Башталганда эле талаш-тартыш жараткан долбоор

Баш мыйзамдын долбоору боюнча түзүлгөн конституциялык кеңешменин иши коомчулукта резонанс жаратып, ызы-чууларга жем таштады.

Бирок сунушталган долбоордун авторлорунун бири, Кеңешменин төрагасы, юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашевдин айтымында аталган долбоордун тез арада иштелип чыкканы тууралуу айтылган сындар негизсиз. “2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзамдын авторлору аны алмаштырууга акысы жок экенин жазышкан. “Мынча жылга чейин өзгөртүү кирбесин” дегенди мен туура эмес деп ойлойм. Баш мыйзамдын өзөгү – эл. Азыркы иштеп аткан Баш мыйзамдын 31-беренесинде адам эркин ойлонууга укуктуу экени жазылган. Муну да ошентип ойлонгон киши жазды. Бүгүнтөн тартып мен ага авторлош экенимди моюнга алам. Бул үчүн кекетүүгө эч кимдин укугу жок. Боло элек режимге “авторитардык” деп баа берип атасыңар”, – деди ал. Аны менен катар кеңешменин төрагасы жаңы долбоордогу президенттин элдик курултайга отчет берерин, аны парламент кабыл аларын, ошондой эле президенттин жоопкерчилиги Жогорку Кеңеште караларын жана ага импичмент жарыялай ала турганын белгиледи.

Президенттикке талапкер Садыр Жапаров жарандык коомдун Конституцияга байланыштуу сынына макул эместигин билдирип инстаграмдагы баракчасына “Бул – диктатураны эмес, элдин кызыкчылыгын көздөгөн

Баш мыйзамдын долбоору. Аталган долбоор 2011-жылдан бери курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн

Баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн Баш мыйзам”,– деп жазган. Аны менен катар жакында эле ЖМКларга берген маегинде референдумга мамлекетте башкаруу формасын тандоо маселеси коюларын маалымдады. Конституциялык кеңешменин төрагасынын орун басары, КРнын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Осмон Тогусаков “Талкууга коюлган Конституциянын жаңы долбоору боюнча оппоненттер бул азырынча долбоор экендигин унутушпаса, президентти эл шайлагандыктан референдумга президенттик же парламенттик башкаруу керекпи деген гана маселе чыгат. Ал эми Конституциянын жаңы долбоорун кабыл алууну кийинки мөөнөткө жылдырабыз. Азыр кеңешмеде чийки беренелерди карап чыгабыз. Садыр Жапаровдун айтканы туура. Анткени президентти эл шайлагандыктан кандай башкаруу керектигин эл гана чече алат. Башыбыздан президенттик башкарууну дагы өткөргөнбүз. Элдик Курултайдын иштөө механизми так жазылган эмес. Эгер аны киргизсек төртүнчү бийлик бутагы пайда болобу деген чочулоолор дагы бар. Андыктан депутат Кенжебек Бокоев айткан “Айрым укуктар парламентте калыш керек, антпесе тең салмактуулук сакталбайт” деген пикирге мен дагы кошулам”, – деди.

Конституциялык реформанын зарылдыгына токтолгон Алмамбет Шыкмаматов бул тарыхый окуя жана мезгил талабы экендигин, бирок конституциялык реформаны эл аралык стандарттар менен, Конституциялык палатанын корутундусун алып туруп, мыйзамдарга ылайыкташтырып, шашпай, 6-7 айда жасалса болмоктугун, азыр баарыбыз ынтымакта президенттик шайлоону өткөрүп алуу зарылдыгын айтууда. Коомдук ишмер Феликс Куловго кайрылганыбызда Баш мыйзамдын жаңы долбоору бийликти узурпациялоого жол ачарын, тактап айтканда, мыйзам чыгаруу, аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктары дээрлик кыскарарын жана мындай башкаруу хан Конституцияга алып барарын айтып, учурда бул башкарууну Түркмөнстан башынан өткөрүп жаткандыгын айтуу менен демократиялык принциптер сакталбаганын кошумчалады. Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Садык Шер Нияз Конституциянын бул долбоору чийки, алешем, бир топ карама-каршылыктар бар экендигин айтып, эгер бул долбоор кабыл алынса эбегейсиз бийлик бир адамдын колуна өтөөрүн айтты. Аны менен катар ушул долбоорду алыпчыккандар элди алдоо менен өлкөдө диктатураны орнотууга алып бара жатканын жана долбоорду демилгеледи дегендердин арасында анын жазылышына катышпагандар бар экендигин кошумчалады.

Ал эми 6-чакырылыштын депутаты Айнура Осмонова Конституциянын жаңы долбоору Жогорку Кеңеште жана коомдун активдүү катмарында талкууга коюлгандыгын, эгер Элдик Курултай институту киргизиле турган болсо, анда Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү кеңештердин эч кандай зарылчылыгы болбой кала тургандыгын билдирди.

Башкы прокурор, Конституциялык кеңешменин мүчөсү Курманбек Зулушев Кыргызстан конституциялык реформа жүргүзүүдө бийлик башындагылардын жоопкерчилиги боюнча маселеге көңүл бурушу керек деп эсептейт. Анын айтымында бизде президенттик башкаруубу, парламенттикпи, эң негизгиси — жоопкерчиликтүү бийлик орношу керек. “Кабыл алган чечим мамлекеттин пайдасына болсо – алкыш, ал эми мамлекетке зыян алып келсе жоопкерчилик тартышың керек. Ошондо жоопкерчиликтүү бийлик орнойт. Президент же өкмөт башчы болуп туруп узурпацияга барсаң же кылмыш жасасаң сөзсүз камаласың.

Мына, бизде мурдагы президент отурат. Бул эреже башталды. Муну эч ким жок кыла албайт. Демек, биз коркпой, президенттик башкарууну тандап, өкмөттү жоюп, президент өкмөттүн башына келиши керек. Президент Жогорку Кеңешке бюджетти коргоп отчёт берет, өзүнүн ички жана сырткы саясаты менен аткаруу бийлигинин ишине түз жооптуу болот”, – дейт ал.

Коомдук ишмер, окумуштуу Турдукан Жумабекова Куранды кандай ыйык деп түшүнсөк, Баш мыйзамыбызды да ошондой эле жогору баалашыбыз керектигин жана буга чейин кайсы бир саясий топтор, партиялар тарабынан Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча ага сунуштар болгондо андан баш тартканын, негизги мыйзамыбызга кол салуу мамлекетти жок кылуу менен барабар экендигин айтат. Ал: “Биз качан гана мыйзамды сыйлап эреже менен жашасак, ошондо гана мамлекет өнүгө алат жана эгемен мамлекетибизди түптөгөндөр, кыргыз элитасынын үстүндө тургандар бийликти кандай жол менен алып жатканын коомчулук көрүп турат, ал биздин тарыхыбыз, аны жаап жашырып кое албайбыз. Укук, мыйзам, эреже, мамлекет деген эмне экендигин билип туруп, саясий нигилизмге барып жаткандык өтө кечиримсиз”, – дейт.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”