Жазуучулар көкүрөгүн өйүп турганды ачык жазышпайт

Азыркы учурда акын-жазуучулар, адабий китеп сатып бизнес кылгандар жан багып кете алышабы? Жаштар эмне үчүн китепти аз окушат? Аларды кызыктырган жанр кайсы? Төмөндө ушул суроолорго жооп издедик.

“Мени мурда совет өкмөтү багып келсе, бүгүн «Агындылар» багып жатат”

Акын, жазуучу Шайлообек ДҮЙШЕЕВ совет доорундагы китептер менен учурдагы китептерди салыштырып, анын абалына токтолду:

Совет доорунда Кыргызстан китепти көп окуган өлкөлөрдүн катарында эсептелип келген. Ал мезгилде идеологияга байланыштуу ар бир айылдын жана мектептердин өзүнүн китепканалары болгондугу ырас. Каалаган китебиңди китепканалардан жазылып алып, окуп турганга мүмкүндүк кеңири болгон. Акын-жазуучулардын китептерин мамлекеттик басмаканалар акысыз басып чыгарып, китеп жазгандыгы үчүн мамлекеттен гонорар алып турчу. Ошондуктан өмүр бою иштебей, үйлөрүндө олтуруп алып, жылына бирден китеп чыгарып коюп, бала-бакырасын жакшынакай багып, жакшынакай жа- шай берген жазуучулар көп болгон. Анткени алардын китеп жазып тапкан акчасы жашоосуна кенен жетчү.

Жазуучулар өздөрүнүн китебин эл окуйбу-окубайбы, аны менен иши болгон эмес. Окубаса да, окуса да эл арасында коммунисттик партия аларды пропагандалап, урматтап-сыйлап, ардактап турган. Бирок ошол кезде көп окулган китептер да болгон. Алар: «Манастан» тышкары К.Жантөшевдин «Каныбеги», М. Элебаевдин «Узак жолу», А.Токомбаевдин, Т.Сыдыкбековдун китептери, А.Осмоновдун, Б.Сарногоевдин, С. Эралиевдин, С.Жусуевдин ырлары, кийин Ч.Айтматовдун, андан кийин Т. Касымбековдун, К.Осмоналиевдин, А.Стамовдун, Б.Жакиевдин, К.Жусубалиевдин, Т.Кожомбердиевдин, О.Султановдун, Ж.Мамытовдун жана башкалардын китептери болду.

Кыргызда бүгүн биз окуй турган, биз тамшанып, элибизге ушулардын жазган ырларын окугула деп айтып жүрө турган акындар бар. Алар – Калчоро Көкүлов, Нуралы Капаров жана Жыргалбек Касаболотов.

Азыр акын-жазуучулардын чыгармаларына болгон кызыгуу мурдагыдай эмес. Акын-жазуучуларга мурдагыдай жазганы үчүн мамлекеттен калем акы төлөнбөйт. Китеп жазып жанын баккан жазуучулар бизде дээрлик жокко эсе. Көркөм китеп аз окулгандыктан андай китептердин нускасы да аябай аз. Бизде китептер көп болсо 2 миң нускада, болбосо 300-500, ашып кетсе 1000 нускада жарык көрөт. Мындай нускада жарык көргөн китептерин сатып, жазуучу жан бага албайт. Анткени калкыбыздын саны болгону 6 миллион,10 миң китеп окурман барына көзүм жетпейт.

«Агындылар» алгач 2013-жылы жарык көргөн. Ошол жылдан бери түгөнгөн сайын жылда басылып келе жаткан алгачкы жана биринчи жолку китеп болду. Китепти «Супарадан» маркум Чубак Ажы сатып алып, кумарланып, окуп чыгып: «Мен көп китеп окуган кишимин, бирок мынчалык жагымдуу китепти биринчи жолу окушум» деп ыраазы болгон эле. Китеп жазсаңар, «Агындылардай» китеп жазгыла деп айтаар элем. Менин жана үй-бүлөмдүн ушул кыйын заманда кыйналбай-этпей жашашына «Агындылар» аябай эле жардамын берди, берип да жатат. Илгери эле Табылды Эгембердиев «Эй, жетим, бул китеп эми сени өмүр бою багат», – деп айткан эле. Чынында эле мени мурда совет өкмөтү багып келсе, бүгүн «Агындылар» багып жатат.

