Кыргыз-Казак университетинде “Абай аудиториясы” ачылды

Абай Кунанбай уулу – казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Ал 1845-жылы 10-августта Чыгыш Казакстан облусунда жарык дүйнөгө келген. Азан чакырып коюлган аты алгач Ибрахим болгон. Ал эми казак тилинде «сактыкты, абайлоону» түшүндүргөн Абай ысымын чоң энеси Зере ыйгарган. Ал 1904-жылы дүйнөдөн өткөн. Абай жалпысынан 170ке жакын ыр, бир нече поэма жазып, 56 чыгарманы чыгыш жана орус тилдеринен казакчага которгон. Алардын катарында Чыгыш поэзиясынын мыкты үлгүлөрү жана А.Пушкиндин, М.Лермонтовдун ырлары, И.Крыловдун тамсилдери бар. Өз ырларына жана котормо ырларына обондорун чыгарган композитор да болгон. Негизги чыгармаларынын бири – «Кара сөздөр». Ал 45 публицистикалы-философиялык ой-толгоолордон турат.

 Абайдын 175 жылдык мааракеси дүйнөлүк алкакта белгиленүүдө. Жакында ЮНЕСКОнун Париждеги штаб-батиринде бул датага байланыштуу өткөн онлайн-конференцияда уюмдун башкы директору Одре Азуле дүйнө жүзүнө кайрылуу жасады. Ал Абайды ааламдын акыны деп баалап: “Планетабыз учурда көптөгөн татаал капсалаңды – санитардык, социалдык, маданият жана билим берүү боюнча кыйынчылыктарды башынан кечирип жаткан азыркы абалда Абайдын насаат сөздөрү, жана гуманисттик “Адамга – адам дос” керээзи бүткүл адамзат үчүн абдан маанилүү. Анын ырларында жазылгандай, катаал, карлуу кыштан кийин гүлүн алып, жаркыраган жаз келет” – деди. Абайдын 175 жылдыгынын урматына арналып, 27-ноябрда борбор шаарыбыздагы Кыргыз-Казак университетинде (ККУ) “Абай аудиториясынын” салтанаттуу ачылуу аземи болду. Аземде Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисовдун университеттин жалпы жамаатына “Абай аудиториясынын” ачылуусуна куттуктоосун жеткизген кеңешчи-өкүл Алмат Тоекин бул окуяны Кыргызстандын билим берүү тармагындагы жакшы жөрөлгө экендигин баса белгиледи. 

– Былтыр Абайдын 175 жылдыгын 2020-жылы өткөрүү тууралуу жарлык чыгарган Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев жалпы улуттук «Егемен Казакстан» гезитинде, быйыл жыл башында «Абай жана ХХI кылымдагы Казакстан» деген көлөмдүү макаласын жарыялап, “Абай жылын” ачып берди. «Казак элинде интеллектуалдуу улутту калыптандыруу идеясы Абайдан башат алды. Улуу ойчул ар бир сөзү менен улуттун ой-өрүшүн өстүрүүнү көздөдү. Ошондуктан, Абайды терең таанууга баса маани бергенибиз жөн. Абайды таануу – адамдын өзүн-өзү таануусу. Адамдын өзүн-өзү таануусу жана дайыма өнүгүп отуруусу, илимге, билимге артыкчылык берүүсү – адамдын баралына келүүсүнүн көрүнүшү. Интеллектуалдуу улут дегенибиз да – ушул. Ошондон улам, Абай сөздөрү урпактын багыт алчу жарык жылдызына ай- лануусу зарыл», –деп жазды мамлекет башчы өз макаласында. – Абайдын асыл мурасы, жалпы адамзаттын баалуулуктарын чагылдырган чыгармалары казак элинин гана ийгилиги эмес, дүйнөлүк маданияттын бир бөлүгү болуп эсептелет, – деп белгилеген А.Тоекин, үстүбүздөгү жылдын башынан бери Абайдын 175 жылдыгы дүйнөнүн булуң-бурчтарында аталып өтүүсү – окурмандардын анын эмгектери менен таанышуусуна чоң дем берип жаткандыгына токтолду. Бүгүн ошондой маанилүү окуяга күбө болуп отурабыз. Ушул өңүттө, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов улуу акын, философ Абай жөнүндө: «Өз элинин интеллектуалдуулугунун, адеп-ахлактык жана руханий маданиятынын күзгүсү катары Абай дүйнөлүк деңгээлдеги улуттук жетишкендик экендиги талашсыз» – деп айтканын эске салгым келет. Казак элчилиги өткөн жылы Абай Кунанбай уулунун кыргыз акындарынын котормосундагы «ªлөң сөздүн падышасы» деген ыр жыйнагын чыгарууга колдоо көрсөткөн эле, быйыл белгилүү жазуучу, публицист Айдарбек Сарманбетовдун которуусунда жарык көргөн Абайдын «Кара сөздөр жана поэмаларына» демөөрчүлүк жасады», – деп элчиликтин экинчи жетекчиси Алмат ТОЕКИН авторго зор эмгеги үчүн, ал эми университет башчылыгына, кызматкерлерине, студенттерине аземди уюштурганына ыраазычылыгын билдирди. Аземди алып баруучу

Кыргыз-Казак университетинин проректору Гани КЕРИМБЕКОВ:

«Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жоомарт Токаевдин быйылкы жылды Абайдын чыгармаларын боордош элдерге, чет өлкөлөргө таанытуу тилегине үн кошуп, Казакстан-  дын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов менен университетибиздин ректору Алтай Казмагамбетов кеңешип, окуу жайыбызда “Абай аудиториясын” ачууну ниет кылышкан. Пандемиянын башталып кеткендигине, жайкы каникулга жана шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу жыл аягына жакын болсо да аудиториянын ачылганына курсантпыз. Эми студенттерибизге мындан ары Абайды кеңири окууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Университетибизде казак тилинин сабагы бар, буюрса, келерки окуу жылында ага адабиятты кошумчалайбыз. Абай чыгармалары жаштардын “өмүрлүк китеби” болсо дейбиз”, – деп сөз кезегин иш-чаранын башкы кейипкери – жазуучу, котормочу А.Сарманбетовго узатты.

