Айдоочу менен патрулдук милициянын кызматкери уруша кетишкен (видео)

Чүй облусундагы Москва районунун Беловодск айылында айдоочу менен патрулдук милициянын кызматкери уруша кетишкен тасма интернетке тарады.

Ага ылайык, патрулдук милициянын кызматкери жол эрежесин бузганын айтып, айдоочунун документтерин суроодо. Бирок, айдоочу документтерин бербей, натыйжада патрулдук милициянын кызматкери машиненин ачкычын алып алганын тасмадан көрүүгө болот.