Азыр эми адабиятта «агындылар» деген өзүнчө адабий жанр пайда болгонун айта башташты. 2014-жылдан тартып өздөрүнүн «агындыларын» жазган кыргыздар көбөйдү. Мен алардын көбүнө ийгилик кааладым.

“Заманга ылайыктап жазуучуларыбыз мыкты чыгармаларды бериши керек”

Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан КАЛЫБЕКОВ: «Кыргыз адабий китептери эмнеге көп окулбай жатат? Алардын нускасы эмнеге аз болууда?» – деген сурообузга төмөндөгүдөй жооп берди:

– 1990-жылдарга караганда, 2010-жылдан бери кыргыздар китеп окуп калды. Анын үстүнө заманыбыз интернет заманы. Элдин баары эле соцтармактарда отурат. Ал жакка өздөрүнүн чыгармаларын коюп жатышат. Андан сырткары электрондук түрдө китептер чыгып жатат. Китептер чыгып эле жатат, бирок аз санда. Алар элге жакшы жетпей жатканын байкасак болот. Автор азыр өзүнүн жеке каражатына чыгарат. Анан алар деле алына жараша иш кылышат да. Нускасы ашып кетсе 500 нуска, 1000 нускадан чыгат. Эң аз дегени 100 нускадан, 50 нускадан чыгарып жатышат. Ошентип 50-100 нуска менен чыгып жаткан китептер коомчулукка жетпейт.

Саясий кризис сыяктуу эле адабият, маданиятта да кризис болгон заман келди. Рынок келгенден кийин элдин баары эле материалдык кызыкчылыктарды жогору коюшуп, руханий кызыкчылыктар төмөн түшүп, баары замандын оош-кыйышына жараша болуп калды. Бирок, Кудайга шүгүр, мыкты эле китептер чыгып жатат. Мына кечээ эле Элмирбек Иманалиевдин 1000 нускада чыккан китеби түгөнүп калыптыр. Эң негизгизи адабий пропаганда, рекламанын күчү керек болуп турат.

Негизи акын-жазуучуларыбыз заманга ылайыктап мыкты чыгармаларды бериши керек. Биздин көп акындарыбыз патриоттуулук, кыйкырык темаларын, замандын оош-кыйышын жазып отуруп алышты. Прозаиктерибиз болсо тарыхый чыгармаларга, керек болсо романдарга чейин кирип кетишти. Замандын суроо талабын билишпей, аябай көлөмдүү, 800 беттик романдарды чыгарып жатышат. Азыркы заманда аябай чоң эпопея, чоң чыгармаларды окушпайт. Коом ушундай болуп кетпедиби. Андыктан замандын талабын дагы биле жүрүүлөрү керек деп ойлойм. Массалык жана интеллектуалдык адабият деген бар. Детективдик жанрлар, массалык чыгармалар аябай көп окулуп жатат. Менин байкашымда детектив жанрында нускасы 10-20 миңден, 100 миңден ашып кеткен китептер бар.

“Колунан келсе, бизнес кылып алып кетүүгө дагы болот”

“Данек” китеп дүкөнүнүн кызматкери Бегимай АДЫЛБЕК кызы өтүмдүү адабий китептерин атап, алар менен бизнес кылса болорун айтты:

– Учурда “Бир адамдан бир китеп” долбоорунун алкагында айыл жерлеринин, региондордун окурмандары үчүн китеп алгандар, адабий китептерди сураган окурмандар көп. Колунан келсе, бизнес кылып алып кетүүгө дагы болот. Ал бизнесмендин өзүнөн болсо керек деп ойлойм. Биздин дүкөндөн көп учурда Ч.Айтматовдун, Б.Сарногоевдин, Ш.Дүйшеевдин китептерин сурагандар арбын.

