Элдин укугу менен адам укугу – бири-бирин толук- таган түшүнүктөр

17-ноябрда Жогорку Кеңештин 80 депутаты тарабынан КРнын Конституциясынын жаңы баяндамадагы долбоору коомдук талкууга коюлуу менен, ошондой эле «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам долбоору боюнча референдумду дайындоо тууралуу сунуш киргизилип, референдумду 2021-жылдын 10-январындагы президенттик шайлоо менен бир өткөрүү каралган.

20-ноябрда Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун тиешелүү жарлыгына ылайык, Конституциялык кеңешме түзүлүп, Конституциянын жаңы баяндамадагы долбоору талкууланууда. Конституциялык кеңешме долбоорду талкуулап, бирдиктүү пикирге келүүнү максат кылат. Конституциялык Кеңешмеге 89 адам мүчө болуп кирген, төрагасы – юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев.

Конституциянын долбоору коомчулук тарабынан бир тараптуу кабыл алынган жок. Колдогондор менен катар, баш мыйзамдын долбоорун сындагандар да болууда. Президенттикке талапкер С.Жапаров Конституция долбоорун сындагандарга жооп кайтарып, долбоордун үстүнөн иштегендерди жана долбоор качан даярдалганын ачыктады. Айтымда, Конституциянын азыр сунушталып жаткан долбоору “Ө.Текебаевдин конституциясы” аталган иштеп жаткан Баш мыйзамга альтернатива катары иштелип чыгып, анын үстүнөн Бекбосун Бөрүбашев, Азимбек Бекназаров, Кадыр Кошалиев жана башкалар иштеген. Бул долбоорго бардыгы болуп, 20 окумуштуу, тарыхчы, ар кандай коомдук ишмерлердин, жарандык активисттердин колу тийген жана сунуштары өткөн. С.Жапаров өзү болсо, буга эки идея киргизген. Биринчиси, премьер-министрдин кызматын жоюу жана Президенттин аппараты менен Өкмөттүн аппаратын бириктирүү. Экинчиси – курултай.

“Ө.Текебаев башында турган Конституциянын айынан азыркыдай сазда отурабыз. Биз элдин кызыкчылыгы үчүн иштей турган Конституцияны сунуштап жатабыз” деп эсептейт С.Жапаров. Конституциялык кеңешме кыска мөөнөттө Конституциянын жаңы баяндамасынын долбоорун ар тараптуу жана калыс талкуулап, жалпы эле коомчулуктун сунушун эске алып, эл үчүн, мамлекет үчүн ак кызматын кыла турган долбоорду элге сунуштайт деген ой бар. Ошентсе да, айрым учурда конституциялык кеңешменин мүчөлөрү тарабынан ойго келбеген, акыл-эске сыйбай турган сунуштар айтылып калууда.

Экс-депутат Нооманжан Аркабаев кеңешмеде: “Мени молдолордун чоң жамааты чакырып, мындай дубай салам айтты сиздерге:

Конституциядан “светтик” деген сөздү алып таштагыла деп. Бирок, “светтик” деген сөздү таптакыр алып салуу туура эместир, анын ордуна алдыңкы илимге жана маданиятка негизделген деген формулировканы киргизсек дейм. “Светтик” деген коомчулуктун басымдуу бөлүгүнүн кыжырын келтирип жатат”” – деп билдирди. Анын бул айткандары бизге жаңылык эмес. Н.Аркабаевге чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жаңы дайындалган жетекчиси, адвокат Акин Токталиев долбоордон “светтик” деген түшүнүктү алып салуу керек деп кескин билдирүү жасап чыккан. Мамлекеттин кызыкчылыгы, улут кызыкчылыгы, Кыргызстандын жарандарынын кызыкчылыгы диний жамааттардын кызыкчылыгынан алда кайда жогору турат. Мамлекеттик кызмат ордундагы адам диний жамааттарга адвокат болгону туура эмес.

Ушул өңүттөн алганда, долбоордун 3-беренесинде: “Элдин укуктары жана эркиндиктери ушул Конституция жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголот” деп ак-карасынан жазылганы колдоого арзыйт. Конституция долбоорундагы “улут укугу” деген түшүнүк өз кезегинде адам укугу деген түшүнүк менен карама-каршы эмес, тескерисинче, бири-бирин толуктаган түшүнүктөр деген ойдобуз.

Конституциялык кеңешмеде өлкөнүн расмий аталышын өзгөртүү маселеси көтөрүлүп, өлкөнүн аталышын “Кыргыз Эл Республикасы” деп өзгөртүү сунушталып жиберди. Кошуна казак баурдастар, өзбек агаиндер менен сүйлөшө калганда, алар: “Силер өз өлкөңөрдү Кыргыз Республикасы атап, чоң революция жасадыңар. Биз Казакстан жана Өзбекстан аталыштарынан “стан” деген мүчөнү ала албай келебиз” дешет.

Кыргыз Республикасы аталышынын өзү “эл” деген түшүнүктү камтыйт, ошондуктан, аны өлкөнүн аталышына баса белгилеп айтуунун кереги жок. Андыктан, баш мыйзам долбоорун талкуулап жаткан айрым азаматтарыбызды бөрк ал десе баш албоого чакырат элек.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”