси ажырашуу стадиясында экендиги ачыкталган. Демек, суицидге ата-энелердин ажырашуулары да себепкер болорун эстен чыгарбашыбыз керек. ИИМдин интернеттеги маалыматтарына карасак, 2018-жылы 88 бала өз жанын кыйса,

2019-жылы 46 өспүрүм суицидге барган. Ал эми 2020-жылдын алгачкы 3 айында эле 32 бала суицидге барганын Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров айтып чыккан. Албетте, бул расмий катталган гана фактылар. Эгер кыргызчылыкка салып жаап-жашырып койгон фактылар ачыкка чыгарылса өспүрүмдөр суициди мындан да көп болушу ыктымал. Чынында бул цифралар, 4-класстын окуучусунун өз жанын кыйып жатышы ата-энелерди, мамлекет жетекчилерин ойлондура турган көйгөй. Ошондуктан ириде баланын тагдырын ата-эне ойлонушу керек. Андан соң мамлекетти айыптаганыбыз оң болор.

Психологдор айткандай, ар бир ата-эне өзүнүн үй-бүлөлүк мамилелерин анализдеп, үй-бүлөдөгү гармонияны, каада-салтты, баалуулуктарды сактоого, балдарды сүйүүгө далалат кылуусу керек. Өспүрүмдөр менен иштеген соцпедагогдордун айтымдарында, өткөөл мезгилде бала сезимтал, таарынчаак, жаралуу да болуп кетет. Ошол мезгилде ата-эне балага кыйкырып, уруп-сабап, психологиялык кысым жасабашы керек. Тескерисинче, ар бир ата-эненин балага болгон камкордугу, баласынын жасаган ар бир ишин, чечимин түшүнө билүүсү баладагы ишенимдүүлүк, кайрымдуулук сезимин ойготот дешет адистер. А ата-энесин сүйгөн бала эч качан суицидге барбасы турган иш.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”