Инвестициялык долбоорлор жана кошумча жумуш орундары

Ушул эле республикалык бюджеттин 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө каралган Жогорку Кеңештин жыйынында инвестициялык долбоорлорду жүзөгө ашыруу кошумча жумуш орундарын түзүүнү шарттай турганын Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков билдирди.

«2021-жылдын башында суммасы 142 млн. долларга эсептелген 6 ири инвестициялык долбоорду баштоону пландап жатабыз. Алар ийгиликтүү жүзөгө ашса, 2380 жаңы жумуш оруну түзүлөт. Бул долбоорлордун катарында – Талас облусундагы алтын казуучу ишкананын ишке киргизилиши турат.

«Альянс-Алтын» компаниясы быйыл өндүрүштү ишке киргизүүнү пландаштырган. Бирок акыркы окуяларга байланыштуу пландар өзгөрүлүп, ишке киргизүүнү 2021-жылга жылдырууга туура келди. Аталган ишкананын толук кандуу ишке кириши менен 1000 жаңы жумуш орун түзүлөт», — деп белгиледи Артем Новиков. Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун линиясы боюнча – 100 млн. долларлык, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк линиясы боюнча долбоорлорду да ишке берүү алдында турат.

Буга катар Премьер-министрдин м.а. белгилегендей, учурда жергиликтүү ири бизнес өкүлдөрү менен ички жана тышкы инвестицияларды биргелешип тартуу боюнча иштер активдүү жүрүүдө.

Алдыга коюлган пландарды ийгиликтүү ишке ашырууда эмгек рыногунда оңдуу көрсөткүчтөр жаралып, өлкөдөгү жумушсуздук жана жумушчу күчүнүн агылып кетүү көйгөйү чечилээрин белгилейт Артем Новиков.