 Эл аралык коомдук поэзия академиясынын башкы директору, «Түрк ааламынын адабияты» журналынын башкы редактору Айдарбек САРМАНБЕТОВ  өз сөзүндө жыйырмага жакын улут жазуучуларынын чыгармаларын орус тилиндеги нускаларынан кыргызчага которгонун айтып, котормолорунун туу чокусу түп нускасынан которулган Абайдын «Кара сөздөрү» болгонун белгилеп өттү. «Тоо алыстан көрүнөт. Ага жакындасаңыз, ал бийиктей берет. Абай да ушундай бийик. Котормолорум аркылуу анын бийигине жол салганыма кубанып, жетине албай турам. Окуңуздар. Бийикке чыгыңыздар. Адамгерчиликтин бийигинен көрүнүңүздөр», – деп ал аземдин катышуучуларына жана студенттерге чакырык салды.

Андан кийин сөз алган ККУга караштуу колледждин директору, юридикалык илимдердин кандидаты Ергали АБДИКАИМОВ: «Абай аудиториясынын» ачылгандыгы окутуучулар, студенттер жана колледж окуучулары үчүн чоң саамалык болуп отурат, азыр Айдарбек агабыздын сөзүнө кошумчаларым – Абайдын кара сөздөрү бешиктеги баладан, ашуу-ашуу белден ашкан ата-энелерге да керек. Ичи тунуп турган педагогика. Эмгектөөнү (жөргөлөөнү) баштаган бөбөктөн, бойго жетип эмгекке аралашкан балага берилчү насааттардын баары ушунда баяндалган. Ушундай олуттуу эмгекти которуп, кыргыз элине тартуулаган Айдарбек Сарманбетов агабызга, аны көп нуска менен басмадан чыгарып берген жана университетибизде аудитория ачкан элчиликке «кулдугубуз бар» деди ал.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Абайдын өлөңдөрүн, 45 кара сөзүнөн үзүндүлөрдү жатка айтып берди. Асыресе, орус кызы Алена Мамакинанын кыргызча сүйлөгөнү жагымдуу маанай жаратты.

 Кыргызстан эл ассамблеясынын тутумундагы Кыргызстан казактары ассоциациясынын атынан сөз сүйлөгөн Гүлнара ШҮКҮРОВА

университетте «Абай аудиториясынын» ачылгандыгына байланыштуу казак диаспорасынын атынан элчиликтин жана окуу жайдын жетекчилигине алкоо сөзүн айтты. «Казак – кыргыз бир тууган эл. Бүгүнкү окуя тууганчылыгыбызды тереңдетүүгө да өбөлгө түзөт, эң башкысы Абай сөздөрү – тарбия куралы. Казакстандын мектептеринде башталгыч класстардан баштап, мектепти бүтүргөнчө Абайды окутат. Студенттер да казак тили сабагында окушат. Элчиликтен алынып келген китептерди эми сиздер да окуй турган болосуздар», – деп студенттерге жетишкендиктерди каалады. Аземдин соңунда Алмат Тоекин Казакстандын элчиси Кайрат Нурпеисовдун атынан жазуучу Айдарбек Сарманбетовго, студенттер Мелисбек уулу Мухтарга, Уларбек кызы Нурайымга жана Айдин Дайырбековго «Элчиликтин алкыш катын», окуу жайдын кызматкери Индира Акматалиевага жана студенттер Айсулуу Абдыбековага, Айдана Таалайбек кызына, Алена Мамакинага баалуу сыйлыктарды тапшырды. Ошондой эле, Абай аудиториясына» жана университеттин китепканасына арналып, Абайдын кыргыз тилинде чыккан китептеринин топтомдору белекке берилди.

Абай Кунанбай уулу – казак жазма адабиятына негиз салган улуу акын, ойчул, агартуучу жана коомдук ишмер. Ал 1845-жылы 10-августта Чыгыш Казакстан облусунда жарык дүйнөгө келген. Азан чакырып коюлган аты алгач Ибрахим болгон. Ал эми казак тилинде «сактыкты, абайлоону» түшүндүргөн Абай ысымын чоң энеси Зере ыйгарган. Ал 1904-жылы дүйнөдөн өткөн. Абай жалпысынан 170ке жакын ыр, бир нече поэма жазып, 56 чыгарманы чыгыш жана орус тилдеринен казакчага которгон. Алардын катарында Чыгыш поэзиясынын мыкты үлгүлөрү жана А.Пушкиндин, М.Лермонтовдун ырлары, И.Крыловдун тамсилдери бар. Өз ырларына жана котормо ырларына обондорун чыгарган композитор да болгон. Негизги чыгармаларынын бири – «Кара сөздөр». Ал 45 публицистикалык-философиялык ой-толгоолордон турат.

«Кыргыз Туусу» Назарбек Байжигитов