“Бул китептердин баасы да элдин чөнтөгүнө туура келет”

Аянттагы жайма китептердин сатуучусу Алымбек ЖЫЛДЫЗБЕК уулу эң эле өтүмдүү адабий китептерди атап берди:

-Айрыкча, З.Сооронбаеванын “Жетимдер”, “Чоо-чун киши”, “Астра гүлү” – деген чыгармаларына талап жогору. Бул китептердин баасы да элдин чөнтөгүнө туура келет. Эң арзаны 200 сом, эки томдуктары 500 сомдон турат. Андан сырткары “Манас” эпосун сурагандар да бар. Көпчүлүк жаштар “Ойлон, ойгон”, “Бай ата, кедей ата” деген бизнеске шыктандырган китептерди алышат.

– Ал эми жаштар кыргыз жазуучуларынан кандай адабий чыгармаларды күтөт? Алардын бүгүнкү жазуучулардын чыгармаларына көз карашы кандай?

Эл аралык Кувейт университетинин студенти Нуркалый МАСАЛБЕКОВ:

– Бүгүнкү күндө кыргыз жазуучуларынан романдарды көбүрөөк күтмөкмүн. Себеби, өлкөдөгү бүгүнкү кырдаалды эмес, өзүбүздүн өтмүштөгү тарыхыбызды роман түрүндө жазуу жазуучунун эң бир жакшы жышааны болуп эсептелинет.

Ошондуктан мен жазуучулардан романдарды, андан тышкары көркөм публицистикалык жанрдагы чыгармаларды чыгаруусун каалайт элем. Анткени, ХХI кылымдагы интернет замандын да адамдардын ой жүгүртүүсү, кабыл алуусу, чыгармачылыгы төмөндөп баратат. Мына ушул нерсени жоюп, адамдарды китепке тартуу үчүн көркөм чыгармалар абдан чоң таасир берет.

“Адабиятта дүң эткен шедеврлер жаралбай жатканы өкүнүчтүү”

Борбор Азиядагы Америка университетинин студенти Нурболот АЗАМАТ уулу:

– Адабияттын тарыхын карай турган болсок, өткөн кылымда бардык жанрдагы чыгармалардын жаралганына күбө болобуз. Тилекке каршы, азыр мына ушундай жигердүү, активдүү жазуучулардын изденүүсүн көрбөй жатабыз. Балким бир жакшы чыгармалар жаралып жаткандыр. Бирок азыр коомдун баалуулуктары өзгөрүп кеткендигине байланыштуу алар элге жетпей жаткандыр деген ой келет.

Менин оюмча азыр шедевр чыгармаларды жазуу үчүн болуп көрбөгөндөй толук мүмкүнчүлүктөр бар. Мурдагыдай цензура, идеологиялык кысым жок. Бирок ушундай шарттарда адабият жаатында дүң эткен шедеврлер жаралбай жатканы өкүнүчтүү. Балким мен жаңылып дагы калышым мүмкүн. Мага ушундай сезилет, азыр акын-жазуучуларыбыз чыгармаларын элдин табитине, каалоосуна, суроо-талабына ылайык кылып жазып калышкандай. Жаңычылдык жок, агымга каршы сүзүү жок. Элдин көзүн ачкан, аң-сезимине төңкөрүш жасаган чыгармалар болбой жатат.

Баары эле эл ушуну окуйт, ушундай жазыш керек дешип, рынокко ылайыктап жаза беришип, ошону менен чектелип калып жатышат. Мындай учурда мыкты чыгарма жаралбайт. Жазуучу өзүнүн үнү, позициясы, багыты менен эч тартынбай, элге чакырык таштай турган чыгармаларды жаратуудан тайманбашы керек. Биздин жазуучулар жүзүн жоготуп алышты. Алар көкүрөгүндө өйүп турган нерселерди ачык жазышпайт, эл эмнени кааласа ошону жаза беришет.

Асель РАМАНКУЛ кызы, “Кыргыз Туусу”